Айбат » Эрнест Абдыжапаров: “Талант диплом менен эле келбейт…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эрнест Абдыжапаров: “Талант диплом менен эле келбейт…”

Эрнест АбдыжапаровАкыркы жылдары кыргыз кинолору калкыбызды кубандырып элдин купулуна толо турган  кинолорду тартуулашууда. Ошол кинонун көзүн таап, көптөгөн  мыкты кинолорду элге тартуулап келген жана келе бере турган  биздин сыймыгыбыз болгон  кыргыздын сценаристи, продюсери,  кинорежиссёру Эрнест Абдыжапаров менен маек курмакчыбыз

- Көптөн бери көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алек болуп жүрөсүз?

– Мен азыркы учурда кино жаатында эле алек болуп жүрөм, жакын арада «Кекеч» деген мистикалык комедиябыз тартылып бүтүп азыркы учурда монтаж жүрүп жатат. Негизинен бул тасма жаштарга арналган. Кудайым буюрса монтаж жаңы жылга чейин бүтөт, бирок 5 мартта элге тартуулайлы деп жатабыз.

- Дагы кандай кино менен элдерди кубантайын деп жатасыз?

-Шабдан баатыр деп уран чакырып калышты ошого далалат кылып, ошол кинонун  үстүнөн иштейин деп жатам буюрса «Шабдан баатырды» мен тартайын деп жатам, бирок мыйзамдуу түрдө бекий элекмин.

- Өзбектер Индиянын стилиндеги кино тартышат экен. Биздин кыргыз кинолору кайсыл стилге кирет?

– Биздин кинолор өзүбүздүн эле кыргыз стилине эле кирет. Анткени, биз эч кимге окшошпойбуз Индияга, Америкага  жана башкаларга да окшошпойбуз. Биздин өзүбүздүн туубаса өзөгүбүз бар, каада салтыбыз башка. Кыргыз киносу 60 жылдары эле пайда болгон ошол убакта кандай тартылса ошол жүз менен эле келе жатат.

- Келечекте кыргыз киносун кандай элестетесиз?

– Кыргыздын  киносу  жана  айтып кеткендей эле өзүнүн жүзү бар, ошол жүзү менен дүйнө жүзүнө таанылат. Азыркы учурда талантуу балдар кыздарыбыз да көп, жаңы тартылып жаткан кинолорубуз да мыкты тартылып жатат. Мисалы: «Аят» «Курманжан Датка» «Салам Нью йорк» жана башка кинолорубуз мыкты тартылган кинолор десем болот.

- Театрдан окубай эле башка кесиптин ээлери тартылып кинонун баркын кетирип жатат дегенге кандай карайсыз?

– Актёрдук мастерствону театрдан окуп бүтүп дипломун колуна  кармап келген  кыздар балдардын  таланттары жок болуп калган да учурлар кездешет  же болбосо биз тартып жаткан киного кебете кешпири туура келбей калат. Мисалы: «Курманжан Датка» киносун тартып жатканда курманжандын ролуна кыздар табылбай калды, театрды бүтпөгөн эле Элина Абай кызын алышып, өзүнүн ролун мыкты аткарып бербедиби, мына ушундай учурлар көп кездешет. Бул жерден жалпылап айтууга болбойт, бул жерде талант болуш керек, талант диплом менен эле келбейт, туубаса талант болот мына Сүймөнкүл Чокморов талантуу актёр болгон, азыркы кезде ага жете турган актёр жок. Бирок, ал театрды окуп бүткөн эмес, өзүнүн кудай берген таланты болгон. Азыркы учурда дагы көбүнчө кинону өзүлөрүнүн акчаларына тартышат,  экономдош үчүн тегерегиндеги жакын досторун тартат, ал эми кастинг жарыялап актёр алышса алар акча сурашат. Мындай  учурлар  көп кездешет. Театрдан окубай эле башка кесиптин ээлери тартылып кинонун баркын кетирип жатат дегенге кошулбайт элем.

Жеңиш Шерипбаев

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru