Айбат » Сабырбекке ыраазымын

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сабырбекке ыраазымын

Жумабеков СабырбекЖакшы тилек жарым ырыс,

Жабыркаган элиңе ишиң дурус.

Жаңылба балам жаңылба,

Ырыскы турат кашыңда.

 

Сабырбек Артисбековичге көптөн бери тилек айткым келип жүрөт.  Бирок,  кандай кылып жеткиреримди билбей ойлонуп атып көп убакыт өтүп кетиптир.

Сөз башынан болсун:  баянымды кыскача айтайын. .   Бул дүйнөдө ата-энеге эң биринчи баалуу, барктуу, ыйык  бул бала экен да.  Менин уулум  Улан Иманалиев мындан эки жыл мурун машинадан авария болуп, белиндеги омурткалар жылышып кеткен. Чалым экөөбүз балам үчүн аябай сарсанаа болуп, эмне кыларыбызды билбей айлабыз алты кетип атканда абышкам экөөбүз ары ойлонуп, бери ойлонуп атып   Жумабеков Сабырбекке барып сүйлөшүп, кеңешип келели деп чечим чыгарып, абышкам жөнөп кетти. Үйдө отуруп мени катуу ойго батырган нерсе бул акча каражаты болду.” Кымбат сураса кантип, кайдан акча табабыз, аны кайра кантип кутулабыз” деген.  Азыркы заманда болбогон кичикий нерсеге көп суммадагы акча сурап жатып калышат эмеспи. Бир нече убакыт өткөндөн кийин абышкам күлүп жайнап, маанайы көтөрүңкү болуп кирип келгенде эле “сүйлөшүү биз ойлогон баа болгон экен” деген ой менен абышкамдан “Ии эмне дейт” деп шашылып сурасам, абышкам “  ал аябай жакшы адам турбайбы “ дейт. Менин оюмда “ баягы тойбос врачтардын бири го” деп жүргөм, көрсө  адамгерчиликтүү адам экен, биздин абалыбызды түшүнүп “колуңардан келсе 10 миң сом болот “ дептир. Мен аябай сүйүнүп ыйлагым келип кетти, баламды бар десем азыркы күнгө чейин коркуп барбай жүрөт..

“Жумабеков Сабырбек  ал ушунчалык жөнөкөй, билимдүү, адамгерчиликтүү адам. Ал түшүнүү менен  ооруган адамдарга арзан жасайт” деп элдерден  көп угам. Менин  кудагыйымдын бутун арзан жана жакшы жасаганын өз көзүм менен көргөм. Мен ушул балдарыма кандай өмүр, ден-соолук тилесем да Жумабеков Сабырбек балама да  ошону тилейм.    Мен өзүм көп ооругандыктан көп врачтарды угуп, көрүп жүрөм. Бирок, Жумабеков Сабырбектейди чанда гана угам. Мен ушул сыяктуу врачтарга баа берем, баалайм.  Газеталардан да окуп жүрөм  үйү жок көчөдө үйү жок калган кишилерге (бомждарга) кышында палатадан чыгарбай айыктырып жардам берет экен. Мындай жардамды жада калса акчасы бар миллионерлер да бербейт, алардын колунан да келбейт. Жумабеков Сабырбектей адамдар бизде көп болсо кана. Кудайымдан ак дилимден, ниетимден Сабырбекке ден-соолук, иштерине ийгилик жана ушул адамгерчилигинен эч тайбай элге өз жардамын, мээримин берип жүрө берсин.

Кийгениң болсун ак халат,

Пейлиңде жансын ак талант.

Кыйналганды сакайтсаң,

Үстүңөн түшпөйт ак халат.

 

Бак кетпесин башыңдан,

Кетпесин күлкү кашыңдан.

Бакытка байлык уланып,

Үй-бүлөөң турсун кубанып.

Көк-Жар айылынын тургуну Гүланда Исабекова

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru