Айбат » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы. 3-бөлүм

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы. 3-бөлүм

Уландысы (башы өткөн санда)

Чоң Чарык уруусуОкурмандардын суроолору боюнча кайрадан тарых беттерине кайрылабыз…

Каройдогу чоңчарык эли Карагул баатырдын тукумдары. Карагул казактын Сан-Барак, Абылай хандары Талас, Чүйдү басып киргенде, жоого каршы аттанган Эсенкулдун кол баштаган жигиттеринин бири болгон. Бир кызы Үкү апаны Эсенкулдун Куттуксейит деген уулуна берген. Андан учурунда топ жарган Шамен туулган. Казактар Жайыл кыргынын салып, Чүйдү жамырап каптап киргенде, жанын аябай салгылашып, азыркы Токмокко чукул тоонун этегинен кайтыш болгон. Азыр да анын көзү өткөн жерди Карагул-Булак дешип, Токмоктогу сарбагыш туугандар ыйык мазар катары көрөт. Илгери Карагул-Булакка жакын сарбагыштардын көрүстөнү болгон, бир ирет бирөөнү коюп жаткан кези экен, Балбак баатырдын (Шамендин небереси, болуш) келе жатканын көргөн Шабдан баатыр ичи жылып: «Балбактар, топурак салышсын» -деп көмдүрбөй турат. Балбактар топурак салмак түгүл, урган боюнча өтүп кетип калышат. Карагул ууктун боосу менен курчанган экен, сөөктү алып келгенде энебиз эсине түшүп, ууктун боосунан улам тезирээк тапкан дешет. Турмушта боло берет, кээде жумуш кылып жатып, шым шыпырыла бергенинен жип менен байлап койосуң, анан чече албай калганда Карагул ата эске түшөт. Ошол Эсенкул заманында калмактан көп кул жыйнап алган экен. Бир күнү Эсенкул баатыр сыртка чыгып кетсе, кулдары качкан экен. Эсенкул келсе кулдары жок, ал артынан Жунгарияны көздөй жөнөйт. Кул деле пул да. Таңга маал тапкан экен, карашса бир тобу талаада эле дырдайып жатат дейт. Жети кулу алачык тигип, ичине жатып алыптыр. Эсенкул баатыр: «Өз жанын бакпаган, менин жанымды бакмак беле» -дешип, алачык жасагандан эринип талаада жаткандардын барын жигиттерине кырдырып, жети кулун алып келет да, эки-үчөөнү кыздарынын калыңына солто элине берет. Ошол жети кулду пааналап, бир топ калмактар өздөрүнчө үйүр болуп алышкан. Солтодо Жоочалыш, Көгөйлөр жакын деп жүрүшөт.  Сарбагышта  калмакылар, Эсенкулдун Абдыраман, Шооругун жандаган жети кулдар бар. Кыргыз ичинде тууган таарыныш деген болгон. Ормонханга таарынышып Надырбектер деле бугуга кирип кетишип, сарбагышка каршы урушкан. Ал эми Эсенкулдун заманында Балыктын чоң атасы Курманбектер Эсенкул менен эрегише кетип, бир топ чоңчарык Кетмен-Төбөгө кетип калышкан. Андан ары Балыктын атасы Кумар Таласка кетсе, Балыктын тукуму Байтикте. Карагулга аталаш Бирке, Байкемпир, Байбото сыяктуу туугандары Кочкордо калса керек.

Ормон кийин хан болгондо өзү Орто-Токойдо калып, өзүнүн бир туугандары:

Телегейи Тегизбек.

Босогосу Болотбек,

Болуп турган Ниязбек.

Ормон, Субан, а да бек,

Бердикожо Бердибек.

Ажы, Шатен, алты бек,

Ырыскулбек, Кожобек.

Ниязбектин сегиз бек,

Телегейи тегиз бек.-болушкан.

Ормон: Бердибек, Бердикожо, Рыскулбек, Кожобек, Ажы, Шатендерди Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаага көчүргөн. «Чоң чарыктар Мантышта, чогула албай тантышты» – деген кеп бар. Ормон хандын убагында чоңчарыктар Мантышка чогулушуп кеңеш курушгкандан калган. Рыскулбекти ээрчип Карагулдун Орус деген уулунун тукумдары Ат-Башыга кетишет, дагы бир топтору Жантайдын артынан Кеминге кетишет, азыркы Кум-Дөбөдө турган өйүздүк туугандарыбыз Төрөкелди менен күн батышка кетет.

Эсенбай эс тарткан маалда чоңчарыктар бөлүндү болуп калыптыр. Эсенбайдын бала кези сарбагыш-бугу чабышына туура келип, жалаң ый угуу менен өткөн дейт. Калп айткан менен болобу сарбагыштар түтүнмө-түтүн ошол чабышта кайтыш болуп, ар бир боз үйдө эле өкүрүк чыгып турган экен. Ал мезгилде сарбагыш азыркы казак жерлери, көлдүн тескейин ээлеп, биягы Рыскулбектер Ат-Башыга чейин ээлеп калышкан. Башкысы, сарбагыштын бир уругу болуп эсептелген чоңчарыктын тарыхын Эсенбайдын өз көзү көргөндөрүн баяндагым келген. Бул жерде чоңчарыктар кантип чогултулуп Каройго кандайча келип калган деген сөздөрдүн жандырмагы чечилет. Мен бул тарыхты хроникалуу берейин деп ойлогом. Бирок, өйүздөгү туугандар да өздөрүнүн тарыхы тууралуу билгиси келгенин угуп, алар тууралуу да маалыматтар бар экенин эскерте кетейин. Атам Келдибек айткан: өткөн кылымдын 60-жылдары  чоң апам Сүйүндүн көзү өткөндө өйүздөгү чоңчарыктар келип катышып, ал эмес ражасын чогултуп беришиптир. Ал мезгилде атам да башкарма болсо керек. Кара-Суу жаңы салынып, үйлөр аз, тиягы Бекдөөлөттүкүнө чейин, биягы Кермакундукуна чейин эл кирип, жаштар батпай калды дейт. 60-жылкы жаштар азыркы сакалдуулар болсо керек, аларды дөңгө чогултуп, мүчөсүн, акчасын берип, жайын түшүндүргөнбүз дейт. Демек 60–жылдары өйүздөгү чоңчарыктар менен ражабыз бир болгон экен. Негизи сейректеп калса керек, кийин ража үзүлдү.

Белгилүү акын Барктабас Абакиров лениндик чоңчарыктан. Анын Акбар деген акимчиликти бийлеп тың чыгып келаткан баласы бар эле. Талант Калчаев менен жашташ, анан жакшы мамиледе эле. Мени болсо иним деп койчу. Кийин баласы балык жеп кайтыш болду, өзүнүн да көзү өтүп кетиптир деп угуп калдым. 1860-1870-жылдары кыргыз эли үчүн өтө оор кырдаал түзүлгөн. Көпчүлүк эл бөлүнгөн, Ормондун кунун кууйм деп жүрүп сарбагыш чачылган. Жантай уулу Шабданга бийликти берип, тынч Кеминде жатып калган. Россия менен түзүлгөн келишим боюнча сарбагыштардан Ысык-Көлдүн күңгөйү бүт алынган, ал жакта Калыгулга окшогондордун күмбөзү калды. Ормонхандын уулу Үмөталы орус менен урушуп Кытайга кирип кеткен. Үмөталыдан 2000ден ашык түтүнү менен Шамен бөлүнүп чыгып, Россияга кошулган. Эсенбайдын жаштыгы ушундай албуут заманга туш келген. 1861-жылы 15-сентябрда сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Ырыскулбек Ниязбек уулу, Ажы Ниязбек уулу (Ормондун инилери), Адыл Субан уулу жана Калыгул Алыбек уулу орус генералы Г.А.Колпаковскийге кат жазышып Россиянын курамына кошулат. Шамендин балдары тың чыгып, Кочкордун бир ыптасында бийликти бербей калышат. Деги эле Бугуда Боромбайдын күнү бүтүп, Тилекматтын Чыныбайы тейлеп калат, Солтодо Жангарачтын күнү бүтүп бийлик Канайдын токолунун баласы Байтикке өтөт. Баягыдай  өзүмдү өзүм билем деген күчтүү сарбагыш болуштуктарга чачырап кеткен. Акыры Кытайдан Үмөталы да келет. Байтик Солтону бийлеп калат, Надырбектин тукуму Апар апабызды алганы Кочкорго келип калат. Байтик сартка окшош анан токолдун баласы болгондуктан, Жангарачтар «сарткул» деп коюшчу экен. Үмөталы Байтиктин күйөөлөп келгенин угуп, ал отурган өргөөгө барат.

-Ии «сарткул» келген экенсиң кыз аңдып, сени көргөндөр байкабай сарт кул экен деп, өлтүрүп салбасын. –дейт Үмөталы жөн сүйлөбөй.

-Мен го «сарткул» болгонум үчүн Рахманкул сарттын башын Бишкек чебинен алдым. А сен эмне жүрөсүң, ушул кезге чейин өз атаңдын кунун доолай албай. – деп Ормон хандын кунун алалбай калган Үмөталыны Байтик каптап чыгат. Үмөталы эшикке шарт бурулуп чыгып кетип, сарбагыштар менен күйөөлөп келген Байтикти чаап салгысы келет. Бирок Шамен баштаган сарбагыштын аксакалдары бир тууган бугу менен да чабышсак, эми солто менен чабышабызбы деп, сарбагыштарды тыйып, Апар апаны каада менен узатып жибериптир.

1875 – жылдары ак таңдай Балык сарбагыштагы туугандарына көчүп келет. Шан-шөөкөттү көп жактырбаган Шамен ит келдиби, куш келдиби деп, ага көңүл бурбай койот. Ал чоң чарык туугандарынын айлында эки –үч жылдай жашап калат. Ошол мезгилде Эсенбай эл оозуна алынып бараткан мезгил экен. Жанагыдай элдин тынчы кетип туш –тарапка бөлүнүп, бир жерге чогула албай турган кези. Балык келерден бир аз мурунураак Шаменди туур кылып жүргөн Байботонун көзүн Шамендин жигиттери көгөртө чабат. Чоң чарыктардын аксакалдары Шаменге барып арызданууну чечишет. Тагай деген аксакал чоңчарыктар болгон экен, булар кантсе таякеси эмеспи деп отузга толо элек Эсенбайды кошуп алышат. Шамен ак өргөөдө отуруптур, чоңчарыктар кирип келгенде көп жактырган жок дейт, кекээрлеп сүйлөп, сакалдуулардын бары баштарын катып, отуруп беришиптир. Аларга аякка кымыз тартылып, эч ким үн катпай эле, тынчтык өкүм сүрүптүр. Ошол маалда улагада отурган жаш Эсенбай тизелеп отуруп, он төрт аяк кымызды катар бастырып жибериптир. Мен көбөйтүп отуз аяк деп койом, бирок, эсинде калганына караганда, он төрт аякты ичип жибергени чын болсо керек. Бир кезде куш жаздыкта чыканактап отурган Шамен:

-Ии, чоңчарыктар суутуп койгону келдиңерби? Ырыскулбекке барып, ымырылып келдиңер, Төрөгелдиге барып, төмүрүлүп келдиңер, Жантайга барып, жамырылып келдиңер, эми мага эмне келдиңер? –деп катуу айтты дейт. Аксакалдардын бары Байботону унутуп, башын жерге салып, унчукпай калышыптыр. Ошондо, камчыны жерге сайып таянып, ачууланып Эсенбай айтыптыр:

-Ырас, чоңчарыктар Ырыскулбекке барышты, ымырылып келишти, бирок, башы-көзү бүтүн келишти, Төрөгелдиге барышты, төмүрүлүп келишти, кудай жалгап ал жактан да бүтүн келишти. Жантайга барышты, жамырылып келишти, ал жактан да бүтүн келишти. Эмне Шаменде калгандар жыргап кетиптир деп ойлоп атасызбы, мына караңыз… Көрсөткүлө!

Боз үйдүн эшиги шарт ачылып, бети башы көгала Байбото кирип келиптир, куш жаздыкта чыканактап жаткан Шамен аны көрүп, шарт эле оодарылып:

-Көрсөткөн экенсиңер көргүлүктү, алдына түшкүлө, акмактар! –деди дейт.

Ошол жерден эле кысыр эмди тай союп, чоңчарыктарды коноктоп, Байботонун алдына түшүп, аттап-тондоп узатышыптыр. Сөз билген Эсенбайдын эл алдында баркы өсүп, Шамен аны чоң иштерди  бүтүрүүгө жумшай баштайт. Генерал Колпаковскийдин комиссиясына кошулуп, орус-кытай чек арасындагы 1881-жылкы келишимдерди түзүп, чек араларды тактоо боюнча сарбагыш элинин атынан катышат. Шайлоолордо Эсенбай бий шайланып, Шамен улуу Байтерек болуштан сегиз жаш кичүү болсо, андан кийин болуш болгон Байтерек уулу Балбактан сегиз жаш улуу экен.

Балык сарбагыш ичине көчүп келгенде, Эсенбай бир айыл элге сөзү өтүмдүү болуп калган кези. Балыктын санжырасын толугу менен угуп, эсинде сактап  калат. Ал эми ошол мезгилде тестиер  иниси Шапак Рысменде уулу тууралуу туура эмес маалыматтар берилген. Биринчиден, Балык чоңчарык элинде жашаганда  Шапак 13 жаштын тегерегинде бала, сөз жок Балыктын айткандарын угуп, тыңшады, бирок атагы ай – ааламды чапчыган Балыкооз, өспүрүм Шапакты коштоп албагандыр. Шапак каякка барса да Эсенбайды ала жүргөн экен. Шапак Эсенбайдын көзү өткүчө анын көзүнчө «Манас» айтпаптыр, бул адат сарбагыштарда бекем болгон окшойт. Экинчиден, эмнегедир 1863-жылдары туулган Шапак  Рысменде уулунан бир топ жаш кичүү ошол эле жерде өскөн 1868-жылдары туулган Сагымбай Орозбаковду Шапактын устаты катары жаңылыш эсептешет. Сагымбай кийин залкар манасчы болсо болгондур, бирок ал балыктын ырын уккан Шапактан кийин чыгып жатпайбы. Шапак 13 жашында Балыкты угуп, «Манас» айта баштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
Каныбек САПАРОВ

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru