Айбат » Пайдалуу кеңеш: жүгөрү (маис), дүлөй чалкан, зире, дарбыз, жаңгак, жүзүм, долоно

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: жүгөрү (маис), дүлөй чалкан, зире, дарбыз, жаңгак, жүзүм, долоно

Жүгөрү, маисЖүгөрү, маис

– дандуулар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк түрү. Анын бийиктиги 50-80 см ден 5-6 м-ге чейин жетет. Тамыры тарамдуу, жерге 100-150 см кирет. Жылуулукту көп керектейт. Күзгү суукту көтөрө албайт. Жүгөрү – баалуу өсүмдүк. Анын данында 9-12 белок, 4-6 май, 65-70 углевод жана A – провитамини бар. Жүгөрүдөн ун, акшак жасалат. Пиво, спирт жана консерва өнөр жайында кеңири колдонулат.

Жүгөрүнүн чачысында ар түрдүү биологиялык активдүү заттар (ситостерин, май, эфир майы, чайырлар, К, В1, В2, В6, Д, Е витаминдери ж.б.) бар.

Жүгөрүдөн чыгарылган май атеросклерозду алдын алууда жана дарылоодо колдонулат, ошондой эле жүгөрүнүн майы, чачысынын маңызы өт айдама касиетке ээ. Жүгөрү майында Е витамини көп, ал тери ооруларын дарылоодо колдонулат.

 

Дүлөй чалкан

Эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүгү. Анын сабагы жашыл, түз, ачаланган, бийик. Астыңкы жалбырактары тегерек же жумуртка сымал, беш ачалуу, ортоңкусу эллипс сымал же үч ачалуу,түктүү, саптуу, үстү кочкул жашыл, асты малаа жашыл. Гүлдөрү эки эриндүү: жогорку эрини-кызыл, астыңкысы сары, гүл жан жалбырагы тикендүү. Июнь айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Адырларда, тоонун этегинде өсөт. Гүлдөгөн учурда чөбү терилет. Химиялык тутумунда алкалоиддер, ийлөө заттары, эфир майлары, флавоноиддер (кверцетин, рутин), витаминдер (А,С) бар. 70 спиртке чылап жасаган тундурмасын невроз, гипертониялык оорусунда, миокардитте колдонсо болот. Ошондой эле чайга окшош демдеп ичсе болот. Ал үчүн 15 минута демдеп, 45 минута муздатып, чыпкалап, 1/3 – 1/2 стакандан күнүнө 1-2 маал, тамакка 1 саатка чейин чсе болот. Бул чай 2 сутка гана сакталат.

 

Зире

– бийиктиги 30-100 см болгон эки жылдык же көп жылдык чатыр гүлдүүлөр тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Сабагы жылма түз, бутакталган. Жалбырактары кезектүү, канаттай татаал жалбырак. Топ гулү – татаал чатыр. Желекчелери 5, ак же мала кызыл. Уругу узунча же кыска эллипс сымал, эки сүйрү бир уруктуу мөмөгө бөлүнөт. Май-июлда гүлдөйт. Тоолордо, жайлоодо өсөт. Өлкөдө ар кайсы райондордо остүрүлөт. Сырьё катары зиренин уругу жыйналат.

Зиренин уругунда 3-7 эфир майы, 15 өсүмдүк майы, 10-20 белок заттары, 4 ийлөө заттары ж.б. бар.

Негизги таасири: тамакка мейил тарттырат, ич көпкөндө жардам берет, өт айдама касиети бар. Эмчек эмизгендердин сүтүн көбөйтөт, заара айдайт, какырыкты чыгарат. Сеп алдырма касиетке да ээ.

Колдонуу ыкмасы: Жанчылган 2 чай кашык зиренин үстүнө 1 стакан (200мл) кайнак суу куюп, бор этип кайнатып, 15-20минута демдейт. Муздагандан кийин чыпкалап, бир күндүн ичинде бөлүп ичет.

Зире жыпар жыттуу татымалдарга кирет. Жанчылган зирени салаттарга, паштеттерге, капустага, сорпого, этке, быштакка себелеп кошсо жакшы. Ошондой эле , нан бышырганда камырга кошулат. Жалбырактары салатка, сорпого салынат. Зиренин уругу ликёр-арак өнөр жайында, парфюмерияда, самын жасаганда пайдаланылат.

 

WДарбыз

Аш кабак тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк. Түсү мала кызгылт, кызыл, кочкул кызыл. Негизинен дарбызда канттар (фруктоза), В1, В2, РР витаминдери, аскорбин жана фолий кислотасы, каротин, пектин заттары, клетчатка бар. Данегинде өсүмдүк майы табылган. Дарбыздын салмагы 0,6-16 кг болот. Гектарынан 150-300 центнер түшүм алынат.

Дарбызда шире көп болгондуктан, cуусунду кандырат. Дарбыз, дарбыздын кабыгы заара айдама касиетке ээ. Ошондуктан, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларында кеңири колдонулат. Дарбыздын ширеси организмден ашык cууну чыгаргандан башка, организмди оңой сиңирилүүчү канттар менен камсыз кылат. Дарбызды кант диабети, аз кандуулук менен ооругандар жесе жакшы.

 

ЖаңгакЖаңгак

– жаңгак тукумундагы дарак. Бийиктиги 20-30м, сөңгөгүнүн диаметри – 1,5м. Шагы коюу, жалбырагынын узундугу 20-40 см, мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү.

Сырьё катары жаш жалбырактарын чогултса болот. Алар кадимки эле температурада же кургатуучу аппаратта 35град.С-да кургатылат. Жаңгактын ядросу тамак үчүн пайдаланылат. Анда 45-77 май, 8-21 белок жана А,В,С витаминдери, каротин, пектин ж.б. биологиялык активдүү заттар көп. Жалбырагында 4-5 ийлөө заттары, эфир майы, ачуу заттар, пектиндер ж.б. заттарга бай келет.

Жалбырактардын негизги ийлөө жана сезгенүүгө каршы таасири бар. Ошондуктан, жалбырактардан кайнатма (настой) жасап бүйлөлөр сезгенгенде оозду чайкаса болот. Сөөлдү жоготуш үчүн жаңгак жалбырагы менен тармал аш көктүн тамырын кайнатып, сөөлдүн үстүнө компресс жасаса жакшы болот экен. Жаңгактан жаңгак майы чыгарылат.

 

ДолоноДолоно

– роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусундагы бадал же дарак. Өркүнү тикендүү, жалбырагы жөнөкөй. Гүлдөрү ак, топ гүлү калканча же чачы сыяктуу. Ашы сүйрүү же тоголок. Өңү көбүнчө кызыл, кызгылт сары же кара. Долононун мөмөсү менен гүлүндө флавоноиддер, органикалык кычкылдар, каротиноиддер, ж.б. биологиялык активдүү заттар бар. Мөмөсүнөн экстракт жасалат. Ал жүрөк, гипертония, ооруларын, неврозду алдын алуу жана дарылоодо колдонулат. Мөмөлөрү кургатылгандан кийин кургак салкын жерде сакталат.

 

ЖүзүмЖүзүм

– жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүк уруусунан, жармашып, чырмалып өсүүчү көп жылдык өсүмдүк. Негизинен жылуу климаттуу зоналарда таралган. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска, жалбырагы жазы, сабагына кезектешип чыгат. Гүлү майда жашыл. Мөмөсүндө 1 уурусу бар. Айрым сорттору ( кишмиш) – уруксуз.

Жүзүм жаңы үзүлгөндө жана кургатылган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Андан шампан, шарап, коньяк, шире, компот, мейиз, мармелад ж.б. жасалат. Мөмөсүндо 65-85 суу, 10-33 кант, 0,5-1,4 органикалык кычкылдар, 0,9 белок, 0,3-0,5 минерал заттары, ошондой эле С, В жана В2 витамини, А провитамини болот. Жүзүмдүн 80-и кайра иштеп чыгарууга, 5 и как жасоого кетет, 15-и жаңы үзүлгөндө желет.

Жүзүмдүн мөмөсү менен ширеси заараны жакшы айдайт, тердетет жана ичегинин иштешин оңолтот. Ошондой эле алар боор ооруларында, атеросклероздо, гипертонияда, аз кандуулукта сунушталат.

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru