Айбат » Эрнис Турсунов: «Кыргызстан єнїкпєйт десе єлгїм келет»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эрнис Турсунов: «Кыргызстан єнїкпєйт десе єлгїм келет»

Эрнис Турсунов

Белгилїї журналист Сымбат Максутова Эрнис Турсуновдон Мекен, маданият, тил, адеп-ахлак, акын-жазуучулар, Кыргызстандын келечеги жєнїндєгї ойлорун жазып алган. Биз бїгїн жана кийинки сандарда акындын ой толгоолорун жарыялайбыз.

Эрнис Нурдинович Турсунов 1935-жылы 24-августта туулган. Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен жогорку билим алган. «Булбул», «Жигиттер», «Бийиктик», «Автопортрет», «Бадахшан», «Сїйїї», «Чексиздик», «Жайкы жамгыр», «Ата-Журт», «Балбай жана анын доору», «Таттыбїбї», «Балбай замана», «Боронбай», «Автопортрет», «Ажал айтып келбейт», «Биздин замандын баатыры» ж.б. поэзия жана кара сєз чыгармаларынын, китептеринин автору. Э. Турсуновдун «Айчырайлуу кыздар» («Сулуулар»), «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки кїчтїїлєр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагун» деген опералык либретторлоруна композиторлор М. Абдраев, С. Осмоновдор музыка чыгарышкан. А.С. Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Н.А. Некрасовдун «Русь жеринде ким жыргайт» дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гоголдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон. «Биздин радиотеатр» деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык кєркєм чыгармаларды фондуга жаздырган. Ал мусулмандардын ыйык китеби «Куранды» жана христиандардын ыйык китеби «Библияны» биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Кыргыз адабияты менен маданиятына сиўирген зор эмгеги їчїн ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиўирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамдар ыйгарылган. Адабият жана маданият тармагында ыйгарылчу эл аралык Тїгєлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бєкєнбаев, Таттыбїбї Турсунбаева атындагы сыйлыктардынын лауреаты, мамлекеттик бир нече Ардак грамота, башка сыйлыктар менен сыйланган.

 Кыргызстан — Ата Мекенибиз

Азамат Алтай аскерден качып барып, Америкада жанын корголоп жашап, ємїр бою Ата мекенин сагынып єттї. Адамда мындан артык трагедия болбойт. Суу алган келиндердин шыўкылдаганы, жылкылардын кишенегени, аттардын дїбїртї, койлордун маараганы, эненин жапкан наны, атанын мал айдаган шаўы Ата мекендин ыйыктыгын билдирет. Ростов-на-Донуда, же Красноярскиде акча їчїн 15-20 кабат їйлєрдї салып жаткан кыргыздар Ата мекенин сагынбай койбойт. Анын їстїнє Кыргызстан абдан сагына турган жер. Тїркмєнстанда 40 градус ысыкта «Ата мекен ардагым, арналат сага ырларым» деп ырдашат. Кыргызстан — 40 миў булактардын, 30 миў єзєндєрдїн мекени. Дагы канча мєўгїлєр тоўуп жатат. Булардан атып чыккан шаркыратмалар, жайкалган жашыл тєрлєр, кєгєргєн кєлдєр, єзєндєр эмне деген керемет. Анын арасында сайраган куштардын тїрлєрї, тоо, токойдо жашаган жаныбарлардын кєптїгїн айтпай эле коёлу, жер астындагы алюминий, вольфрам, алтын, кїмїш, кємїр, жез, Менделеевдин мезгилдик таблицасындагы кен байлыктардын баары бар. Кыргызстандан миллионго жакын адам чыгып кетти, «алар башка жакта жыргап жатыптыр» деген жалган сєз. Жыргал Ата мекенде гана болот. Ар бир адам Ата мекени менен жыргаш керек. Анын салты, наркы, бешиктеги ыры, «Шырылдаў», «Бекбекейи», татынакай кыздары менен жашаган адам касиеттїї элдин, Ата мекендин кулу, куну, азаматы болуп тарбия алып, баркына жетиш керек.

 Кыргыз тилди сїйлєп, сакташ керек

Экинчи маселе- тилибиз. Кийин киргизилген «бакалавр», «коммерсант», «сутенер», «капитан», «мерседес», «брокер», «диагноз», «олигарх» ж.б. сєздєр кыргыздын лексиконуна кирип, тєл сєздєргє айланып кетти. Азыр буларды башкача айтсаў, кєп кыргыздар тїшїнбєйт. «Олигарх» дегенди, мисалы,»буржуй», «сїткор», «кєпєс» десеў тїшїнбєйт, «магнат», «босс» десеў тїшїнєт. Капитализм менен бирге бизге мына ушундай сєздєр кирди. Мындан 80,100жыл мурда мындай эмес болчу. 1913-жылы туулган абышканы тирилтип туруп, 18 жаштагы жигит менен кыргызча сїйлєштїрсє, экєє бири-бирин тїшїнбєйт. Мисалы, «кыргызча билет» деген жигитибиз искусство жаатында минтип сїйлєшї ыктымал: «филармониянын вокалдык инструменталдык ансамбли «Новый путь» колхозунун клубундагы партиялык активдин конференциясына концерт койду». Мында «койду» деген сєздєн башканын баары — неологизмдер. Абышка анын «конференция», «актив», «концерт», «филармония»деген сєздєрїнє тїшїнбєйт. Анткени ал буларды кєргєн да, уккан да эмес. Абышка «Жылкыбай чабдарынын чобуруна мангел кїрмєп, алабата оргону, шахар єчїргєнї зайыптардын артынан кетти» десе, тиги жигит тїшїнбєйт. Булар кыргыздын тилиндегиэле сєздєр болгону менен бирєє архаизм, экинчиси неологизм сєздєрїн колдонгону їчїн бири бирин тїшїнбєйт. Тилдин єзгєрїшї, байышы — табигый кєрїнїш. Парламентте отуруп алып,»бул — биринчи, бул экинчи тил болуш керек» дегендери туура эмес. Андан кєрє кыргыздын єзїнїн сїйлєє маданиятын, нормасын так аткарыш керек. Кыргызда «барайлык», «келейлик», «отурайлык» деген сєздєр жок, «баралы», «отуралы», «келели» деп сїйлєш керек. Сєздєр бай сїйлєнїшї керек. Кыргызча жакшы билбеген, окууну жаўыдан бїтїп келгендер жогорку окуу жайларынын ректорлору, профессорлору болушууда. Алар кыргызчаны да, орусчаны да жакшы билишпейт. Кїнїмдїк жашоодо сїйлєшкєндї билет, андан ары кооздоп, туура, так сїйлєй албайт. Кыргыз тили — жоголуп бараткан тил. Анткени ага ар тїрдїї башка сєздєр кирип, кыргыздардын аў-сезимине сиўип калууда. Ал сєздєр туруктуу колдонулуп, эне тилдеги сєздєрдїн колдонуудан чыгышы же жоюлушу кыргыз тилинин єлїшїнє алып келет. Кыргыз тилинин жоюлушу кыргыздык касиеттин, демек, кыргыз мамлекетинин жоюлушуна алып келет. Кыргыз тили мамлекетти сактап турат. Тилдин проблемасы — аны сактап калууда. Тилди кыргыз сїйлєбєсє, башка улут сїйлєбєйт. Кыргыз тили жоголуп кетпеши їчїн жана кыргыз тилин сактап калыш їчїн кыргыздын жигиттери, кыздары кыргыз тилинде сїйлєєсї керек. Кыргыз тилин байытуу же аны менен илим, техниканы єнїктїрїї — экинчи маселе. Кыргыз тилин єл­тїрбєш їчїн гана кыргыз баласы кыргызча сїйлєш керек.

 Дїйнєдє 10 гана классикалык тил бар

Тил тууралуу статистикалык маалыматтарга кайрылайын. Дїйнєдє адамдар сїйлєшє, катыша, байланыша ала турган 6 миў тил болгон. Анын алды — 1,5 млрдга чейин кытай эли, арты 10 миў гана адам сїйлєгєн тилдер бар. Алар: юкагирлер, ненецтер, алебуттар, эскимостор, нифтилер, нанайлар, коряктар, хансылар, мансулар. Алардын єздєрї да, тилдери да жоюлган. Ал тїгїл, булардан чоўураак хакастар, якуттар, тывалар, буряттар жалаў орусча сїйлєшєт. Булар Сибирде жашаган миллиондун тегерегиндеги адамдар. Топорков Данил Харитонович десе кулакка чыныгы байыркы орустун христиан фамилиясы угулат. Игорь, Олег, Максим — жаўы ысымдар эмес. «Федосеев», «Ярославль», «Святослав» деген аттар славян тилинен кирген. Якуттар «Урастыров», «Кїннїк» деген аттары жоюлуп, орустун мына ушул аттарын алышкан. Орус тилинде укмуштай сїйлєшєт, єз эне тилин билбейт. Ошентип, тилдердин жоюлушу улуттун жоюлушуна алып келген. Ак чардактардын бийин, балыктын сїзгєнїн бийлеген чукчалар жалаў орусча сїйлєйт. Барабаны эскиче таризде жасалган, оттун тегерегинде бийлейт, бирок орусча сїйлєйт. Єсїмдїктєр, майда жаныбарлар жоюлуп кеткендей эле тил да жоюлушу мїмкїн. Дїйнєдєгї 6 миў тилдин 2 миўи жоюлуп кеткен, 4 миўдин 2 миўи колдонулбайт. 2 миўдин ичинде калкынын саны 10 миў адамга жетпеген нанайлар, юкагирлер бар. Юкагирлер юкагир тилинде єз ара сїйлєшпєйт, ошон їчїн тили жоголгон. Дїйнєдє 100 млн. киши сїйлєгєн 10 гана тил бар. Алар «классикалык тилдер» деп аталат. Ошол тилдерге адабияттар которулат. Мисалы, Алыкул Осмонов грузин тилин билген эмес, грузин чыгармасын орус тили аркылуу кыргызчага которгон. Арабча билбегендер Куранды орус тилинен которушат. Арабчаны алар канцелярдык тилдин деўгээлинде билиши мїмкїн. Азыркы арабдар єздєрї байыркы Курандын»тилин» билишпейт. Алардын тили да абдан єзгєргєн. Дїйнєдєгї 10 тилдин башында кытай тили турат. Кытай тилинде 1,5 млрд. кытайлар єздєрї жана жарым миллиарддын тегерегинде въетнам, лаос, тавулян, майнан ж.б. элдери сїйлєйт. 1,5 млрд адам англис тилинде сїйлєйт. Индия тилинде 1 млрддан ашык киши сїйлєйт. Кийинкиси — испан тили, бул тилде бїт Латын Америкасы, Африканын жарымы сїйлєйт. Бешинчи орунда — француз тили, алтынчы — немис тили, жетинчи — италия тили, андан соў — япон тили. Япон єзї 200-300 млн. калк. Анын тегерегиндеги аралдарда жашаган калктын баары япончо сїйлєшєт. Тогузунчусу — араб тили, 23 мамлекет араб тилинде сїйлєшїп, бири-бирин тїшїнєт. Сирияда, Мароккодо, Аманийде тилдери айырмаланса да, 500 млндой калк арабча сїйлєйт. Онунчусу — орус тили, 150 млн. орус єзї сїйлєйт, дагы 150 млн. адам орус тилин билет. Бардык адабий чыгармалар ушул 10 классикалык тилге которулат. Калган тилдер — тар чєйрєдє сїйлєнгєн тилдер. Мисалы, Кавказда грузин, армян, азербайжан, лезгин, авар, тап, ногой, лак, кумук, ингуш, балкар, хабардин, татар, башкыр тилдери. Кыргыз тили мына ушулардын катарына кирет. Кыргыз тилинде сїйлєгєндєр єтє аз. Кыргызстанда 150 миў дунган, 200 миў уйгур, 700 миў єзбек, жїз миўдеген орустар, татарлар бар. 3 млн. кыргыз улутунун 1,5 млну — аялдар, 1,5 млн. эркектердин жарым миллиону кыргыз тилинде сїйлєбєйт. Ошентип, кыйын болсо 2 млн. адам кыргыз тилинде сїйлєйт. Кыргыз адабий тилин 10 миў кыргыз да билбейт. Ошону їчїн тилди сактоо — биринчи маселе. Ачка бол, ток бол, бирок суусун, Ала-Тоосун, абасын, элин сїйсєў, тилин сїй. Оруска кыргызча сїйлєтїштїн эч кереги жок. Муктаждык болсо, алар єздєрї їйрєнїшєт.

 Кыргызга сиўген элдер

Кыпчактар чоў эл болгон. Буларда кыргыздар кєп болгон. Аймагы єтє чоў, эли кєп болгондуктан Чыўгызхан, Македонский, мунндардын чоўу Атилла аскерине кошуп алып, согуштарда кырылып жок болуп, кыпчактар Казакстанда, Монголияда, Кыргызстанда, Венгрияда, Россияда жашап, єз тилинде сїйлєбєй калган. Кыпчактар, меркистер, дєєлєстєр єз тилдери бар чоў эл болушкан. Тєбєйлєр, коўурат­тар — жоголуп бараткан элдер. Ысык-Кєлдїн Жети-Єгїз районунда бир айыл коўураттар, бир айыл мундуздар, бир-эки айыл, Алайда наймандар, кыпчактар, тейиттер бар. Булар кыргызга сиўип кетип, кыргыздын санын кєбєйткєн. Кыргыз тилинде сїйлєп калышкан. Булардын єз тилдери болгон. Чыўгызханды карасаўар, уруш-согуштар меркиттер менен монголдордун, монголдор менен татарлардын, тїрктєр менен монголдордун, кыргыздар же дєєлєстєр менен монголдордун ортолорунда жїрїп турган. Тыва Республикасынын президенти биздин Ж. Назаралиевге»аракечтерди айыктырып бер» деп кат жазыптыр. Аны убактылуу дары менен айыктырса болот, ал эми бїтїндєй коомду кантип айыктырат?

«Манасты» башка эл айта албайт

Кыргызстанда кыргыз тил коому деген уюм бар. «Кыргыз тилин сактагыла!» деген ураандарын кєрєсїў. Ага кєчє, канцеляриялык тилдер аралашып кеткен. Ал эми адабий тил — такыр башка. Сєздїк тїзгєн Константин Кузьмич Юдахинге «убактым жок агай» десем, силер такыр кыргызча сїйлєбєйт экенсиўер, «чолоом тийбейт дебейсиўерби» деп айтчу. «Убактым жок» деген кєчєдєгї сєз, «чолоом тийбейт» деген адабий кєркєм сєз. Же болбосо убакыт бар, чолоосу жок. Ишим мєндїрдєй жаап жатат, ишим чачтан кєп деп айтылышы керек. Манастан бери айтылып келаткан «кїндїзї кымыз, тїнї кыз, кїжїлдєгєн эр кыргыздын» тили кєркємдїгї жоюлуп баратат. Экинчиден, парламентте отурган депутаттар тилди ушунчалык бузуп сїйлєп жатышат. Ушинтип сїйлєбєй эле койсо… Анан дагы кыргыз улутун айтпай, кыргызстандык деп жазалы паспортко деп чыгышты. Кыргыздар улутун тургай уруусун сурайт. Бул тарыхый кєрїнїш. Туугандан урук, уруктан уруу, уруудан улут, улуттан эл пайда болот. Бирине-бири жєлєк болуп турат. Бугу менен сарбагыш, саяк, солто уруулары кыргыз элин тїзєт. Эгерде «мен сарбагыш уруусунан болом» деп башкаларды басынтса, ал — башка маселе, анда аны тартипке чакырыш керек. Уруулар жашай берсин, ал тарыхка да керек. Жалган окумуштуулар, жасалма жазуучулар пайда болуп, негизги єзєгїбїз болгон эне тилди туура тїшїнбєй, эне тилди проблема кылып жатышат. Айталы, «Манасты» ЮНЕСКО тизмесине киргизебиз дешет. Биз тарыхта башкаларды таў калтыра турган эч нерсе кура элекпиз, болгону «Манас» эпосубуз бар. Аны киргизсе, киргизбесе деле кыргыздыкы бойдон калат. Анткени аны башка эл айта албайт. Дайыма ушуну талкуулап, билгени, билбегени деле айта берип, кадырын кетирип жатышат. «Манастын» жети осуятын айтышканы менен университет, мектептерде эч колдонулбай, жукпай, сиўбей жатат. Коммунисттик партиянын учурунда теўдик, бирдик, эркиндик дегендер кїч менен жукчу. Кыргыз элине їстїртєн, тескери кетип «Манасты» проблема кылышат. Бул єзї масштабдуу, глобалдуу, проблемасы жок эле чечилген нерсе. Буга туура багыт берип, туура тїшїнїї керек. Кыргызды сактап турган биринчи кєрїнїшї — тил. Кыргыздын милдети — колуна курал кармап душмандардан чек араны сактагандай, кыргыз тилди сїйлєп туруп сакташ керек. Їйдєн, кєчєдєн, жумуштан сїйлєш керек. Иш кагаздарын кыргызча жїргїзїї керек. «Расписканы» — кинилак, арыз же доо дейбизби, кыргызча киргизиш керек. Чыўгыз Айтматов «приемнаяны» кабылдама деди эле, бардык жерде кабылдама деп жазылып калды. Кыргыз тили єтє бай, байыркы тил. Мисалы, кошмо сєздєрдї орусча которгондо анчалык кєркєм чыкпайт. «Чалды куйду, будуў чаў» дегенди кыргыздар жакшы тїшїнєт. Бул орусча «переполох» деген эле сєз. «Чалды куйдуну» — єзїнчє, «будуў чаўды» єзїнчє которуу керек. Аны аралаштырганда чын эле «будуў чаў» болот. Катаклизм менен апокалипсис ушундай «чалды куйду», «будуў чаў» болуп которулат. «Ач кыйкырык, куу сїрєєн» эмне деген катуу сєз, бул орусча «стремительный бег» деген эле мааниде. Анан жанагы «Дорогу осилит идущий» деген орустун кайсы макалы деп жїрсєм, «жолду баскан арбытат» деген кыргыздын эле сєзї экен. Кыргыз тилин кєркємдєп, кыргыз сїйлєшї керек, аны орустун же єзбектин же дунгандын, башка улуттун сїйлєшїнїн зарылчылыгы жок бизге. Улутту сактап калыш їчїн милдеттїї тїрдє кыргыз тилин кыргыз сїйлєшї керек. Бала тєрєлгєндє энелер анын оозуна май салышкан, аны менен кыргыздын тилин, дилин салышкан. Калмак єлгєндє «як» деп єлєт, ошондо анын калмак экени билинчї деп калышчу. «Як» деген алардын теўир деген сєзї. Кайсы улуттун адамы болбосун, жаны кыйналганда єз тилинде энесин айтат же кудайын айтат. Мунун баары — генетика. Кыргызда таамай тийген бир сєз бар «энеўдин ичинде кантип жаткансыў?» деген. Барган сайын кыргыздын улуу, байыркы сєздєрї унутулуп баратат. Каргыш, сєккєн сєздєрдїн єзїнчє тизмелери бар. «Оозуўдан кошок тїшпєсїн» деген каргыштар бар. Ушактын, калптын єзїнчє терминдери бар. «Атам жокто чоў атамдын жылкысын баккам» деген калп сєздєр болгон.

 Канатсыз балдар

Кыргызстанга орус улуту киргени самагон, тамеки, уурулук, базар келди. Кыргыз тамеки, насвай чекчї эмес. Жїз жылдар кыргыз арак ичкенди їйрєнгєнї менен «кокуй, келатат» деп кєрсєтпєй иччї. Улуу Ата мекендик согуш бїткєндєн кийин, жеўиш биздики болду деген эйфория менен баары ичїїгє єттї. Эл согуштан кийин массалык тїрдє иче баштады. Негизги аракечтер союз учурунда менин курагымдагы адамдар болду. Кыргыз биологиялык жактан кычкылга жакын болуп, илгертен айран, кымыз ичкендиктен, аны бат эле єздєштїрїп, андан кийин сайынмасын алды. Ошол ичкен доор азыр калбай калды. Кийинки доордо чоўойгондор аракеч болуштун кереги жок экенин тїшїндї. Ичкени менен баягы массалык тїрдє ичкендер жок. Азыркы балдардын єздєрїнїн башкача проблемалары бар. Азыркы балдарды «люди без крыльев» «канат-бутагы жок балдар» дейт. Ата энеси бар, бирок канат-бутагы жок. Чымындын канатын жулуп койсо, уча албай жїрє берет го, булар так эле ушундай. Буларда сїйїї, адамга адамдык мамиле кылуу, Ата мекенге кызмат кылуу деген барган сайын болбой баратат. Эгоизм кан, жанына кирип алды. Компьютер, интернет келгени ар ким єзї менен єзї. Жигиттер кыздарды баягы союз кезиндеги жигиттердей сїйбєйт. Биологиялык жактан гана керек учурда катышат, болбосо жок. Азыр бийликте кыргыз элине, жерине кайрымы, мээрими жок, башка тилдерди билген адамдар, жаштар отурушат. Мээрим, кайрым, ички дїйнєсї жалындап туруу, Мекенин, элин сїйїї деген жок. Мына ушуларды канат-бутагы жок деп айтып жатам.

 Кыргызстандын єнїгїшї кыйын

Мен бир немис менен «Библияны», «Куранды», «Алдас китаби» деген бахаилердин куран китебин которуп жїрїп, Кыргызстандын келечеги жєнїндє сїйлєшкєн элем. Немистер Кыргызстандын 50 жылга чейинки келечегин минтип айтышты. Германия ири 7 державанын бири, техниканын атасы, кєп самолетторду чыгарган, металлургияны иштеткен єлкє. Алар «Кыргызстан єнїкпєйт, негизги 5 нерседен куру калган дешти. Биринчиси — океандан миў километр алыс. Океан аркылуу нефти, кємїр, мазут ташыса болот, ал арзан кїч. Ошол кїч жок. Географиялык шарты туура эмес. Деўиз жээгинде отурган єлкєлєр ошон їчїн єнїккєн. Экинчиси — темир жолдун жоктугу. Темир жолдор Германияда, Россияда тїйїн болуп салынган. Силерге араўдан зорго бир учу келет экен. Ал дагы силердики эмес, ТрансСибирге же Казакстанга карайт. Ысык-Кєлдєн Жалал-Абадга, Оштон Нарынга, Таласка чейин темир жолдор жок, алар башка єлкєлєргє чыкпайт. Ал транспорттор менен килейген крандар, чоў машиналар келет, экинчи бир чоў транспорттон куру калгансыўар, дешти. Їчїнчїсї — автомобиль транспорту жок. 60-80 тонна жїктєрдї кєтєргєн жїк ташуучу машиналар Россиянын, Германиянын, Франциянын жолдоруна жарайт, Кыргызстандын жолуна жарабайт. Жолдун баары єйдє-ылдый, буйткалуу, ийри-буйру. Чоў жїктєрдї Торугартка алып барыш єзїнчє азап. Машинанын кеткен чыгымын актабайт. Демек, мындан да куру калгансыўар. Тєртїнчї — аба транспорту. Бирок самолеттор чоў жїк ташыбайт. Ошондуктан, транспорттун бардык тїрї Кыргызстанга кызмат кыла албайт. Бешинчиси — кен байлыктар. Кыргызстанда кен байлыктын бардык тїрї — вольфрам, алтын, кїмїш, сымап, сурьма, темир, кємїр бар. Кен байлыкты алууда Каспий деўизинин ортосундагы скважинаны бургуласа болот, деўиздики жумшагыраак, Тїркмєнстандын Мангыштактагы чєлїнїкї оўоюраак, Сибирдин сазындагы Тюмендики да оўой, ал эми тоолордун астында дагы миў катар тоолор жатат, анын астындагы кендерди алыш їчїн 2 миў километрге чейин казып чыгыш керек. Аларды абдан чоў бургулар гана казат. Андай бургулар Германияда жасалат, бирок єтє кымбат, алып келиши да кымбат. Кен байлыктарды алыш кымбат болгондуктан, бул дагы акталбай, калып калган. «Кумтєрдєгї» алтынды башкалар чыгарып кетип, кїкїмїн гана карматып коюп жатышат. Анысын айтып мактанып, кыргыздын оозеки байыганы. Алтынчысы — рынок, базар экономикасы. Кыргыздарга рынок экономикасы жарабайт. Єзбекстан єзїнїн майда соодасы менен кылымдан бери жашап келатат. Кыргыздын базарга салган былтыркы їч сому быйыл да жїрєт. Акча ордуна турбай, иштеп туруш керек. Эгер кыргыз тїшкє чейин акча тапса, аны тїштєн кийин ичип алат. Гуманитардык жардамдан келгендер кыргызды байытмак беле? Базар экономикасынын єзїнчє маданияты бар. Аны Тїркия араў єзїнє сиўирди. Жетинчиси — єндїрїш. Єлкєгє машина, дєєшї, крандарды чыгаруучу заводдор керек, алар жок. Кыргызстандын жаштары Гарвард, Кембридж университеттерин бїтсє дагы биякка келип иштей албайт. Анткени, авиаконструктор болом деген адамга авиазавод керек. Ал канчалык билимдїї болсо да, билим алган єлкєсїндє жумушчу болот, инженер боло албайт, анткени єз адамдары турат. Єндїрїш болбогондуктан, техникалык билим алгандарда татыктуу жумуш болбой, єксїйт. Гуманитардык билимге ээ болгондор чыгышы мїмкїн, бирок инженер, электрик, єндїрїшчї кадрлар єз кесибинде єнїгїп єсє албайт. Акыркысы — айыл чарбасы. Кыргызстан илгертен койчулук, уйчулук, жылкычылык менен мал-жан баккан. Карагыла, жериўердин 95%ы тоолор. Тоолордо жети ай бою кар жатат. Германияда мал тїз жерлерде багылып, качан болсо союлат. Айыл чарбасы Германияда абдан єнїккєн. Кыргызстанда мал канчалык кєп єстїрїлгєнї менен, аны экспорттоп, бюджетке акча тїшїрє турган булактар жок. Эт комбинаттары иштебейт, эттен тїрдїї продукциялар чыгарылбайт. Чоў-чоў инвесторлордун жалынса да келбей жатканы — алар баарын эсептеп чыккан. Маданиятыўар да тоўураак. Кыргыз араў салам берет. Жапондор, европалыктар тааныбаганга деле кїлїп турат эмеспи. Ушунун баары Кыргызстанга терс таасирин тийгизет. Искусстводо деле ушундай. Классикалык искусство — опера, балет, симфония, кантата, сїрєт палитрасы, мыкты сїрєттєр жок. Кєнїп калган курак, шырдак, сайма бар. Алар бийик искусствого кирбейт. Булар улутка таандык кол єнєрчїлїктєр. Баарын жашырбай ачык айтыўызчы, деп суранганда алар ушинтип тизмелеп, «кыргыздар артка кетип бараткан чагы» дешти.

Касым Тыныстанов тууралуу

Касым Тыныстанов сыяктуу лингвист, реформатор жок. Ал «этти» — » тарс этти», «дїўк этти», «былк этти», «шылк этти» деген сєздєрдєн этишти тапкан. Тап кїрєшї деген сєз бар. Шырдакты жасап жатканда таптайт, ага биринчи табы, экинчи табы деп майда жїндєрдї салат. Кийиздин, шырдактын табы, катмары дегенден тап кїрєшї дегенди таап чыккан. Таптоо деген сєздєн келип чыккан. Жыгачтын уюлу, баштын уюлу бар, ушул уюлдардан северный полюс, южный полюсту тїндїк уюл, тїштїк уюлду таап чыккан. Географиялык терминдерди таап чыкканына таў каласыў. Тїрк элдеринин ичинде лингвист катары анын алдына эч ким чыккан эмес. Ал єтє чоў феномен болгон.

 «Барометр» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2012-ж



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru