Айбат » Кубан Абдымен: “2014-жылы Кыргызстан тышкы саясатын мыкты жүргүздү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Кубан Абдымен: “2014-жылы Кыргызстан тышкы саясатын мыкты жүргүздү”

Кубан Абдымен- Кубан мырза, жаңы 2015-жыл дагы босогобузга кирип келди. Ага байланыштуу өтүп бараткан 2014-жыл Кыргызстанга эмнелерди берди, кандай жетишкендиктерге жетишти, кандай катачылыктарга жол берилди деген суроо туулат?

– 2014-жыл ийгиликтүү жыл болду. Алдыга кадам таштаган, туруктуулукту камсыздай алган жыл болду десек болот. Мамлекет башчыбыз сыртка жасаган иш сапарларында инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кече жакында эле Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Муну да ийгилик катары баалап коюшубуз керек. Араб өлкөлөрү менен мамилебиз кайрадан жанданды. Түркия менен жакшы мамиле куруп атабыз. Айтор сырткы саясат жакшы жүрүүдө. Энергетика тармагында ири долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Жолдор салынып атат. Каатчылык байкалган жок. Кемчиликтер болсо, быйылкы жылдагы кургакчылык суу тартыштыгын жаратты, энергетикалык кризисти пайда кылды. Бирок, бул маселе чечилди. Коррупцияга каршы күрөшкө каршы аракеттер байкалды. Маселен, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан саясатчылардын тарапташтары жолдорду бууп турушту.

- Бул жылдагы оппозициянын ишине кандай баа бересиз?

- Системалуу оппозиция болгон жок. Олуттуу маселелер, же сунуштар менен чыккан бийликке атаандаш оппозицияны көргөн жокпуз.

Айбат гезити №110



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru