Айбат » Акылы бар эси жок, акчасы бар бети жок!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акылы бар эси жок, акчасы бар бети жок!

Акылбек Жапаров2011-жылдагы президенттик шайлоонун алдында ташталган ушундай ураан-чакырык Акылбек Жапаровдун бейнесине тиешелүү экенин басылмалар жакшы эле чуулдатышкан. «Ар-намыс» фракциясын ичинен иритем деп атып борттон алыс ыргыган Акылбек мырза «Кут» партиясы аркылуу парламенттик шайлоого катышаарын укканбыз. Жалгыз «Куту» менен ЖоКе босогосун аттай албасын түшүнгөнбү, «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев, «бир болчу» Алтынбек Сулаймановду айланчыктап, «мени кошуп алгылачы» дегендей жалооруп жүргөнүн көргөндөр бизге айтып келишти. Акчасы самандай сапырылганы менен калың элден колдоо таппаган саясатчылардын тагдыры ушундай болот эмеспи…

 А.Жапаровду айланчыктагандар…ү

Жооптуу кызматта жүргөндө оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпаган, ээрден шыпырылса эле акыл үйрөтүп кирген Акылбек Жапаров 2008-жылдан бери «МИС» («Машиноиспытательная станция») ААКсынын акционери. 2010-жылдын башында «МИСтин» директорлор кеңешинин төрагалыгына М.Бөрүбашев  шайланган. Бөрүбашев кадимки Максим Бакиевдин жакын досу жана курсташы экени эле көп нерседен кабар берет. Апрель окуясынан кийин М.Бөрүбашев ишкананын директорлугуна Ч.Таалайбек уулун дайындатууга үлгүргөн. Бул жигит «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү экендиги тууралуу кеп бар. Кримтөбөлдүн өкүлү, М.Бакиевдин «оң колу» менен тыгыз кызматташкан А.Жапаров эмки жылдагы парламенттик шайлоодо алардын колдоосун алыш үчүн ушундай кадамга барганбы? Түшүнүп бовойт.

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru