Айбат » Соттун чечими боюнча конфискацияланууга жаткан Түлеевдин үй-бүлөсүнүн мүлктөрү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Соттун чечими боюнча конфискацияланууга жаткан Түлеевдин үй-бүлөсүнүн мүлктөрү

Нариман ТүлеевБишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун Бишкектин мурдагы мэри, «Ата-Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Нариман Түлеевге карата үй-мүлктөрүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды. Мындан сырткары процесстин башка катышуучуларына – борбор шаарыбыздын мэриясынын мурдагы кызматкерлерине карата өкүм дагы күчүндө калды.

 

Нариман Түлеевдин, анын жакындарынын жана туугандарынын кадастр Департаментинде жана КР Мамлекеттик каттоо кызматында кыймылсыз мүлк катары катталган жана соттун чечими менен камакка алынган мүлктөрү төмөндөгүдөй:

• Кыймылсыз мүлк (турак жай-соода комплекси ресторан-кафе), Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн №101/1, Жумабек көчөсүнүн №203/1 даректеринде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк (790,3 чарчы метрдеги жер төлөнүн пайдалуу аянтынын бир бөлүгү, 96,6 чарчы метрдеги жер төлөнүн пайдалуу аянтынын бир бөлүгү, 1600,3 чарчы метрдеги 1-кабаттын пайдалуу аянты), Бишкек шаарынын Үмөталиев №41, Токтогул көчөсүнүн №220 даректеринде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк (соода комплекси) 78/100 үлүшү, Бишкек шаарынын Киев көчөсү №128 дарегинде жайгашкан жана бир бөлүгү (3-кабат) «Соода комплекси «CARAVAN» ЖЧКсына тийиштүү»;

• №1 гаражы, Бишкек шаарынын Үмөталиева көчөсү №41, Токтогул көчөсү №220 дарегинде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Раззакова көчөсү үй №7 дарегинде жайгашкан;

• Кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Коенкөзов көчөсү үй №37 дарегинде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Т. Айтматов көчөсү (мурдагы Каширская) үй №65/1 дарегинде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, үй номуру жок (мурдагы Душанбинская) дарегинде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары үй №14, кв. 18;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары үй № 14 кв.2, Ташболот Түлеевге тиешелүү;

• №8, №9, №10 – гараждар, Бишкек шаары, үмөталиев көчөсү №41, Токтогул көчөсү №220 дарегинде жайгашкан;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары Үмөталиев көчөсү үй №41 кв.45, Нарынбек кызы А.га катталган;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары Мусорг көчөсү үй № 16 «А», Түлеев Нарынбек Ташболотовичке тийиштүү;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары Раззаков көчөсү үй №7 кв.40, Тынымсейитова Айгүл Абыловнага тиешелүү;

• коттедж, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан, Эшмамбетова Зарема Нурлановнага тиешелүү;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү үй № 86/1 кв.10, Нариман уулу Бакытка тиешелүү;

• кыймылсыз мүлк, Бишкек шаары, Славгородский көчөсү үй №21 «Б», Нариман уулу Санжарга тиешелүү;

• Соттолуучу Түлеев Нариман Ташболотовичке тиешелүү «ГАЗ 3307» үлгүсүндөгү, мамлекеттик номуру B2846L, көк түстөгү, 1992-жылкы автоунаа

 

Ошондой эле дагы Түлеев Ташболотко тиешелүү:

• автоунаа, үлгүсү «ЗИЛ 5301 ЕО», мамлекеттик номуру В8676F, көк түстөгү, 1998-жылкы;

• автоунаа, үлгүсү «ГАЗ 33021», мамлекеттик номуру В4459L, ачык-боз түстөгү, 1999-жылкы;

• автоунаа, үлгүсү «Фольксваген-Джетта», мамлекеттик номуру E6158D,кара түстөгү, 2000-жылкы;

• автоунаа, үлгүсү «Тойота Прадо», мамлекеттик номуру В7770Q, алтын түстүү, 2008-жылкы;

• автоунаа, үлгүсү «Тойота Хайлэндер», мамлекеттик номуру В2041А, ак түстөгү, 2009-жылкы;

• автоунаа, үлгүсү «Тойота Лэнд крузер», мамлекеттик номуру B5450G, ак түстөгү, 2005-жылкы;

• автоунаа, үлгүсү «Тойота Лэнд крузер», мамлекеттик номуру В4440АВ, бермет-ак түстүү, 2010-жылкы;

 

Түлеев Нарынбек Ташболотовичке жеке менчик укугуна төмөнкүлөр тиешелүү:

•  автоунаа, үлгүсү «ВАЗ 212130», мамлекеттик номуру B0052M,

• автоунаа, үлгүсү «ВАЗ 212113», мамлекеттик номуру В 2934 Т;

• автоунаа, үлгүсү «Камаз 5410», мамлекеттик номуру В 6173 R;

• автоунаа, үлгүсү «ВАЗ 21100», мамлекеттик номуру В 6090 О;

• автоунаа, үлгүсү «Ода 39370», мамлекеттик номуру 1226 ВАР;

• автоунаа, үлгүсү «МА 393866», мамлекеттик номуру 1851 ВАР;

• автоунаа үлгүсү «МА 3938612», мамлекеттик номуру 2299 ВАР;

• автоунаа, үлгүсү «Боро», мамлекеттик номуру 891 ВЕ.

 

Түлеева Назгүл Наримановнага тиешелүү (айыпталуучунун кызы) «Мерседес Бенц GL 450» үлгүсүндөгү автоунаа, мамлекеттик номуру В 0111 А.

 

Эшмамбетова Зарема Нурлановнага тиешелүү (айыпталуучу Н. Түлеевдин жары) «Лендровер» үлгүсүндөгү автоунаа, мамлекеттик номуру В 0888 S

• «Ак Жол» камсыздандыруу компаниясы ААКсынын акциялары – уставдык капиталдагы үлүштөрү Түлеев Ташболотко тиешелүү 23,02, Түлеев Нарынбек ташболотовичке 5,08 көлөмүндө жана Түлеева Назгүл Наримановнага 71 көлөмүндө, ошондой эле «Ак-Жол» камсыздандыруу компаниясы ААКсынын бардык банк эсептерине;

• Жер тилкеси, Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан;

• Жер тилкеси, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан, соттолуучу Бейшенбаев Руслан Канаевичке тиешелүү, ошондой эле дагы Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы №33 үйүндөгү №63 жана №67-батирлери мамлекеттин кирешесине;

• Шопокова көчөсү №121деги имарат,  автоунаа «Лексус LX 470» мамлекеттик номуру Е 7700 D, Бишкек шаарындагы Абай көчөсү 79/1 кв.11деги батир,

•  Бишкек шаарынын Кустанайская көчөсүндө жайгашкан №1 МП БПАТП автобазасынын аймагында сакталып турган 14 даана станок жана жабдуулар;

• Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан №6-үй, 44-квартира, Корниенко Валерий Владимировичке тиешелүү. Бул мүлк келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында мамлекеттин кирешесине өткөрүлгөн.

Тазабек

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru