Айбат » Марат Султанов: “Бажы биримдигине кошулууда биз стратегиялык жактан туура багытта кетип бара жатабыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Марат Султанов: “Бажы биримдигине кошулууда биз стратегиялык жактан туура багытта кетип бара жатабыз”

Марат Султанов“Бажы биримдигине кошулууда биз стратегиялык жактан туура эле багытта кетип бара жатабыз. Тажрыйба көрсөтүп жаткандай, Россиядагыдай абал, адатта ушундай кризистер 1- 2 жыл созулат. Андан кийин 6-7 жылдык өсүү цикли башталат. Биз дал ошол циклга чейин даяр болуп калабыз. Бизде 5 жылдык өткөөл убактыбыз бар. Ушул өткөөл убакыттын ичинде даярданып алабыз. Бажы биримдигине кирген мамлекеттер өсө баштаганда бизге жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштайт”, – деди КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Султанов “Парламентаризм сабактары” телеберүүсүндө.

М.Султанов утуштар менен тобокелчиликтерге токтолуу менен Бажы биримдигине кирүүдө ишкердиктеги, айыл чарбасында күтүлүүчү тобокелчиликтерди компенсациялоо үчүн атайын фонд түзүлүп жатканын белгиледи. Муну менен катар 2010-жылдагы парламенттик шайлоо, 2011-жылдагы Президентти шайлоо да “ушул мамлекеттер менен жакын болобуз, өнөктөш болобуз, биз алар менен кошо бир багытта өнүгөбүз” деген лозунгдардын негизинде өткөндүгүн эске салды. “Ошондон бери бул мамлекеттер биздин карыздарыбызды кечти, жардам алдык. Ошонун баарын эсептегенде биздин экономикабызга жылына 2 кошумча өсүүнү берип жатты. Ошондуктан, биз жалаң эле келечектеги тобокелчиликтерди айтпастан, буга чейинки утуштарды да эске алышыбыз керек,”- деди депутат.

Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн чоң рынок ачылып жатканын айткан М.Султанов дүйнөдөгү экономиканын өсүшүнүн негизги шарты – рынок деп баса белгиледи. “Рыногуң болсо өнүгө аласың. Маселен, Кытай мындай маселени өз алдынча чечип, өнүгө алат. Себеби, анын экономикасы абдан чоң. Бизге адистешүү керек, башка мамлекеттер менен карым-катнаш, рынок керек. Ошондо чакан мамлекет үчүн бул жагынан бизде утуштар болот”, – деди.

Бажы бирлигине кирүүдө күтүлүүчү тобокелчиликтерди азайтуу үчүн эмне кылуу керектигине дагы М.Султанов өз пикирлери менен кенен бөлүштү. Анын белгилөөсүндө, биринчиден, биз либералдык, өзгөчө бизнеске болгон көз карашыбызды күчөтүшүбүз керек. Бул биринчи багыт. “Экономиканы биринчи орунга коюшубуз керек. Кандайдыр бир максат койгонубузда, Кыргызстандагы ар бир мамлекеттик органдардын иштөөсүн экономиканын өсүшүнүн негизинде карашыбыз керек. Экинчи жагынан, биз социалдык багытта, өзгөчө пенсионерлерге, жакырларга көңүл буруп, даректүү финансылык жардам көрсөтүшүбүз керек”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты.

Мындан сырткары, тобокелчиликтерди алдын алуудагы дагы бир көңүл бура турган чараларга токтолду. “Чарбаларды ирилештирүү боюнча Өкмөт мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштаса болмок. Айыл чарбасында өзүнчө дыйкан чарбасы алектенсе, жер салыгынан башка дээрлик салык төлөбөйсүн. Эгерде чоң агрокомплекстер түзүлсө,  баардык салыктарды төлөй баштайт. Анда атаандаштык кескин төмөндөй баштайт. Ошондуктан, эч ким ири агроишканаларды тургузбай жатат. Менимче, аларды салыктардан бошотуп койсок, эч нерсе болбойт деле. Тескерисинче, алардын биригишине, ирилешүүсүнө, күчтөнүүсүнө стимул болот эле. Өкмөт ушул багытка өзгөчө көңүл буруу керек”,- дейт М.Султанов.

Ошону менен катар М.Султанов Бажы бирлигине кирүүнүн алгылыктуу жагдайларына да токтолду. “Бажы бирлигине кирсек пошлиналар жогорулайт, бирок экинчи жагынан транспорттук төлөмдөр төмөндөйт. Азыр Россия, Казакстандан өткөндө эл аралык тариф боюнча төлөнөт. Бажы биримдигинде ички тариф менен төлөнө баштайт. Ал эми ички тариф аларда алдан канча төмөн. Бул чоң утуш болот”,- дейт парламентчи.

М.Султанов Батыштын Россияга киргизген санкцияларынан улам, андагы рынок бошой түшкөнүнө токтолуп, кыргыз Өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин баса белгиледи. “Масален, азыркы фитосанитардык нормалар Кыргызстандын айыл-чарбасы үчүн жогору болушу мүмкүн. 5 жылдык өткөөл мезгил учурунда фитосанитардык нормаларды төмөнүрөөк алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк болот. 5 жылдык өткөөл мезгилдин мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк колдонуу үчүн Өкмөт ушул багытка өзгөчө көңүл буруусу зарыл”, – дейт депутат.

Айыл чарба менен жеңил өнөр жайды эле карай бербестен, жаңы багыттарды да караштыруу зарылдыгы турат. “Маселен, жаңы технологияларга, информациялык өндүрүштүн өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурууга болот. Себеби, бизде салыштырмалуу салык системасында оң жагдайлар бар. Экинчи жагынан жер арзаныраак. Үчүнчүдөн, электр энергиясынын тарифи Россия менен Казакстанга караганда дээрлик эки эсе төмөн. Ушунун баарын эске алганыбызда бизде ушул багытты да өнүктүрүүгө абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар” -деген М.Султанов Кыргызстан традициялык мүмкүнчүлүктөрүнөн башка өзүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн да карашы керектигин баса белгиледи.

“Россиядагы учурдагы абал бизге дагы таасирин тийгизет. Бул эмнени көрсөтүп жатат? Эки мамлекеттин ортосундагы байланыш алда канча жакын экенин көрсөтүп жатат. Ошондуктан бул байланышты жокко чыгарып жиберсек, анда Кыргызстан үчүн сокку андан беш бетер катуу болот” – деген М.Султанов Кыргызстан тарыхындагы айрым экономикалык жагдайларды мисалга тартты. “Мисалга, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эгемендүү болобуз, бизге эч кимдин кереги жок деп, баардык экономикалык байланыштарды кескин түрдө бузганда биздин экономика абдан шок болгон. Эки жарым жылдын ичинде мамлекеттин ички дүң продукциясы 50 пайызга түшүп кеткен”, – деди М.Султанов.

“Эгерде бизге азыркыдай абал сакталып калса, өз алдыбызча кала берсек болот эле. Бирок азыркыдай абал сакталбайт. Соода механизми, мигранттар маселеси – баардык шарттар өзгөрөт. Өз алдыбызча калабыз десек, белибизди бекем бууп, өз жолубуз менен кетебиз деп айтышыбыз керек. Анда Бажы биримдигине киргенге караганда алда канча чоң кыйынчылыктар болот”, – дейт депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru