Айбат » Жаңы жол ачкан Бажы биримдиги, кыргыздын духун көтөргөн Көчмөндөр оюну, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган иш-чаралар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Жаңы жол ачкан Бажы биримдиги, кыргыздын духун көтөргөн Көчмөндөр оюну, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган иш-чаралар

Бажы биримдигиПрезидентибиздин демилгеси менен быйыл «мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» деп жарыяланганы маалым. Бир караганда бир жыл көз ачып жумгучакты өтүп кеткендей сезилгени менен, Кыргызстан үчүн оңойго турган жок. Биз узап бараткан жылдагы ийгиликтерди четинен тизмектейбиз.

Акыркы үч жылдан бери коомчулукта кызуу талкууланып келаткан Бажы биримдигине (ББ) чекит коюлду. Эмки жылдан тартып ББнын толук кандуу мүчөсү катары иш алып барабыз. Бул жаатта тийиштүү мыйзамдар парламенттен колдоо таап, коомчулук да аны жактырды.

Бажы биримдигинин тегерегинде түрдүү кептер айтылды, кызыл чеке талаш-тартыштар орун алды. Бул маселени түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да оюн ортого салып, айрым саясатчылар «кылдан кыйкым издеп», тополоң салууга аракет кылып көрдү. Бактыга жараша, карапайым калк мындай куйту саясатка жетеленбей, өнүгүү үчүн ириде тынчтык керектигин түшүнүшкөнүн көрсөтүштү.

Башкасын айтпаганда дагы, парламенттеги оппозициячыл депутаттар ББнын экономикабыз үчүн пайдасы көптүгүн билдиришти. Маселен, «ата журтчу» Марат Султановдун айтымында, Бажы биримдигине кошулуу аркылуу стратегиялык туура жолду тандаган болобуз. «Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн чоң рынок ачат. Дүйнөдөгү экономиканын өсүшүнүн негизги шарты – рынок. Рыногуң болсо өнүгө аласың. Маселен, Кытай мындай маселени өз алдынча чечип, өнүгө алат. Себеби, анын экономикасы абдан чоң. Бизге адистешүү керек, башка мамлекеттер менен карым-катнаш, рынок керек. Ошондо чакан мамлекет үчүн бул жагынан бизде утуштар болот. Бажы биримдигине кирүүдө күтүлүүчү тобокелчиликтерди азайтуу үчүн, биринчиден, биз либералдык, өзгөчө бизнеске болгон көз карашыбызды күчөтүшүбүз керек. Бул биринчи багыт. Экономиканы биринчи орунга коюшубуз керек. Кандайдыр бир максат койгонубузда, Кыргызстандагы ар бир мамлекеттик органдардын иштөөсүн экономиканын өсүшүнүн негизинде карашыбыз керек. Экинчи жагынан, биз социалдык багытта, өзгөчө пенсионерлерге, жакырларга көңүл буруп, даректүү финансылык жардам көрсөтүшүбүз керек” дейт ал.

Марат Абдразаковичтин кебинде калет жок. ББга кошулуу үчүн бизге жалпы жонунан 1,2 млрд. долларлык каражат бөлүндү. Мындай ири каражат аталган биримдикке ыңгайлашуу үчүн шарттарды түзүүгө сарпталат. Ушунун өзү кыргыз бийлиги жөн гана «ураалап» кошулуп кетпестен, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогонун ырастайт. Себеби убагында дүйнөлүк соода уюмуна кошулууда качкын президент Аскар Акаев сокур тыйын дагы жардам албаганы эле көп нерседен кабар  берет.

 

Эркиндикти камсыздайм десең энергетиканды көтөр!

«Биз эгемен мамлекетте жашап атабыз» деп көкүрөк какканыбыз менен көпчүлүк учурда кошуна өлкөлөргө көзкаранды болуп келгенибиз жашыруун эмес. Жөнөкөй мисал – энергетика тармагыбыз. Кыштын кыраан чилдесинде Өзбекстан газын бууп, шыйрагыбызды жагып калчудай кырдаалга кептелчүбүз. Президент башында турган бийлик Кыргызстанды нагыз энергетикалык көзкарандысызтыкка жеткирүү үчүн чечкиндүү кадамдарды баштады. Россия менен биргеликте ири энергетикалык долбоорлор башталды, быйыл «Датка» подстанциясы бүттү. Ошондой эле калкты газ менен камсыздоо максатында «Газпром» ишканасы бизге ири инвестиция салмак болду. Ушундай аракетибизди көргөн кошуналар ультиматум коюп, талаш жерлерди өткөрүп бергиле дегенге чейин барышты. Бирок кыргыз бийлиги алган багытынан тайбай тургандыгын далилдеп, алдыга карай жылууда. Буга албетте жамы журттун да колдоосу керек…

 

Кедейликтен арылдык

Апрель окуясынан кийин дээрлик эки жыл кырдаалды турукташтырууга кетти. Акыркы эки жылдан бери гана экономикага көңүл бурула баштады. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Аны Дүйнөлүк банк дагы ырастап, 2014-жылы Кыргызстанды кедей өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Дүйнөлүк банктын мындай чечими колдоого алаарлык. Себеби быйыл өлкө бюджетинин киреше бөлүгү мындан 5 жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 млрд. сомдон ашты.

Экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн кошуна өлкөлөр менен, дегеле сырткы байланышты чындоо күчөтүлдү. Россия, Казакстан менен достук мамилебиз мурдагыдан дагы бекемделсе, 1992-жылдан бери мамилебиз үзүлүп калган Араб өлкөсүнө президент расмий визит жасады. Мындай мамлекеттер аралык мамиле ири инвестицияларды тартууга, экономиканы көтөрүүгө зор огожо болору шексиз.

 

Жол тоспой, жол салалы

Узап бараткан жылда унаа жолдорду куруу жаатында жемиштүү болду. Ош-Исфана, Талас-Тараз-Жамбыл, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун курууга толук каражат чегерилди. Көптөн бери унутта калган Маданият-Жалал-Абад жолуна көңүл бурулуп, Бишкектен Кара-Балтага чейинки жолду оңдоого акча бөлүндү. Ушунча жолду бүткөрүү эгемендик тарыхыбызда болуп көрбөгөн окуя эле. Баарынан дагы түндүк-түштүктү бириктирчү жаңы унаа жолунун салынып баштаганы өзгөчө кеп кылууга арзыйт. Үч жылдан кийин ишке берилчү бул жол жүргүнчүлөрдүн каттамын жакшыртууга, экономиканы көтөрүүгө шарт түзөт.

 

Кыргыздын аты дүйнөгө дүңгүрөдү

Маданиятсыз, тилсиз мамлекеттин келечегин элестетиш кыйын. Өзгөчө эгемендиктин шарапаты менен экинчи планга калып кеткен эне тилибизге быйыл көңүл бурула баштады. Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында мамказынадан миллиондогон сом бөлүнүп, учурда иш жигердүү жүрүп аткан кези. Ал эми кыргыз элинин байыркы, маданияты бай эл экендигин бүткүл дүйнөгө даңазалаган «Биринчи көчмөндөр оюну» ийгиликтүү өттү. Ага дүйнөнүн чар тарабынан 20дан ашуун мамлекетинен атайын спортчулар жана коноктор келип катышты. Мындай зори ш-чараны кийинки жылы дагы Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле кыргыздын туңгуч журт башчыларынын бири Иманалы Айдарбековдун 130 жылдыгы, улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракелери жогорку деңгээлде белгиленди. Кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өтүп, 31 жылдан бери басмадан жарык көрө элек «Каныбек» романы кайрадан басылып чыкты. Мындай мисалдарды санай берсек кагаз бети түт келбес. Биз орчуңдууларын гана жаздык, калганы жамы журтка белгилүү.

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru