Айбат » Темир Сариев: “Кыргызстандын кызыкчылыгындагы келишимге жетиштик”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Темир Сариев: “Кыргызстандын кызыкчылыгындагы келишимге жетиштик”

Темир СариевМосквада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталды. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Темир мырза, көптөн бери күтүлгөн, кыргыз коомчулугунда талаш жараткан келишимге кол коюлду. 1-январдан тарта иштейт деп мерчемделген Евразия экономикалык союзуна Кыргызстан кошулуу менен бул уюмдун шарттарын толук кабыл алуудабы же Бажы союзуна тиешелүү эле бөлүгүнбү?

– Биз чоң келишимге кол койдук. Бүгүн да Евразия экономикалык комиссиясында атайын жумушчу топ иштеп, бир топ түзөтүү-өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин биз берген сунуштарыбыз да эске алынган соң келишим түзүлдү. Ошол келишимге биз кол койдук. Негизги келишимде Кыргызстандын үлүшү такталып 1,9 ээ болдук. Келишимдин күчкө кирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-майы деп жазылды.

Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы бажы текшерүүлөрү качан алынары белгиленди. Бул маселе кийинки жылдын 8-майына чейин чечилип, чек аралар 9-майга карата ачылуусу керек. Жаңы бажы тарифи Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара ачылган күндөн баштап кабыл алынары көргөзүлдү.

Мындан башка фитосанитардык ветеринардык текшерүүлөр боюнча макулдашууга 8-майга чейин кол коюлушу керек. 2015-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин башкаруу бийлигинде өзүнүн үч ордун ээлейт. Бирок биз келишим күчүнө киргенге чейин добушка ээ эмеспиз, биздин өкүлдөр болсо ал жерде иштей беришет.

Мына ушул маселелердин бардыгы негизги келишимде такталды. Мындан башка бажы эрежелери, өткөөл мезгилдин кээ бир эрежелери боюнча дагы протоколдор даярдалат. Алар 1-мартка чейин бүтүп, анан негизги келишим менен бирге ратификациялансын деген атайын чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсем, буга чейин Кыргызстандын президенти да, өкмөтү да Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча келишимге сөзсүз түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук корголуп камтылганда гана кол коюлаарын айтып келишкен.

Бүгүн биз талап кылган жолдомолордун бардыгы кабыл алынгандан кийин гана президент тарабынан келишимге кол коюлду.

- Кыргызстан башынан эле 1,9 үлүштү кармап келгенби же мындан да көп беле?

– Биз бул боюнча абдан катуу талаштык. Атайын методика иштеп чыктык. Биз ошол методиканын кабыл алынышына жетиштик. Анткени билесиңер, мисалы 100 алсак, Казакстандын үлүшү 7дан  көбүрөөк. Бирок алардын экономикасы 200 миллиард доллар, а биздики 10 миллиард долларга жетпейт. Беларус 4,7, Армения болсо 1,3 үлүшкө ээ . Бирок Армениянын ички дүң өндүрүшүнүн көлөмү бизден кичине өйдөрөөк. Ушуга салыштырып биз кандай мүмкүнчүлүктү алганыбызды байкасак болот. Биз өзүбүз мерчемдеген көрсөткүчкө жакын алдык.

- Кыргыз-казак чек араларындагы бекеттердин алынышы Кыргызстан Бажы союзунунун тышкы чек араларындагы бажы бекеттерин жабдышына жараша болобу?

– Ооба, биз муну белгилеп койдук. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бажы чек арасын алуудан мурун биз өзүбүздүн тышкы бажы пункттарыбызды бекемдешибиз керек. Бул Ош, “Манас” аэропорттору, Эркечтам, Торугарт бажы пункттары.

- Алардын бекемделиши Орусиядан келген акчага көз каранды да? Каражат учурунда келеби? Убакыттан жетишесиздерби?

– Ооба, орустар бүгүн да такташты. Ал акча Орусиянын быйылкы жана кийинки жылкы бюджетине дагы киргизилиптир. 200 миллион долларды бизге толугу менен бөлөөрү айтылды. Азыр биз өзүбүздүн ички мыйзам менен тендер өткөрүүбүз керек. Ошол тендердин негизинде жабдууларды сатып алып, кыска мөөнөттүн ичинде Бажы биримдигинин талабына ылайык, чек ара, бажы пункттарын тактап, ылайыгына келтирип, чечишибиз керек. Мындан башка казактар да 100 миллон долларды берерин бүгүн ырасташты, жакын аранын ичинде келишимге кол коюп, акчаны бөлүп берүүгө макул.

- Казакстан бере турган акча насыябы?

– Жок, Казакстандан дагы грант түрүндө келет, кайтарымсыз акча.

- Мигранттар маселеси кандай чечилди? Мурдагы режим менен эле иштей беришеби же 1-январдан тарта жеңилдик алышабы?

– Мигранттар боюнча ошол келишим 1-майдан баштап күчүнө кирет. Евразия экономикалык биримдиги төрт нерсеге эркиндик берет: адамдардын кеңири жүрүүсү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле капиталдын эркин айлануусу.

- Мигранттар үчүн өзүнчө келишим талап кылынбайбы?

- Жок, ал үчүн өзүнчө келишим талап кылынбайт. Евразия экономикалык биримдигинин келишиминде мунун баары жазылган, биз ошол келишимдерди толук кабыл алдык.

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru