Айбат » Кайран гана “казагым”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кайран гана “казагым”

Эмгек туусуЖакында болуп өткөн Кочкор райондук «Эмгек Туусу» газетасынын 80 жылдыгы редактору Кызалаков Турдумамбет менен эле машинисткасы (азыр аны орун басары кылып алган) Норузбаева Гулмиранын эле 8О жылдыгы болуп калды дешет баргандар. Себеби, мурунку газетада, басма цехинде иштеген бир дагы адам катышкан жок. Ал эми 80 жылдыкка арнап чыгарган газетасын окуп отуруп, айлаң жок жакаңды кармайсың. Себеби, 10 жыл редактор болуп турган раматылык Жумагазиев Курманбекти эскерүүдө анын жаман жагын гана кыскача билдирип, «ага сөз жок» деп жамандап жазышканы Кызалаков Турдумамбет үчүн уят. Эшиктен эшик калтырбай жыртып, тешип, жөргөмүштөй жөргөлөп жүрүп, редактор болуп иштеп жаткан Соодонбеков Амантурду кызматтан алдырышып, Бейшекеева Светлананы кодулап, асылып жатып кетиришип, азыркы кызмат ордуна ыплас жол менен Кызалаков Турдумамбетти алып барган ошол Жумагазиев болчу. Кийин аны алдамчылык жол менен Норузбаева менен арызын жаздырып алышып, кууп чыкканын абийир соту өзү таразалаар. Кызалаков өзү айткандай журналисттер менен эмес колуна эптеп калем кармагандарды үйрөтүп иштеп жатканын эрдик көрүп жаткандай.

Кезинде К. Жумагазиев агабыз да Усубалиев Турдакун өңдүү мамлекеттик ишмер адамдар менен табакташ, замандаш болуп газетага бир топ эмгек сиңирген. Жаманы болбой жакшысы болбойт дегендей ал кишинин да жакшы жактары болгон. Кемчиликти санап отурса ар бир адамда бар. Уялбай «журналисттер акчасы аз деп келбей жатат, айла жок мен эптеп иштеп жүрөм» деп өзүн-өзү мактаганы да туура. Себеби, бир дагы журналист менен иштеше албай, өз билген намазын окуп жаткан кербези. Өзүнө өйдө карабай, чындыкты бетке айталбай, жер карап иштегендерди кол алдында өзү калагандай калчап, өзү каалагандай жаздырып, баш көтөртпөй билип алган.

«Эмгек Туусу» элдик газета болбой эле менчик газетага айланып бараткандай. 80 жылдык маараке эмес акча чогултмай мааракеде Урбаев Ш, Жумагазиев М, Кадыров Д, Шаршенбаев А, Абдыкеримова Ш, Кокчоева Б, Тыныстанова М, Чекирова М, журналисттер Мамбетсадыков К, Соодонбеков А, Бейшекеева С. ж.б. мааракеге чакырууга ыраа көрүшкөн эмес. Не деген республикага таанымал журналисттер өтүп кетти. Анда санда бирөөнү чолуп жазган макаласын окуп отуруп ушунчалык пастыкка түшүп кетишкенин көрөсүң. Адамга баа бербей, мурунку иштеп кетишкен жумушчу, кызматчылар менен болгон өзүнүн жеке мамилесин көргөзүү редактордун адамдык ар намысына шек келтирбес бекен?

Чындыкка түз карап, газетанын кызыкчылыгын көздөгөн бир дагы адам болбогону кайдыгерликти билдирет. Айтайын дегеним, Норузбаевага «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» деген наамын беришкени маданият министрлигинде иштеп жаткандар үчүн уят. Норузбаеванын газетага эч кандай эмгек сиңирген эмес. Дегеле маданият эмне экенинен түшүнүгү бар бекен деген ойго кетесиң. Эч кандай рекомендация албай анын эмне эмгек сиңиргенин билбей туруп наам беришкени таң калтырат. Эмне газетанын мааракеси болсо эле Норузбаева маданиятка эмгек сиңирип калабы? Бир макаланы ийине жеткирип жаза албаган, бир куплет ыр чүргөп, поэзия жөнүндө түшүнүгү жок, газетада иштеп гезит ташыган адам эмгек сиңирген алып отурса эмне деген адамда барк калат.

Кезинде гезиттин ысык-суугуна күйүп иштептирби? Биз буга каршыбыз. «Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» дешип анысы аз келгенсип Кызалаков экөө өздөрүнө кайра кайра куттуктоо беришип, окурмандардын кыжырын кайнатты. Муну менен өздөрүнүн пастыктарын көргөзүштү. Ал эми Кызалаков Турдумамбетке сөз жок. Ал газетада мурун дегеле иштеген эмес. Кече эле бирөөнүн аркасы менен редактор болуп, эми «баатыр» болуп чыга келген Кызалаков Турдумамбетке баракелде! «Айтпайт элек өзүбүз, айттырдыңыз өзүңүз, дебейт элек өзүбүз дедирттиңиз өзүңүз» айткыбыз келбей жүрдү эле, айтууга туура келди. Кызмат да кетет ага түркүк болгон эч ким жок, мааракеге чогулган акча да түгөнөт, бирок абийир адамдын өзү менен кошо дайыма жүрөт. Ар бир адам иштеген жеринен баар таап, артында кичине болсо да жакшы сөз калтырып кеткенге не жетсин.

Көпчүлүк элдин пикирин кагазга түшүргөн Асанкадыр Айтбаев, Кочкор району

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru