Айбат » КРнын Улуттук Академиясына 50 жыл, академик Асановго 80 жыл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » КРнын Улуттук Академиясына 50 жыл, академик Асановго 80 жыл

Академик Асанов жана Эмилбек уулу АйбекКЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИ –
ЗАЛКАРЛАРДЫН МЕКЕНИ …

Ү. Асанов деген ысымды университетте окуп жүргөнүмдө, химия китептерин жана тармактык энциклопедияларды окуганымда гана кездештиргем. Кийин тагдыр буйруп, атын алыстан угуп жүргөн баатырды жакындан жолуктурдум. 2010-жылы окууну бүтүп, энциклопедияга жумушка орношкону башкы редактордун кабылдамасына келдим. Ичинде киши жок экен, дароо кирип барып учурашып болгон соң, академик мени карап «Я в тебе молодого Асанова вижу» («Сен мага жаш курактагы Асановдун элесин берип турасың») деп айтты. Үсөн Асановичтин «Молодой Асанов» деген сөзүнүн эки өзөгү бар эле. Биринчиси, көз айнек тагынып, арык болгонум, чындыгында агайдын жаш кезиндеги курагына окшошуп кетет экенмин. Экинчиден, Үсөн Асанович менден көптү үмүттөндүргөн, келечекте өзү өңдүү илимпоз адамды көргөндүгү туурасында айтып өттү окшойт. «Молодой Асанов» деп өзүнө мени окшоштуруп, бир эсе мен аркылуу өзүн көргөндүгү, мени абдан шыктандырып, жаңы окууну бүтүп келген жөнөкөй жигит үчүн бул өтө эле чоң стимул болгон. Себеби, кыргыз жергесине аттын кашкасындай таанымал болгон, каалагандай эле улуу илимпоз адамдардан мындайды уга бербестирсиң деп ойлойм. «Молодой Асанов»  ысымга ээ болгонума бүгүнкү күнгө дейре кубанып, курбу-курдаштарым, чогу иштешкен кесиптештериме мактанып келем.

Асанов ҮсөнҮ. Асанов менен бирге иштешип келе жатканыма 4 жылга жакын убакыт болгонуна карабай, мен ал киши туурасында, анын илимий багыттагы, адамдык багыттагы сапаттарын толук өздөштүрүп, бир катар кызматташтыктагы иштерди жүзөгө ашырдык. Ү. Асановтун жетекчилиги алдында жарыкка чыккан, кыргыз элинин чыгаан окумуштуусу Дүрбөлөң Мамбетовдун «Избранные научные труды» эмгегинин акыркы барактарына менин сүрөтүмдүн жайгашып калышы да жөн жерден эмес эле. Бул китептин жарыкка чыгышы үчүн агай менен биргеликте бир жыл убакыт бою тыгыз кызматташтыкта иш алып бардык. Эл арасында айтып коюшат го, «Токтогулду Токтогул кылган Ж. Бөкөнбаев» деп, ошондой эле «Мамбетовду Мамбетов» кылып, кыргыз илиминин тарыхында «Мамбетов» ысымынын өз ордун таап калышына Ү. Асановдун түздөн-түз катышуусу бар десек аша чапкандык болбос. Сөөгү-сөпөт болуп, такыр унутта калган инсанды, Ү. Асанов өзү айткандай «Көрдөн сууруп» чыгып, 40 жылдан ашуун убакыт өткөн Некрологун таап, аны коомчулукка жарыялоо эрдик эмей эмне. Үсөн Асановичтин аркасы менен коомчулук өзүнүн алтындай болгон уулу, эл аралык деңгээлдеги окумуштуусу менен таанышып алышты.

Үсөн Асанович Асанов деген ким? Ал – окумуштуу, ойлоп табуучу, педагог жана энциклопедист. Мындай айтканымды, жакынкы эле убактарда жарык көргөн, «Перелистывая книги ученого, изобретателя, педагога, энциклопедиста» деген эмгек таамай айгинелеп бере алат. Китепти барактап олтуруп агайдын чексиз ааламына «учуучу килем» аркылуу саякатка чыгып, анын дээрлик өмүр жолу, чыгармачылыгы, жоро-жолдоштору туурасында кенен маалымат аласың. Бирок, ошолордун ичинен өзгөчө көңүл, эки документке бурулат. Биринчиси, СССР Илимдер Академиясынын Президиумунун Чечими. Анчалык таң калтырган эмне болгон чечим? 1975-жылы илимдин кандидаты Ү. Асанов СССР Илимдер Академиясында көптөгөн академиктердин, дүйнөлүк окумуштуулардын, илимдин докторлорунун алдына чыгып, өзүнүн илимий ишинин маңызы туурасында мыкты доклад жасаган. Отургандар жаш жигиттин «саз» иштерине баа беришип, төмөнкүдөй мазмундагы чечим чыгарышкан: «1. Химия илимдеринин кандидаты Ү. Асановдун илимий иши жактырылсын… 2. Ишти андан ары улантуу үчүн лабораторияга сунушталсын… 3. Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда бул иштин жүрүшү үзгүлтүксүз улантылсын…». Өзү жөн гана кандидат болуп, ошончо улуу окумуштуулардын алдына чыгып доклад окуп, анын Президиум тарабынан колдоого алынышына жетишүүсү бул Ү. Асановдун өзүнчө бир эр жүрөктүгүнөн, оригиналдуулугунан кабар берет.

Асанов жана УсубалиевАл эми экинчи документ, СССР Илимдер Академиясынын Президенти, үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин жана мамлекеттик сыйлыктын ээси, академик А. П. Александровдун агайдын Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйлангандыгын куттуктап жазган каты эле. Анын мазмунун кыска бирок нуска сөздөрдүн тутумунан турган төмөнкүдөй текст түзөт: «Улуу урматтуу Үсөн Асанович! СССР Илимдер Академиясынын Президиуму Сизди жогорку мамлекеттик сыйлыктын ээси болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайт жана Сизге чын ден соолук, албан-албан ийгиликтерди каалайт». Чындыгында Үсөн Асанович мындай катты, болгондо дагы, СССР Илимдер Академиясынын Президентинен күткөн эмес. Төбөсү көккө жетип, жакындары менен бир эсе кубанычын тең бөлүшүп, бир эсе мактанып кала берген. Союз тарап, арадан 40 жылга жакын убакыт өтсө дагы, бүгүнкү күндө, тарыхы чоң бул кат баа жеткис реликви катары Үсөн Асановичтин архивинде сакталып турат.

Академик Ү. Асанов өмүрүнүн урунттуу учурларын мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалоо менен өткөрүп келет. Алсак, 6 жылдай мезгил бою азыркы Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин элдик депутаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана аны биринчи төрагасы, ал эми 2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Кыргыз энциклопедиясы» Башкы редакциясынын башкы редактору болуп талыкпай эмгектенип келүүдө. Улуттук университетибиздин тарыхы Ү. Асановдун эмгек жолу менен тыгыз байланышта. Дегеним, Үсөн агай алгачкы ирет демократиялык жол менен университеттин ректорлугуна шайланып, анын өнүгүшүнө, илимий-техникалык базасынын байышына, билим берүү системасынын сапатынын жогорулоосуна маңдайдан тер аккан эмгектерди жумшап, Кыргызстандагы университеттердин көч башында турган университетке айландырып, Орто Азиядагы алдынкы университтердин катарына кошкон. Ошондой эле, Үсөн агайдын жеке демилгеси менен 1991-жылдын 11-сентябрында университеттин коллективинин арасында чоң чогулуш өткөрүлүп, атайын чыгарылган токтомдун негизинде окуу жайга даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын ысымын берүү маселеси көтөрүлгөн. Бул чечим дароо колдоого алынбаса дагы, арадан жылдар өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын Буйругу менен Ж. Баласагындын ысымы ыйгарылган.

Кыргыз жергеси көптөгөн залкарлардын уюткусу десек куп жарашаар. Мен өмүрүмдө журтубуздун көрүнүктүү жазуучусу, залкар инсаны Чыңгыз Төрөкулович Айтматов менен кол алышып, бирге иштешпей калдым. Бирок, тагдырдын буйругу  экен, мен дагы бир залкар Үсөн Асанович менен бирге жүрүп, ал кишинин айткан кеп-кеңештерин угуп, «Энциклопедия» деп аталган мекемеде ата-баладай, окутуучу-окуучудай иштешип жатканыма сыймыктанып келем. Бир залкарынан ажырап калганына карабай, экинчи бир залкары маңдайында жылмайып турганда Кыргыз элинин бактысы тоодой экен деп ойлонуп коём.

ЭМИЛБЕК уулу Айбек, УКГнын ИИ боюнча директорунун орун басары, физика мугалими

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru