Айбат » Жолдошбек Бектурганов, “Кыргызстан” авиакомпаниясынын башкы мїдїрї: “Биздин максат–кардарларды ойдогудай тейлєє, купулуна толуу”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жолдошбек Бектурганов, “Кыргызстан” авиакомпаниясынын башкы мїдїрї: “Биздин максат–кардарларды ойдогудай тейлєє, купулуна толуу”

Бектурганов Жолдошбек

- Жолдошбек мырза, бир топтон бери Кыргызстан  аба каттамдары  «кара тизмеге» кирип, андан чыга албай бушайман тартып келїїдє. Бул кырдаалга кабылбаш їчїн эмнелерди кылуу керек?

– Мурдагы иштеп кеткен Жарандык аба агентигинин жетекчилери ушул маселени карап кара тизмеге киргизбегенге аракет кылса болмок.  Єзїўєргє белгилїї болгондой СССРдин жоюлушу менен эле Кыргыз авиациясы кароосуз калып калган. Мурда Союз убагында аба техникасы “Аэрофлот” деген авиакомпаниясы аркылуу Москвадан  борбордоштурулган негизде чечилип камсыздалып турчу, андан тышкары учкуч-техниктер союзда болгон окуу жайларда окутулуп келчї. Аба жолдорун тескєєчї органдар катуу талап кылып кїнєєлїлєр катуу жазаланчу. Союз тарагандан кийин Кыргызстан єлкєсї єзїнїн аба тармагын тескєєчї органын тїзїп иштей баштаганда кєпчїлїк иштерман кызматкерлер жумуш аздыгынан жана айлык акысын убагында тєлєнбєй калышынан башка жумуштарга кетип калган. Кыргыз жарандык аба органы акча каражатынын жетишсиз бєлїнгєнїнєн пайдаланып башка єлкєлєрдєгї иштеп жаткан учактарды бизде каттого алып, ар бир учак їчїн акысын алып башка єлкєлєрдє уча берїїсїнє уруксаат бергенинен пайдаланып Европа єлкєлєрїндє уча баштаган. Европа єлкєлєрїндє биздин учактардын тескєєсїз учуп жїргєнїн кєргєндєн кийин биздин учактарды текшерип талаптарга жооп бербей турганын кєрїшїп Кыргызстанда катталган Европа єлкєлєрїндє учуп жїргєн учактарды токтотуп авиакомпанияларды Европанын кара тизмесине киргизген. Евросоюз биздин ошол кездеги жарандык аба агентигинин жетекчилери тарабынан текшерїїгє алуусун сурагандан пайдаланып Кыргызстандагы катталган аба компанияларынын бардыгын Европанын кара тизмесине киргизип салган.   Азыркы кїндє Европа союзу Кыргызстанда жаўы ачылган авиакомпанияларды автоматтык тїрдє кара тизмеге киргизип коёт. Мына азыр Тажикстан жарандык авиациясы  “кара тизмеге” кире элек. Эмне  дегенде  алар биз даяр эмеспиз деп Евросоюздун аудиторлорун бизди текшерип бергиле деп чакырган жок ,  биз убагында чакырып алып єзїбїз кара тизмеге кирип калдык да.  Азыркы кїндє Кыргызстанда катталган 17 компания бар. Ал  компаниялардын ичинде жїргїнчїлєрдї ташый турган 5 компания иш жїргїзїшєт. Азыркы кїнгє чейин жарандык аба агенттиги  Транспорт министрлиги менен биргеликте Европанын кара  тизмесинен чыгуу їчїн ар кандай аракеттерди кєрїп жатат,  аба жолдорун тескей турган  нормативдик документтердин бардыгы Европалык стандартарга жооп бере турган кылып тїзїлїп єкмєт  тарабынан бекитилип берилгени аз да болсо кара тизмеден чыгуу мїмкїнчїлїктєрї тїзїлїп калды дегенден жаўылышпайм.  Аба компанияларынын дагы акыркы їч жылдын ичинде жасаган аракеттери дагы кара тизмеден чыгууга жардам берерине ишенем. Бизге Европадан келген текшерїїчїлєр дагы єздєрїнїн жакшы баасын берет го деп їмїттєнїп турабыз.

-Кыргызстанда жакында АКШнын учагы жарылды.  Ганси авиабаза 2014-жылы чыгат, АКШнын бул базасына чыгуусуна кандай пикирдесиз?

-Чындыгына бул маселени эки тараптуу карасак болот. Алгач экономикалык жагынан караганда, АКШ тараптан тєлєнгєн акча каражатынын кєлємї жогору болууда. Анын негизинде аэропортко жардамы тийип, мамказынага да чоў жардам болуп атат. Ошону менен катар жумуш орундары тїзїлїп, жарандарыбыз їй-бїлєсїн багууда. Бул жагынан алып караганда экономикага кошкон салымы зор. Ал эми саясий жагынан алып караганда, АКШнын дїйнєлїк саясатынын курмандыгына айланып калышыбыз мїмкїн. Мисалы, АКШнын авиабазасы Кыргызстанда бар деп, Азия континентиндеги радикал мамлекеттер бизге каршы турушу мїмкїн. Демек, бул жаатынан алып караганда америкалык аба базанын биздин єлкєдє турушу кооптуу жагдайларды тїзїшїнє алып келиши ыктымал. Муну менен катар экологиялык жактан дагы бир топ зыяндарга алып келїїдє. Єйдєдє учуп бара жаткан учактары Кыргызстандын аймагындагы айдоо жана калк жайгашкан аймактарын  кїйїїчї майларын тєгїї менен бир топ экологиялык абалды терс жагына єзгєртїїгє алып келїїдє. Ушул маселе АКШнын абабазасы єлкєбїзгє келгени жарандардын кыжырына тийген маселеге айланды да калды. Ошондой эле жакында Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын аймакта, тагыраагы Чалдовар айылы жакка жакын аралыкта учуп тїшкєн АКШнын учагынан 60 тоннадай май булакка куюлуп кеткенин жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудум, кєрдїм, уктум. Анда айыл єкмєттїн башчысы булакты калк жыш жайгашпаган жерге буруп койдук дейт. Анткен менен кайрадан эле ылдый жагынан кошулуп жатпайбы… Мына ушул окуядан эле Кыргызстандын экологиясына канча зыян алып келди. Ал булактан суу ичип жаткан  мал-жандыктар, жан жаныбарлар ар кандай илдеттерге кабылышы мїмкїн. Андан сырткары билбестен жарандарыбыз дагы ал суудан ичип алып, илдеттерге кабылуу коркунучу сакталып турат.  Андан сырткары кїйїїчї май суунун ичинде эле жата бербестен, асманды кєздєй бууланып, ар кандай химикалык заттар жана ооруларга алып келе турган вирустардын пайда болушуна єбєлгє тїзїшї мїмкїн. Арийне, ангина сыяктуу  дем алуудан жуккан илдеттерге алып келиши ыктымал. Уйлардан сїт чыкпай калды деп жатышат. Албетте, бул жаатта изилдєє иштери болууда. Менимче экологиялык жагынан олуттуурак кєўїл бурулушу керек. Ошондуктан бардыгын анализдеп, изилдеп туруп бул ишке баа бергенде экономикалык жагынан дагы экологиялык зыяны жана коопсуздук коркунучу кєбїрєєк ойлонуунуну туудурат. Андыктан Кыргызстандын позициясы 2014-жылы Гансини чыгаруусу туура эле го дейм.

-Сиздердин компания “Кыргызстан” деген ат менен мамлекеттин ысымын алып, атайын бренд болуп калды, башка компаниялардан эмнеси менен єзгєчєлєнїп турат?

-Башында жаўы тїзїлїп жатканда “Кыргызстан” деген атын койгондон кийин, ошого жараша каражат жагынанбы, башка жагынанбы  колдош керек болчу. Тилекке каршы “тєрєлгєнїнє” сїйїнїп жїрє бергенбиз дагы, турган жагын карабай калганбыз. Андыктан єзї менен єзї болуп там-туў басып келе жатат. Акча каражаты деле бєлїнбєптїр.  Азыркы кїндє деле мамлекеттен акча каражат сураган жокпуз, анткени бизге эмес  башкасына деле бюджеттин тартыштыгынан жетпей атканын кєрїп жатабыз.  Кайра мамлекетке салык тїрїндє жана дивидент тїрїндє 100 миллиондон ашык каражат  тєлєп бердик. Ар кандай чет єлкєлїк лизинг компаниялардан колдоо сурап жїрїп,  алардын жетекчилери менен  жакшы мамиле тїзїп алардан учактарын убактылуу лизингге  сурап,  учакты иштетип акысын анан тєлєп турабыз деп сїйлєшїїнїн негизинде ишти алып баруудабыз. Азыркы тапта технологиялардын єнїгїшї менен абакаттамдарын тейлей турган техникалардын дагы заманбап тїрлєрї кєбєйдї. Эски учактар менен зымырап жїрє бербестен, заманбаптарына жетїї дагы бир топ тїйшїктї жаратып келет. Самолет алыштын жолдору абдан татаал экен. Атайын эларалык келишимдерге киришибиз керек экен. Самолетту алганда тєлєй албай калса эмне болот деген. Ушул келишимдер жок болгондуктан биздин кєп компанияларга берїїдєн баш тартышууда. Андан сырткары Европанын  кара тизмесинде турганыбыз биздин жаўыраак учактарды алуубузга кєп терс таасирин тийгизип жатат. Жаўы учактарды убактылуу лизингдин  негизинде алып келїїнїн їстїндє иштеп жатабыз, бирок, биздеги налогдордун Россиянын мыйзамдарынан кєчїрїлїп жазылышынын негизинде убактылуу алып келїї мїмкїн болбой жатат, учак канчалык жаўы болсо ошончолук кєп салык тєлєп калат экенбиз. Бул жагынан Транспорт министрлиги менен биргеликте бул мыйзамдарды биздин шартка ылайыкташтырып жазылышына Парламент  тарабынан єзгєртїї киргизилишин сурап сунуш киргизип жатабыз. Бул єзгєртїїлєр кирип калса, Кудай буюрса Кыргызстанда жаўы учактар пайда болушуна чоў шарттар тїзїлїп калышына ишенемин.

 -Негизинен буга чейин єкмєт тараптан колдоолор болсо, мурун эле заманбап учактар алынып келип, єнїгїп кетиши мїмкїн беле?

-Албетте, мїмкїн эле. Жаўы-жаўы учактарды алмакпыз. Балким, АКШ абабазасын киргизип жатканда акысына єзїўєр чыгарган жаўы учактардан бергиле десек, берип калмак беле. Аны убагында эч ким сурабаса керек.  Сиз айткандай єнїгї тезирээк болот эле. Бул жаатта кєйгєй єтє эле кєп.

-Азыркы учурдагы абалыўызды кандай деп баалар элеўиз?

-Эми кичине аракеттер менен єз жолубузду таап алдык десем болот. Бирок, дагы деле жогоруда айткандай кємїлїп жаткан кєйгєйлєр оголе кєп. Буга чейинки кєп карыздарыбыз бар эле бир жылдан бери ырааттуу кутулуп келе жатабыз, бул жагынан биздин єнєктєштєрїбїз аэропорт, май куюучу компаниялар ж.б. жетекчилери тїшїнїї менен мамиле кылышып, бизди колдоп келе жатышат, аларга чон ыразычылыгымды билгиземин.

-Алдыга кандай максаттарды коюп, иштин нугун кайсы тарапка бурсак деп турасыздар?

-Албетте, ар бир ишти баштаганда кєптєгєн максаттар менен баштайт. Андыктан биздин негизги эле максат–кардарларды жакшы тейлєє, жетчї жерине жакшы жеткирїї, купулуна толуу.  Дагы да кардарлардын купулуна толуу їчїн жылына жаўы-жаўы заманбап учактар менен толуктап туруу максатыбыз бар. Мисалы, жылына їчтєн-тєрттєн учактарды “гаражыбызга” толуктап турсак деген илгери їмїттєрїбїз бар. Алар деле кымбат учактар, аны алып келїїнїн жолдору єтє эле татаал. Мындай татаалдыктарды басып єтмєйїнчє ийгиликтерди багындыруу, максатыўа жетїї абдан кыйын. Андыктан “талыбас эмгек тоодой тоскоолдукту жеўет” дегендей , кайратмандык менен єнїгїї жолун кєздєй багыт алуудабыз. Жакынкы аралыктардагы аракеттерибиз менен окурмандарды тааныштыра кетсек, чет єлкєлїк абакомпаниялар менен сїйлєшїїлєрдї жїргїзїп заманбап учактардын санын арбытуу болуп саналат. Андан башка ички каттамдарды єнїктїрїї їчїн биздин кичинекей аэропортторго ылайыктуу учактарды алып келип иштетсек деген чоў долбоорлордун їстїндє иштеп жатабыз, Кудай буюрса ал кїндєр дагы жакындап калды деп сиздерди ишендире аламын. Аба транспорту дїйнєдє эў коопсуз транспорт катары эсептелинет. Ошондуктан ички каттамдарды єнїктїрїп алсак ар кайсы областарда жашаган элдердин ортосундагы аралык кыскарып ички туризмдин єнїгїшїнє чоў мїмкїнчїлїктєр тїзїлєт эле.

-Жолдош мырза кардарларыўызга жана жалпы эле окурмандарга болгон каалоо-тилектериўизден айта кетсеўиз?

-Урматтуу “Кыргызстан” авиакомпаниясынын кардарларына, жалпы окурмандарга жана жалпы кыргызстандыктарга кааларым тынчтык, єлкєбїз алдыўкы єлкєлєрдїн катарына кирсин! Ошондой эле Кыргызстандын экономикасы жана коопсуздук жагы оў жолуна чечилип, кыргыз элинде этникалык жана башка козголоўдор болбостон єлкє жарандары ынтымакта ємїр сїрїшсїн!

Маектешкен Улукбек Кутманбаев




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru