Айбат » “Кумтөр” улутташтырылса, Ысык-Көлдүн социалдык абалы кандай болот?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөр” улутташтырылса, Ысык-Көлдүн социалдык абалы кандай болот?

КумтөрБүтүндөй Кыргызстандын экономикасы үчүн өзгөчө орду бар «Кумтөр» компаниясын улутташтыруу аракети өлкөбүзгө эч кандай жакшылык алып келбей тургандыгы азыртадан эле маалым болуп калды. Бир нече жылга созула турган сот процесси, миллиарддаган доллар компенсация, токтоп калуу коркунучундагы өндүрүш, экологиялык коопту жагдай жана талкаланган экономика… Мунун баары айтылып эле атат. Тилекке каршы айрым депутаттардын аң-сезимине бул кооптуу жагдайлар толугу менен жетпей жаткан өңдөнөт. Мындан сырткары жогоруда санап кеткен улутташтыруунун орчундуу кесепеттеринин катарына «Кумтөр» компаниясы кирешесинин эсебинен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна бөлүнүп турган каражаттын эсебинен социалдык, жана башка ар түрдүү маселелерди чечип келишкен жергиликтүү жашоочулардын абалы кандай болот деген суроо дагы кошулат. Бул багытта бир эле мисалды алып көрсөтсөк жетиштүү болчудай. Маселен, аталган фонддун жардамы менен Жети-Өгүз районунда көптөгөн социалдык обьектилер курулган жана учурда дагы курулууда. Кече жакында эле Тамга айылында 650 окуучуга ылайыкташкан орто мектептин чатыры оңдоп жабылып, каалга-терезелери алмаштырылып, жылуулук системасы орнотулган. Мындан сырткары Тосор айылындагы суу каналын оңдоо иштерине 200 миң сом бөлүнгөн. Бул канал 600 гектар жерди суу менен камсыз кылат. Тамга айыл өкмөтүнүн депутаты Абылкайыр Узакбаевдин айтымында өткөн жылдан тарта бул районго Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жылына 100 миллион сом бөлүнүп турат. «Аталган фонддон бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен биздин айыл акырындык менен дотациядан чыга баштады. Мындан сырткары «Кумтөр» ишканасынын колдоосу менен Тамга айылында «Жети-Өгүз» кичи кредиттик агенттиги иштеп атат. Көпчүлүк жергиликтүү жашоочулар бул агенттиктин каражаттарын пайдалануу менен буттарына туруп алышты. Кредиттин суммасын кайра кайтаруу кыйын деле эмес. Себеби пайыздык үстөгү болгону 10-12%ды түзөт» дейт ал. Абылкайыр мырза өзү дагы бул агенттиктен өткөн жылы 100 миң сом кредитке алып, автоунааларга май куючу заправкасын кеңейткен. Бул акчаны кайра кайтаргандан кийин, кийинкисинде андан да көбүрөөк суммада каражат алууну пландаштырып жатканын билдирет. Ал жеке ишкер катары жергиликтүү бюджетке жылына 150 миң сом салык төлөп турарын айтат. Демек, «Кумтөр» компаниясы өзүнүн өндүрүшү менен гана алек болбостон, Ысык-Көл облусунун аймагында чакан бизнестерди өнүктүрүү багытында дагы жергиликтүү жашоочуларга өтө чоң көмөк көрсөтүп жаткандыгын түшүнөбүз. Себеби мындай кичи кредиттик агенттиктер бир гана Тамга айылында эмес, дагы көптөгөн айылдарда ачылган. Мисалга, Тоң районунда «Тоң финанс» кичи кредиттик агенттиги ушундай эле кызматты көрсөтүп келет. Бул районго Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жылына 50 миллион сом которулуп тураарын Күн чыгыш айыл өкмөтүнүн депутаты Лилия Сопиева билдирет. Андан түшкөн акча ал айылдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалат. Эгерде мына ушундай жалпы республикабыз үчүн дагы, анын ичинде Ысык-Көл облусунун социалдык маселелерин чечүүдө башкы ролду ойногон ири ишкананы улутташтырууга барсак, анда жогорудагыдай финансылык колдоо көрсөтүүлөрдүн аягы тыйылат. Бери эле дегенде ар бир айыл өкмөтү жылына алып туруучу 5 миллион сомдон куру калат. Бул улутташтыруунун бир гана облуска тийгизе турган терс таасири.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №110



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru