Айбат » “Бул жылдагы оппозициянын ишмердүүлүгүнө «2» деген баа коем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » “Бул жылдагы оппозициянын ишмердүүлүгүнө «2» деген баа коем”

Бакетаев Бакыт- Жаңы 2015-жыл дагы босогобузга кирип келди. Ага байланыштуу өтүп бараткан 2014-жыл Кыргызстанга эмнелерди берди, кандай жетишкендиктерге жетишти, кандай катачылыктарга жол берилди деген суроо туулат?

– Биринчиден, жалпы элибиздин, коомубуздун руханий мейкиндигинде өсүү болду. Миң-миңдеген жылдардан бери карай келаткан элибиз демократия тепкичинен өттү. Азыркы тапта дүйнө жүзүндө деглобализация жүрүп атат. Адамзаты экиге бөлүнүүдө. Мына ушул багытта кечээ өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кирүү менен Россияны тандады. Биздин Россия менен байланышыбыз өтө көп жылдардан бери карай келатат. Бизди көп нерселер байланыштырып турат. Андыктан Евразия экономикалык биримдигине кирдик. 1991-жылы СССР ураганда Кыргызстан өзүнчө бөлүнүп, аймагы кичирейип калган болсо, азыр эми Белоруссия, Тынч океанына чейин чоңойду. Биздин жерибиз кеңейди. Бул тарыхта кала турган зор окуя болду. Экинчи жагынан быйыл биздин элди жаратылыш аябай катуу сыноого алды. Кургакчылык болуп, суу тартыш болду. Энергетикалык кризис жаралды. Бирок эң негизгиси элибизде улуттук бийик ариет пайда болду. Элибиз бардыгын таразалап калды. Дагы бир баса белгилеп айта турган нерсе – бул түндүк-түштүк альтернативалык жолунун салынып башташы болду. Бул багыттагы иши үчүн транспорт министрин мактасак да болот. Себеби биз азыркы тапта Бишкек шаарынын ичинде автотыгындардан жыла албай калдык. Ошондо гана «Жолдорду кеңейтиш керек экен» деп ойлоп атабыз. Ал эми ушундай темп менен жүрүп отурсак, жакынкы жылдарда Ош-Бишкек жолу дагы автотыгын болуп калмак. Ошону алдын алып жатканы үчүн министрди алкап коелу.

- Келерки жылдан эмнелерди күтсөк болот?

– Жаңы –Жыл кой жылы болгону менен, бул жылы ар кандай сыноолор болот. Экономикабыздабы, саясатыбыздабы, айтор сыноолор болушу күтүлөт. Бирок элибиз ага даяр келди. Биз жогоруда айтканымдай бардыгын таразалаганды үйрөнүп калдык. Андыктан ар кандай коркунучтардан сактана алабыз.

- Бул жылы саясат айдыңында өздөрүн оппозиция эсептеген саясатчылардын иштерине кандай баа бересиз?

- Оппозициянын быйылкы ишмердүүлүгүнө «2» деген баа коем. Себеби алар же өздөрүнүн жолун көргөзө алышпады, же сунуштарын айта алышпады. Оппозиция өзү майда барат сектанттарга бөлүнүп кетти. Эл оппозициянын айтканын түшүнө алган жок. Сынды да туура айта алышпады. Мунун бардыгы алардын мамлекеттик укук теориясын билбегендиги болду.

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru