Айбат » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы. 4-бөлүм

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы. 4-бөлүм

Чоң Чарык уруусу(Башталышы өткөн санда)

Ал мезгилде 8 жашар Сагымбай Орозбаков балыкты уулу Найманбай менен, албетте көргөн, бирок өзүнөн уулу Шапакка устат боло алмак эмес. Төрөгелди баатырдын эшик ырчысы саяк Айтике ошол мезгилде катуу төкмө акын болгон. Төрөгелди аны Балык менен айтыштырганы тарыхта калыптыр. Балык сөзгө чечен, туура сөздүү, ачуу тилдүү болгондуктан, кыргыз акындары Балыкты көрүшкөндө «кайсы жерден айып табат» дешип калтаарып, дирилдеп турушчу экен. Ал кандай гана шартта, кайсыл гана курактагы жаш, карысына карабай, кимдин байдын, манаптын, болуштун, бийдин ырчысы болбосун, ага карабай ачык айтып, туздап ырдачу экен. Арийне, Балыктын кандай азуулуу акын экендигинен кабар берген жумгалдык саяк Айтике менен айтышкан  алым-сабагы келип жетти. Шапактын небереси Токтобек Исмаиловдун айтуусунда Илимдер Академиясында толугу менен сакталуу болуш керек. Бир учурда атам Эсенбаев Келдибек жатка айтчу, азыр 90 дон өтүп айта албай калды. Эсимде калганы боюнча жазып кетейин. Төрөгелди баатырдын эшик ырчысы Айтике, кирген буурадай эле качырып кирет:

Балыкооз–Бекмурат,

Байкабай жаман кепти урат.

Батырбай Шамен тууганы,

Чоңчарыкты жеп турат.

Кара комок тезектей

Кеч көңүңдү айтамын.

Ак тасмадай сыдырып,

Аягы Талас, башы Чүй

Бирин койбой кыдырып,

Көчкөнүңдү айтамын.

Чоңойгондо жуттуң Чомойду,

Карыганда жуттуң Нанайды.

Кабат жуттуң солтодон

Эшкожо менен Канайды.

Солтонкулду чокудуң,

Башына куран окудуң.

Субанымды сураба,

Ачык күнү тутулду.

Кара болот, Шааболот

Ырысынын барынан

Кабакка кирип кутулду.

Кудаярды куруттуң,

Ажыбекти аймадың. –

деп эле, сарбагыш Төрөгелдинин эшик ырчысы Айтике беттеп чыгат. Балык да жөн жооп бербейт:

Кудай урган Айтике

Кукчуңдайсың жөнү жок.

Кудай алаар бир күнү,

Өлгөндүн несин кеп кылдың?

Өчкөндүн несин кеп кылдың?

Аягы Талас, башы Чүй

Бирин койбой кыдырып,

Көчкөндүн несин кеп кылдың?

Кыр Шиберди кыдырып,

Кыргыз көчкөн эмеспи?

Ааламды бүтүн айланып,

Жылдыз көчкөн эмеспи.

Сары Арканы кыдырып,

Ногой көчкөн эмеспи?

Жалгыз аттуу сен тургай,

Жалгыз үйлүү мен тургай,

Кечээ  Чомой көчкөн эмеспи?

Сен кызыл тил бурасаң,

Кызыталак Айтике,

Менин элим сурасаң,

Кайкардын кара көчүндө,

Чоң чынардын өзүндө

Манастын тиккен багында,

Кеңколдун маңдай жагында.

Солкулдаткан Урумду,

Болкулдаткан Крымды.

Бүрүштүргөн бүркүттү,

Чүрүштүргөн чүрчүттү.

Залкарлар менен тең болгон,

Сарбагыш мен болом! –   деп сарбагышты да далайга мактайт. Айтике сарбагыш Төрөгелди ырдатып жатканын туюп, ырын бурат:

Төрдөн аккан төрт арык,

Төрөгелди, Ормондон,

Төмөн качкан чоңчарык.

Ысуулап аккан төрт арык,

Ырыскулбек, Ажыдан,

Ылдый качкан чоңчарык. – деп дагы бир топту оолугуп калган Айтике айтат. Анда  саяктарды чымчып жатпайбы Балык. Ошол мезгилде ар бир айылга саяктар толуп, эшик ырчыга айланышкан экен. Азыр деле алардын тукумдары бар.

Темирден ийген таяк бар,

Теребелди карасаң,

Тентип келген саяк бар.

Арчадан ийген таяк бар,

Абайлап барын карасаң,

Ар айлымда саяк бар… деп агы толтура шылдыңдары бар, анда Айтике Балыкка асыла баштайт. Сарбагыштардан өлгөн кишинин барын эле, Балык өлтүргөндөй, Балыктын мойнуна койо баштайт:

Карасартты кайсадың,

Ниязбекти жалмадың…

Ормон жактан оолак кет,

Төрөгелдиден төмөн кет…

– деп Балыкты шыбап, Айтике «кет-кет» -деп атат. Балык да оңой эмес:

Жүзгө толгон Ниязбек,

Жүдөгөндөн өлбөйбү.

Алтымышта Карасарт,

Алжыгандан өлбөйбү… ( 60тагылар эми кыздарга барып жүрбөйбү)

Элиңде киши өлбөсө,

Энең кана Айтике?

Айлыңдан киши өлбөсө,

Атаң кана Айтике? – деп, кишинин ажалы келип турарын түшүндүрөт. Айтике ачууланып:

Көөнөчөктү ит баскан,

Көйнөгүңдү бит баскан.

Кермелерди ит баскан

Сенин кемселиңди бит баскан…

Анда Балык:

Көөнөчөктү ит басса,

Куюп берер аяк бар.

Көйнөгүмдү бит басса,

Терип берер саяк бар.

Кермелерди ит басса,

Керип берер таяк бар.

Кемселимди бит басса

Терип берер саяк бар.- дейт Балык. Айтике ага жооп даярдап айта турган баштанып обдулуп калганда Төрөгелди Айтикеге тап берип:

– Эми сен тентиген саякты укканда жеңилбегенде качан жеңилесиң, -деп ырды токтотуп калган дейт. Далай төкмө акындарды ыйлаткан Балыктын айтуусунда Айтике саяк оңой акын эмес экен, ал жаңы гана кызып келатканда, кантсе да сарбагыш тууган эмеспи,Төрөгелди аны жемелемиш болуп токтотуп калыптыр. Болбосо, Айтикең жеп жибермек деп баалайт Айтикенин талантын. Бул ырды Балык айтчу экен, андан Эсенбай, андан Келдибек. Келдибек бул ырды башынан аягына чейин жатка айтчу, андан магнитофонго жаздырып койгонбуз, бирок кассетасын ким издейт? Эсенбаев Келдибек Шапак Рысмендеевдин «Манасын», «Мендирманын» жана башка көп чыгармаларын Илимдер Академиясына жаздырган.

Ошол мезгилде Россияны император Александр II (2-март, 1855 -13 –март, 1881) бийлеп, кыргыз элинде сарбагыш сыяктуу хандык бийликтерди жок кылыш үчүн жаңы аймактык реформаларды жүргүзө баштайт. Сарбагыштар мурдакыдай бирдиктүү болбой он эки болуштукка бөлүнөт:

1. Сарсейиттен Үчүкө, Түлкү, Канкудаян, Эрдене — төрт уул. Үчүкөдөн Мааматкул, Дөөлөт. Дөөлөт уругу бир болуш — Надырбек деп айтылат.

2. Мааматкулдан Болот, Темир. Болоттон Эсенкул, андан Ниязбек. Ниязбектен Бердибек, Бердикожо, Субан, Ормонкан, Ажы, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек. Ырыскулбектен Кайдуу, Осмон, Мусуралы. Кайдуудан Чоко. Чокодон Казы. Ырыскулбектин балдары бир болуш, Ат -Башыда турган.

3. Шатенден Качы. Качыдан Мамбет. Андан Касымалы , Шералы. Анын уулу Айдаралы. Касымалы эки болуш. Ак-Талаада.Ажыдан Ажы уулу. Эми Ажыдан Ботокан, Баба. Абыкан. Ботокандан Батыркан, андан Муңгуш. Бабадан Карач ажы. Ысакам, Куламбай ажы. Карач ажыдан Ногойбай, Мамбетжан.

4. Субандан Адыл, Мусаке — эки уул. Адыл баатыр адам болгон, бирок баатырлыгынан пайда көрбөдү. Акыры киши колдуу болду. Мусакеден Байгазы, Койкелди, Байгазыдан Капсалаң, Эсенгул. Азыр бир болуш элди баштап . Нарындын ичинде Субан эли аталган. Бердикожо, Бердибек балдары Субан элинде турат.

5. Эсенгулдан: Куттуксейит, Карасарт, Кубат, Абдыраман, Шоорук, Базаркул, Назар. Ар биринен бирден урук тараган. Назар Базаркул менен биригип отонтой. Базаркулдан төрт уул, бири Сатылган (Алыбек баатырды кармап келген), бири Иса; Сатылгандан Нарынбай, андан Султаке, Султакеден: Бейшеке, Жумакадыр, Шарипа, Күлүйпа, Сапина. Ийсадан алты уул, бири Садыр, андан Рүстөм. Куттуксейиттен Шамен, андан Байтерек, андан Балбак, Бекчоро, Чыңгыш. Бекчородон Алкан. Ниязбектен Ормонкан. Ормонкандан Үмөтаалы, Чаргын, Сейилкан. Үмөтаалыдан он төрт уул болуп, мыктылары Көкташ, Түлкү, Нурташ. Көкташтан Жабай. Нурташтан  Эрмек. Бул айтылган жети ата — жети ата Борукчу эли деп аталып бир болуш эл, Кочкорду жердеп турушкан. Буларга кошулган Ниязбектин экинчи аялынан Түлкү жалгыз. Түлкүдөн Кооман, Тезекбай. Салыбектин тукуму, чоңчарыктын бир бөлүгү Борукчу ичинде калган.

6. Темир уулу эки болуш: Кочкордо болгон.

7. Түлкү балдары Тынай деп айтылат, булар төрт болуш.

Александр II нин жаңы реформасынын негизинде, болуштуктар түзүлүп кочкорлук чоңчарыктар эки болуштукка бөлүнгөн. Александр II нин көзү өтүп 1881-жылдары Россия империясы  Кытай менен жаңы келишимдерди түзгөнгө байланыштуу кээ бир кыргыз уруулары мурунку өз конуштарынан көчүрүлөт. Көлдүн тескейиндеги сарбагыштар Кочкорго көчүрүлөт. Ушундай заманда Шамендин небереси Балбак өз атасы Байтерек менен болуш талаша кетип жеңип чыгат. Жамаатташ Төрөгелди болуштугундагы Өтөнбай дегендерди, каматып жиберет. «Ит болдуң, йе сарбагыш» -дегендей Төрөгелдинин тукумдары кыз төрөйсүң да жаңы туулган ымыркай кызды аязда суукка тоңдуруп салса, Байтерек тил албаган аялынын үстүнө туз бастырып өлтүрүп койгон. Ал эми Ормон уулу Үмөталы Сары-Булакта кетип баратса, бир кемпир чыгып алып, неберемди ат тебелеп кетпесин деп: «Үмөталы» -деп небересин чакырып жатыптыр. «Кыргызда бир гана Үмөталы бар, ал менмин» -деп Үмөталы кичинекей баланын башын алдыртып салат. Балбак өтө курч жигит болгон, ал Ат-Башыга Чокого барып, Шабдандын ордун алууну көздөйт. Чоко жактырган эмес. Ал Алматыдагы округ жетекчилерине белек ыроолоп Шабдандын ордун аларда, жакын жаткан Төрөгелди тукуму андан өч алууну көздөп, Кубат уулу менен кагылыштырып, Балбак жапжаш кезинде койчо мууздалып өлөт. Балбак болуш кезинде чоң атасы Шаменге күмбөз кура баштайт, ошол күмбөзгө өзү жатып калат. Шаменге жай-айтканы туш-тараптагы болуштуктагы сарбагыштын мыктылары келишет. Ошондо Шамен: «Чоң уруунун уруулугун таштатып кеткиле» -дейт. Көрсө, Байтерек апийим чекчү экен, ошону токтотуп бергиле дептир. Көл-Үкөккө бээ байлатып, ошондо орус арагы жаңы чыгып жаткан экен, орус арагынан алдырып, Байтеректин апийим чеккенин токтотуш үчүн Эсенбайлар кошо арак ичишкен экен. Эптеп апийим чеккенди арак ичип жатып токтотуптур. Шамен Төрөгелди тукуму тынч жатпай калаарын түшүнүп, Борукчу элин алып бош жаткан күн Чыгышты беттей көчкөн экен. Ошол мезгилде Каройду чий басып жаткан экен. Эсенбай Каройдун мыкты жер экенин байкап, ушул жерди алган экен. Карой жакта Эсенбайдын секиси деген бар, Көл-Үкөктө Эсенбайдын ташы деген болуптур, кийин Чоңчарыктын ташына айланып кеткен. Ошол мезгилде Шамен Жоон-Арык суусун буруп, Шамен-Алышты курган. Өйүздөгү чоңчарыктар Төрөгелди болушунда кала беришкен. Төрөгелдинин тукуму ээ-жаа бербей эле каалаган күнү, малын каалашынча сойо бергендиктен, кийин Эсенбай бөлөсү Миңбайды жек –жааты менен алдырат. Анын малын жаш кезинде Тайыр аксакал айдашып келгем деп айтып калчу. Эсенбайлар Каройго көчкөндөн баштап, өйүздөгү чоңчарыктар менен ортодогу аралык алыстайт.

Айбат гезити №110




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru