Айбат » 2015-жыл: Кой жылына жылдыз төлгө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » 2015-жыл: Кой жылына жылдыз төлгө

Winter chinese new year card with cartoon sheepСаналуу күндөрдөн кийин 2015-жыл өз кучагын жайып кирип келет.  2015-жыл чыгыш календары боюнча кой жылы болуп эсептелет. Астрологдор кой жылында  адам жашоосунун баардык жагында чоң өзгөрүүлөр болорун белгилешет экен. Төмөндөгү  ар бир жылдыз белгилерине жаңырып келе жаткан 2015-жыл  кой жылы кандай таасир бере турганы жана кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы жөнүндө  астрологдордун сунушун тартуулайбыз.

Кой жылдызы – 21.03.- 20.04.

2015-жыл кой жылдызынын астында төрөлгөндөр үчүн көп тармакта ийгиликтүү болот. Эң негизгиси кой белгисиндегилер өздөрүнүн жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк түзүлөт. Сиз көбүрөөк коммуникабелдүү жана өзүңүзгө ишенимдүү болосуз. Бул жылы аталган белгинин алдында төрөлгөн ишкер адамдар үчүн көп нерсеге жетишүүгө шарт түзүлөт. Жөн гана кыялдарга батып жүрө бербестен конкреттүү пландарды ишке ашыруучу мезгил келет. Ошол эле маалда бир топ иштер сиздин айланаңызда жүргөн адамдардан көбүрөөк көз каранды болот. Жеке жашоодо жарык маанайдагы оң эмоциялар көп болоорун белгилешүүдө. Түгөйүн кездештере электерди жаңы жолугушуулар күтөт. Өз сүйүктүүңүздү кездештирүүдөн кур калбаш үчүн астрологдор карьерага ашкере эле бериле бербөөнү сунушташат. Робот эмес экенинизди эске салып, эс алганыңыз да жөн. Ал эми үй-бүлөлүүлөргө астрологдор абай болууну кеңеш беришет, себеби ыгы жок жерден жубайыңыз менен мамилени салкындатып алышыңыз ыктымал. Карьера жаатында ийгиликтер коштойт, бирок кайсы бир титулдун, наамдын артынан кубалабаганыңыз дурус. Эң жакшы тандоо – бул баардык жерде орточо абалды кармануу. Ошондуктан карьерга байланышкан иштерде шашылуунун кажети жок. Соода жана ишкерлик жаатында иштеген кой жылдызындагылар туруктуу шерик боло турган адам менен таанышуусу ыктымал. Ал эми башчысынын алдында мээнетин көрсөткүсү келгендер үчүн оңтойлуу учурлар көп болмокчу. Каржы маселесинде бул жылы ар бир тыйындын эсеп чотун алган жөн экенин астрологдор белгилешет. Акчаны оңду-солду чачуунун кажети жок, антпегенде каражат жагынан кысталыш учурга кептелүү мүмкүн. Ден соолукка көңүл буруп убагында эс алуу, дарылануу талап кылынат.

Букачар жылдызы – 21.04.-21-05.

Кой жылы букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөргө өтүп бара жаткан жылкы жылына салыштырганда тынч жана бейпил болорун астрологдор белгилейт. Жылкы жылында бул белгидегилер ар кандай кыйынчылыктарга кабылып, анча жакшы эмес мезгилерди баштан өткөрүшкөн. Жылдыздар кой жылында баары тынч болорун эскертишет. Ал тургай бир аз жагымсыз окуялар болсо да, аны көңүлгө албаганыңыз жөн. Баардык иш орду-орду менен чечилет, болгону сабыр сактап, чыдамкайлык таанытыңыз. Ошондой эле маалда астро төлгөчүлөр букачар жылдызындагыларга келе жаткан жыл ар түрдүү окуяларга бай болорун эскертишет. Жакшы жагынан болгон жагдайлардын көптүгүнөн ал тургай чарчап-чаалыгып калышыңыз да мүмкүн. 2015-жылы букачар жылдызындагылар үчүн өзүнүн ички дүйнөсүн өстүрүү, келбетине кам көрүү үчүн оңтойлуу мезгил. Ошондой эле билимди өркүндөтүүгө, чет тилдерин үйрөнүүгө жакшы шарттар түзүлөт.

Жалгыз бой букачар жылдызындагылар кой жылында өз түйгөйүн табууга толук шарттар бар. Ошол эде маалда жылдыздар сезимдерге өтө эле берилип кетпөөнү эскертишет. Ал эми үй-бүлөлүү букчар жылдызындагылардын жашоосу бир калыпта өтмөкчү. Ишкердик жаатта букачарлар үчүн көптү убада кылган жана перспективалуу жыл болору күтүлөт. Карьеранын горизонтунда жаңы тааныштар пайда болуп, жаңы идеалардын үстүнөн иштөөчү убакыт келди. Каржы жагынан да кам санабай койсоңуз болот. Чоң суммадагы акча менен иштөөгө туура келиши ыктымал. Туура чечим кабыл алыш жана акчаны туура пайдаланыш өз колуңузда. Ден соолукка кам көргөнүнүз дурус.

Эгиздер жылдызы- 22.05.- 21.06.

2015-жыл эгиздер жылдызынын астында төрөлгөндөр үчүн алардын жашоосундагы маанилүү мезгил болуп калмакчы. Бул биринчи кезекте пландоо менен байланышкан. Бул жылы пландаган маселелер кийинки жылдарга катуу таасирин берет. Кой жылы эгиздер үчүн абдан маанилүү чечимдерди кабыл алууга эң жакшы убакыт. Өзүңүз чечим кабыл алып, башка бирөөлөрдүн кеңешине бул жылы абайлап мамиле кылганыңыз жөн. Эгиздерди келе жаткан жылда чоң ийгиликтер коштомокчу. Ийгилик жеке жашоодо болобу, кесиптик тармакта болобу коштоп жүрөт. Аны кандай пайдалануу өз колуңузда болот. Баардыгы өзүнөн-өзү чечилет деп карап отуруштун дагы зарылдыгы жок, ошондуктан “аракет кылсаң- берекет” деген сөздү эстей турган мезгил келди. Көптөн бери күтүп жүргөн максатыңызды орундатуудан коркпоңуз. Бул жылы жеке жашоодо жалгыз жүргөн эгиздер үчүн олуттуу мамиле түзүүгө ыңгайлуу мезгил болуп саналат. Ошентсе да ашкере эмоцияга алдыруунун арты жакшы болбосун дагы астротөлгөчүлөр белгилейт. Карьерада жогору мансаптарга жетүүчү учур. Бул жылы акыл жана кесипкөйлүктөн тышкары, жакшы тааныштарды кездештирип алардын жардамы менен бийлик тепкичинде бийиктеп же ишкер чөйрөдө ишти алга жылдырууга оңтойлуу мезгил түзүлөт. Кой жылы чоң суммадагы акчага батир, унаа сатып алуу же ири инвестиция салууга ыңгайлуу учур. Ден соолук жаатында болсо дайыма сиз өзүңүздү алдуу-күчтүү, кубаттуу сезе турган мезгил болмокчу.

Чаян жылдызы – 22.06 – 23.07

2015-жыл чаян жылдызындагылар үчүн биринчи кезекте алыш-бериш мамилелери үчүн кыйын болмокчу. Жаңы тааныштарды күтүүдө, адамдар менен сүйлөшүүдө кыйынчылыктар пайда болушу ыктымал. Бирок бул адамдын ички өзүнө ишенбөөчүлүгү менен байланыштуу болот. Бирок ушундай болот деп ойлонбостон өзүн алып чыгуучу мезгил келгенин астрологдор белгилешет. 2015-жылы таанышкан адамдар сиздин жеке жашооңузда да, кесиптик жактан да оң өзгөрүүлөрдү алып келе турган адамдар болмокчу. Жагдайды өзгөртүү чаян жылдызындагы адамдардын өзүнүн колунда.

Жеке жашоодо чаян жылдызындагылар үчүн өз түгөйүн жолуктурууга мүмкүндүк түзүлө турган жыл. Түгөйүн кездештире элек чаян жылдызындагылар үчүн эң жакшы мезгил жаз мезгили болмокчу. Ал эми жубайлар үчүн мамиленин жаңы деңгээлине өткөрө турган учур келди. Кесиптик жаатта чаяндар атаандаштарга кабылышы ыктымал. Бирок өз ишиңизди мыкты, так аткарсаңыз жеңиш сиз тарапта. Быйыл кесипкөйлүктү жогорулата турган учур. Каражат жаатындагы жагдай өз нугуна түшүп гана тим болбостон, көптөгөн жагымдуу сюрприздерди алып келет. Ден соолукка өз маалында көңүл бурсаңыз, баары жакшы болот.

Арстан жылдызы- 24.07.- 23.08

Кой жылы арстан жылдызындагы белгиде төрөлгөндөр үчүн бир беткей эмес жыл болмокчу. Арстан жылдызындагылардын жагдайы бир абалдан экинчи жагдайга улам өзгөрүп тургандыгы менен өзгөчөлөнмөкчү. Туруктуу жашоого көнүп калган адамдарга бул маселе жаратышы ыктымал. Ошондуктан астрологдор ийкемдүү болууга чакырышат. Бул жылы ар кайсы ишти аткарам деп чарпылбай, бир жумушка көңүл топтогонуңуз жөндүү болмокчу. Оттуу жылдыздын астында төрөлгөндөр үчүн кой жылы жеке жашоо жана сүйүү жаатында зериктирме болбой турганы анык. Өзүңүздү жагымдуу сезип, айланадагыларга да жагымдуу көрүнө турган мезгил келди. Түгөйү бар арстан жылдызындагыларга жыл жетишерлик тынч өтмөкчү. Кесипкөй жааттан алганда арстан белгисиндегилерге долбоорлорду ишке ашырыш үчүн кимдир-бирөөнүн көмөгү кажет болот. Кеңеш жана жардам сурагандан коркпоңуз. Арстандар үчүн карьерасында жакшы жылыштар боло турган жыл. Акча жаатында арстандар жыл башынан тартып эле каражатын чогултканга өткөнү дурус. Бул чоң иштерди жасоого жардамы тиет. Ден соолукту карап, эс алууга да убакыт бөлүүнү унутпаңыз.

Бийкеч жылдызы -24.08 – 23.09

Бийкеч жылдызынын астында төрөлгөндөр үчүн кой жылында ишке аша турган жагдайлар алардын өзүнүн кылган аракеттерине байланыштуу болорун астрологдор белгилейт. 2015-жылдын башынан тартып эле бийкечтер аларга жаңы шарттарды сунуштаган жагдайга көнө албай турган учурга кабылышы ыктымал. Айрыкча чымырканган учур жаздын соңу жана жайдын башында болушу күтүлөт. Жашооңуз үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуучу мезгил келди жана бул чечимдерден жашооңуздун келечеги тыгыз байланышкан. Баардыгы туура болуш үчүн өз жүрөгүңүздү укканыңыз жөн экенин астрологдор эскертишет. Түгөйүн кездештире элек бийкеч жылдызындагылар мамиле түзүүдө жаңылып калбаш үчүн сезимге алдырбоого туура келет. Чечим кабыл алууга ашыкпаңыз. Ал эми үй-бүлөлүү бийкеч жылдызындагылар жубайы менен келечек пландарды ишке ашырууга оңтойлуу мезгил түзүлөт. Биринчи кезекте материалдык муктаждыктар чечилип, жаңы турак жай алышыңыз же жаңы үйгө көчүп барышыңыз мүмкүн. Карьералык планда астрологдор сизге көбүрөөк ишеничтүү аракеттерди иш ашырууну сунуш кылат. Болбосо сиздин талапкер болуп жаткан ордуңузду бирөөлөр алышы мүмкүн. Жылдыздар айлана-чөйрөдө болуп жаткандарга жакшылап көңүл бурууну, байкоо салууну сунуш кылат. Каржы жаатында бийкеч жылдызындагылар үчүн жемиштүү болуп, киреше ар тараптан келет. Ден соолукту жакшылап карай турган учур.

Тараза жылдызы – 24.09 – 23.10

Кой жылы тараза жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн айлана-чөйрөдөгүлөр менен мамилени кайрадан карап чыга турган мезгилди берет. Баарын кайра башынан талдап чыгып, башка бирөөнүн “башындагы чөптү көрө бербей” жакшы мамиле түзүүгө аракет кылганыңыз жөн. Жагдайды жакшы жагынан кабыл алсаңыз баары ордуна келет. Жеке жашоодо дагы “жети өлчөп, бир кесе” турган мезгил келгенин астрологдор белгилешет. Үй-бүлөдөгү күндөрдү бир беткей эмес, романтикалуу өткөрүүгө эң ынгайлуу учурлар болот. Негизи эле түгөйүңүз көп иштерде сизге бул жылы жардамчы болмокчу. Таразалар үчүн карьера жаатында жакшы жыл күтүп турат. Таразаларга ар тараптан ишкер сунуштар түшөт, жаңы жумуштарды сунуштоолору ыктымал. Мүмкүнчүлүгүңүз жетсе өзүңүздүн ишти баштоого дагы оңтойлуу учур болуп жатканын астро төлгөчүлөр маалымдайт. Каржы жаатында тараза жылдызындагылар тобокелге барбашы кажет. Ден соолукту карай турган учур.

Бөйөн жылдызы – 24.10 – 22.11

Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн 2015-жыл ар түрдүу окуяларга бай болмокчу. Көпчүлүк бөйөн жылдызындагылар эски жагдайлардан, эски мамилелерден кол үзөт. Эгер мындай чечим кабыл алсаңыз, артка кылчайбай алдыга кеткениңиз жөн. Жагдайды өзгөртүш үчүн бөйөндөр өзү менен иштөөсүнө туура келет. Көпчүлүк бөйөндөр бул жылы жалкоолукка берилишет.

Бөйөн жылында төрөлгөндөр үчүн жаңы таанышуулар, жаңы байланыштар пайда болушу ыктымал. Бул жагдай жылдын экинчи жарымында болушу күтүлөт. Ошондуктан астрологдор сезимге берилбөөгө кеңеш беришет. Карьера жаатында өзүңүзгө окшогон дымактуу адамды кездештирип, биргелешкен долбоорлорду баштап ийгиликке жетиш үчүн оңтойлуу жылдардан болмокчу. Карыз алып, карыз берүүдө абайлаганыңыз жөн. Айрыкча чоң суммада акча алууда. Ден соолукка жакшылап көңүл бөлүү талап кылынат.

Жаачы жылдызы – 23.11. – 21.12

Жаачы жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн бул жыл жашоонун баардык жаатында алдыга кадам таштай турган жыл болорун астрологдор белгилешет. 99 пайыз учурда болуп жаткан жагдай сиздин өзүңүзгө карата ишенимиңизден жана чечимиңизден көз каранды болот. Көптөн күткөн жыйынтыктарга жетүү кой жылында бир кыйла жеңил болоору күтүлүүдө. 2015-жылы ал тургай каршылашып жүргөн адамдар менен дагы бир пикирге келесиз. Бул ашыкча нервиңизди коротпой, кесиптик жаатта ыңгайлуу позицияга ээ болууга шарт түзөт.

2015-жыл ал тургай тартынчаак мүнөздөгү жаачылар дагы жеке жашоосунда өзүн көрсөтүүдөн, өзүнө көңүл бурдуруудан тартынбайт. Демилгени колго алуу менен көп ишти алга жылдырасыз. Айрыкча жаз мезгилинде өзүңүздү жакшы жагынан таанытууга оңтойлуу мезгил түзүлөт. Үй-бүлөлүү жаачылар жолдошунун кесипте пайда болгон кыйынчылыктарына көмөк көрсөтүүлөрү мүмкүн. Жумуш жаатында жаачылар жогору кызматтарга, же жогору акча төлөй турган жумуштарга барышы күтүлөт. Бирок ошого жараша кесипкөйлүгүңүздү дагы жогорулатууга туура келет. Жаачы жылдызындагылар үчүн кой жылы байлык топтоого ыңгайлуу мезгил болуп саналат. Каражатты туура пайдалансаңыз байый турган кез келди. Ден соолугуңузга абайлап мамиле кылыңыз.

Текечер жылдызы – 22.12-20.01.

Текечер жылдызындагылар кой жылында өздөрүн мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алышат. Кесиптик жактан да, жеке турмушта да, үй-бүлөлүк жаатта да текечерлер демилгени колго алып, тигил же бул иштин башындап турушу күтүлөт. Көпчүлук иштер жакшы жагына чечилип, сизге ыраазы болгондор көбөйөт. Башчыңызга жагып ири долбоорлорду ишке ашыра турган, бийлик тепкичинде өйдөлөй турган учур. Текечер жылдызындагылар жеке жашоосунда абдан сезимдерге берилишет. Үй-бүлө күткөндөр үчүн дагы жакшы мамилени өнүктүрө турган кез келди. Жубайыңызга жакшы сөз арнап, анын көңүлүн ала турган оңтойлуу убакыттар көп болот. Каржы жагынан текечер белгисиндегилер каражаттын жаңы булактарын, кошумча булактарды издөөсүнө туура келет. Өзүңүздүн ден соолукка карап, чарчап чаалыкпай эс алууга убакыт бөлгөнүңүз дурус.

Суу куйгуч жылдызы- 21.01-19.02.

Суу куйгуч жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн кой жылы ийгиликтүү жылдардан болмокчу. Кичинекей ийгилик болобу, чоң ийгилик болобу кубана турган кез келгенин астро төлгөчүлөр белгилешет. Коомдогу стереотиптер жана пикирлер менен суу куйгуч жылдызындагылар бул жылы көп эсептешпейт. Кесиптик жана жеке жашоодо тааныштар көбөйөт жана көпчүлүгү оң таасирин гана тийгизет. Абалды оңдоого жардам беришет. Кызыктуу ишкер сунуштар өз жемишин берет. Жеке жашоодо эсте каларлык жаркын элестер коштогон жакшы учурлар өтөт. Каржы жагы көп чымырканууну талап кылса да, акыры өз жемишин берет. Ден соолук жаатында кыйынчылыктар болбойт.

Балык жылдызы-20.02.- 20.03

Кой жылы балык жылдызындагылар үчүн өздөрүнө жаккан иштен канааттануучу учур. Жашооңуздун баардык жаатында ийгиликтер коштойт. Балыктар жакшы хобби табышат, чыгармачылык энергиясы көбөйөт. Өзүңүздүн сүйүктүү адамыңызга, өмүрлүк жолдошуңузга жолуга турган эң ыңгайлуу жыл – кой жылы болмокчу. Жылдыздар балык белгисиндегилерге кой жылында өтө эле ишенчээк болбоону сунуш кылышат. Өзүңүз сырын жакшы билген адамдарга гана ишениңиз. Жеке жашоодо тартынчаактыкты жоюп, чечкиндүү кадамдарга барасыз.Үй-бүлөлүү балык жылдызындагылар үчүн жыл өзүнүн күтүлбөгөн белектерин камдабаш үчүн, эмоцияга берилүүдөн алыс болушуңузду астрологдор кеңеш берет.Чыгармачыл жаатта эмгектенген балык жылдызындагылар үчүн бул жыл өзгөчө жемиштүү болмокчу

Айбат гезити №110



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru