Айбат » Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы кезектеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы кезектеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

01Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган жаш өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүү максатында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы кезектеги «Балдар биздин бактыбыз – 2014» аттуу майрамдык программасын уюштурду. Бул кайрымдуулук кечеге  КР ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары М. Нуралиев, БДЖАнын президенти Саид Баюми, бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана 450дөн ашык жетим балдар апалары менен катышты.

02Майрам ар кандай театрлаштырылган сценалар, ыр күлкү тартуулаган ар кандай номурлардын коштоосунда болуп өттү. Аталган мекеме өзүнүн карамагындагы  450 балага 5 миң сомдон акча жана кышкы курткаларын кийгизди. Мындан сырткары окуудагы жакшы жетишкен 30 окуучуга планшет, көп балалуу баатыр-энелерге өзгөчө белектер тапшырылды. БДЖАнын президенти Саид Баюми, Кыргызстан калкынын социалдык турмушун көтөрүүнү өзүнүн жарандык милдети катары эсептейт жана калктын аярлуу катмарына дайыма көңүл бурууну кааларын айтып 2015-жылга жөлөк пул алуучу балдардын санын 2 миңге жеткирүүгө аракет кылаарын билдирди.  Бүгүнкү күндө республика боюнча 1500 атасыз балдар БДЖАнын эсебинен ай сайын 1350 сомдон жөлөк пул, мектеп окуу куралдарын (дептер, калем, карандаш, калемсап, альбом ж.б.у.с.) жайкы жана кышкы кийимдерин алып турушат. 03Тактап айтканда бир жылдын ичинде: жөлөк пул 21 млн 600 миң сом, кышкы жана жайкы кийимдерине 2 млн 600 миң сом, мектепке керектүү концтоварлар 585 миң сом, медициналык көзөмөл 500 миң сом, таттуу белектерге 600 миң сом акча коротулат.

Айбат гезити №110



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru