Айбат » “Евротүйүндүн” негиздөөчүлөрүнүн бири Евгений Чичваркин өз убагында аны Максим Бакиев тоноп кеткенин билдирди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Евротүйүндүн” негиздөөчүлөрүнүн бири Евгений Чичваркин өз убагында аны Максим Бакиев тоноп кеткенин билдирди

Евросети“Евротүйүн” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Евгений Чичваркин 2008-жылы Кыргызстандын рыногуна чыгуу ийгиликсиз болгондугун билдирди.

Ал Украинада Future Lab 2014 медиаконференцияда сүйлөп атып, аны Кыргызстанда тоноп алган адам Лондондо коңшулаш жашай тургандыгын айтты. “Чириген алманы анын терезесине ыргыткым келет. Максим Бакиев – майда диктатордун баласы”, – деп сөзүн тактады ал.

Е. Чичваркиндин айтымында 2008-жылдагы кризис ага эч кандай жапа чектирбестен айланып өткөн жок. Ал “Евротүйүндү” саткан. “Андыктан 2008-жылдагы кризистен кийин Россияда кантип жашоо керек экендигин мен сиздерге айтпай эле коеюн” деди ал.

Евгений Чичваркин 1997-жылдын 2-апрелинде досу Тимур Артемьев менен биргеликте “Евротүйүн” компаниясын түзгөн. Ал кийинчерээк россиялык ири сотка ритейлерине айланган. 2008-жылы 20-ноябрда Е. Чичваркин “Евротүйүн” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагалык кызматынан кеткендиги тууралуу маалым болгон.

2005-жылдын аягынан тарта компания Бишкек шаарында 5 салонду ачуу менен иштеп баштаган.

2008-жылдын сентябрында “Евротүйүндүн” 100%ын ANN инвесткомпаниясы сатып алган. Карызы менен кошуп эсептегенде компания 1,25 миллиард долларга бааланган.

2009-жылы компания директору Александр Малис Кыргызстандын рыногуна чыгуу стратегиялык катачылык болгондугун билдирген. Себеби компаниянын мурдагы акционерлери түйүндүн аймагы канчалык кеңейсе, анын баасы дагы ошончолук көп болот деп эсептешкен. Мына ошондо “Евротүйүн” өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жыйыштыруу мүмкүнчүлүгүн карай баштаган.

2010-жылдын июнунда А. Малис “Евротүйүн” Кыргызстандагы өз бизнесин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин структураларына сатып жибергендигин билдирген. Анын айтымында Кыргызстандагы бизнеси бир нече жүздөгөн миң долларга мамлекеттеги конфликт болоруна үч күн калганда сатылган.

Айбат гезити №111




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru