Айбат » Саясый фантастикалык чыгармасы үчүн Садыр Жапаровго эл жазуучусун берелиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Саясый фантастикалык чыгармасы үчүн Садыр Жапаровго эл жазуучусун берелиби?

Садыр ЖапаровАкматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев досторунан көңүлү үч көчкөн журттай калган кадимки экс-«ата журтчу» депутат Садыр Жапаров кийинки саясый кадамдарын алардан оолак жүрүп жасоону чечип, бир тууган инисинин ден-соолугун шылтоолоп Минскиге кире качат. Ырас, анын качканына досторунан көңүл калганынан дагы маанилүү – өзүнүн артындагы калдыраган калбырлары себеп болгон. Ал өзүнүн же мыкты бизнесмен, же мыкты саясатчы эмес экендигине көзү жетип, аябай кыжаалат болгон дешет айланасында жүргөндөрү. «Жыргалаң» шахтасын агасынын атына каттатып арзан баада алып алганы менен жыргатып иштете албай, «аны укмуштай өнүктүрүп жиберет элем» деп кытайлардан алган миллиондорун да «Кумтөргө» каршы митингдерине киргизип жиберип айласы алты куруган экен. Анан бир жагынан мээсин сергитиш үчүн, экинчи жагынан «Жыргалаң» шахтасынын жумушчуларынын нааразычылыгынан качып, үчүнчүдөн ага карата козголо турган кылмыш иштеринен кооптонуп, баягы эле Бакиевдердин колтугун эңсеп, сагынып Минскиге барып жатпайбы! Болбосо бөйрөк алмаштыруу жагынан Минскиге караганда алдакачан артыкчылыктарга ээ башка мамлекеттер толуп атат. Анан ыйлактап барган Садыр мырзаны КурСалиевич тосуп алып: «Колуңдан башка не жумуш келет?» деген суроону кабыргасынан коет. «Анча-мынча чымыным бар эле, бирдеме чиймелеп жиберчү элем, ошол чымындарымдан бирин-серини дагы деле дыңылдап учуп калат» деп жооп берет ал. Ошондо ага канкор президент: «Саясатта жүргөн жылдарыңдагы окуяларды чымындарыңдын жардамы менен кагазга түшүр» деген тапшырма берет. Ага кошумчалай: «Биз тууралуу ооз ачпайсың, калгандарын каалагандай туурала, чындык эмес, бизге ыңгайлуу кырдаал түзө турган чыркыраган калп керек» дейт. Ошентип учурда социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып аткан кадимки «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китеп пайда болот. Аны жазыш үчүн Садыр мырза адегенде тоо-ташты аралап басып, суу жээктеп кадимки жазуучуларды туурайт. Анча-мынча видеолорун өзүнө караштуу интернет сайттарынан дагы көрүп калдык.

Ошентип көзү менен көргөндөргө өлөсөлүү чымындарынын дыңылдагын кошуп, фантазиясын арттырып атып «фантастикалык даректүү баян» жазат. Арасына өзүнүн ич күйдүлүгүн, атаандаштыгын аралаштырат. Жармач патриоттуулугун патриоттуулук катары сыпайттайт. Калп баатыр болгусу келет. Өлөсөлүү чымындары чындыкты кайдан көрмөк эле, окуяны эптеп өзүнө ылайыктуу нукка бурууга далалатын жасайт. Фантастикалык эргүүсү токтоно албай, арасында адамдын күлкүсүн келтире турган, сыйкырдуу учурларды да камтып кетет. Маселен, ал түштүк коогалаңы маалындагы өзүнүн, анан жанындагы Камчыбек Ташиев, Жыргалбек Саматов досторунун баатырдыгын ашыра сүрөттөгөнгө аракет кылып атып, калптын казанын кайнатып жиберген. Маселен, китепте алар – Саматов, Ташиев жана өзү болуп бир танканын ичинде ок атышуу болуп аткан жерге барышат. Октун танкаларга тийип атканын ал ичинде отуруп сезет. Анан танканы токтотуп, сыртка чыгалы дешсе эле оозу ачылбайт. Ичинде демдери кысылат. Ошол маалда кадимки өзүнүн жанында, танканын ичинде эле отурган Саматов фантастикалык ой-жүгүртүүнүн арты менен танканын сыртында болуп калат дагы алыстан чуркап келип, танканын оозун ачат. Мына эмесе, фантастика болбосоң кое кал. Эргүү эмес бекен? Кантип эле танканын ичинде отурган адам бир заматта анын сыртында болуп калып, чуркап келе калып атат? Бул бир жагы. Экинчи жагынан сырттан атылган октордун үнүн Садыр Жапаров танканын ичинен угуп атат. Ошондой ок учуп атканына карабай Саматов чуркап келе калып атканын айт. Мынчалык шөкөттөөнүн не зарылчылыгы бар эле?

Айтор, мындай жомоктор китептин дээрлик 90 пайызын түзөт. Ошентип бизнестен дагы, саясаттан дагы жыдыган ал өнөрүн жазуучулуктан чыгаргысы келген экен. Кыязы колуна калем кармаса эле, жазуучу болуп кетет деп ойлосо керек. Ал үчүн түпкүлүктүү көрөңгө, анан мыкты даярдык керек экендигин түшүнбөсө керек. Көркөм адабятты көп окуш керек экендигин, тарыхый чыгармалар кандайча жазылышы керек экендигин билиши керектигин кыязы азыр деле түшүнө албай жатат. Ошентсе дагы анын жаңы «чыгармачылыгына» баа бериш керек. Анткени саясатта биринчи жолу фантастик жазуучу пайда болууда. Кыргыз адабиятындагы алгачкы фантастик жазуучу Кусейин Эсенкожоев «Үчүнчү шар» деген чыгармасы менен тарыхта калган. Андан кийин деле фантастиканы жазган жазуучулар көп эле болду. Бирок, саясый фантастика жазуу жагынан Садыр Жапаров биринчилерден болуп атат. Андыктан анын бул «эмгегин» баалап балким Кыргыз эл жазуучусу деген наамды берип койсокпу? Саясаттан, бизнестен жыдыган ал балким көркөм адабиятыбызга фантастикалык чыгармалардын жаңы түрүн алып келип калабы деген «үмүтүбүз» бар да…

Айбат гезити №111



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru