Айбат » Равшан Жээнбеков өзү казган орго өзү түшүп калбайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбеков өзү казган орго өзү түшүп калбайбы?

Жээнбеков РавшанЭлектр энергиясынын тарифин башкы курал катары алып чыгып, Нарын жергесинде митинг өткөрүүнү оппозиция өкүлдөрү Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаровдор пландаштырып атышкандыгын Нарын жергесинен келишкен мекендештерибиз борбор шаарыбызда өткөргөн маалымат жыйынында алдын-ала эле билдиришкен болчу. Оппозиция өкүлдөрүнөн алган акчага айрым жергиликтүү жашоочулар алданып, тынч жаткан элди азыноолак акча менен алдап митингге чакырып атышканын айтышкан.

Бирок, БОКтун (Бириккен Оппозициялык Кыймыл) лидери Равшан Жээнбеков «Нарында боло турган митингге эч кандай тиешем жок» деп өзүнө караштуу маалымат булактары аркылуу жар салган. Бирок, митинг алар каалагандай деңгээлде болбой калгандан кийин, парламент жыйынында Равшан мырза «Бийлик Бакиевдик ыкмаларды колдонуп, митингди уюштуруучуларды куугунтуктап атат. үйлөрүн, обьектилерин талкалап атышат» деп кыйкырып чыкты. Анын мындай кыйкырыгына Нарын шаарынын жашоочусу, Апрель революциясынын баатыры Канайым Бердибаеванын берген маалыматы себеп болгон. Ал айым анын үйүн милиция кызматкерлери келип талкалап, эки адам сабап кетти деген маалыматты тараткан. Анан дагы ал бул ишти Нарын губернатору менен Нарын ички иштер башкармалыгы уюштурган деген жалган маалыматты берген. Бирок, бул маалыматтардын бардыгы чындыкка коошпой тургандыгын Нарын ИИБсынын маалымат катчысы Медина Султаналиева билдирди. «К. Бердибаева айткандардын бардыгы жалган.

Милиционерлер тарабынан үйүнүн талкалангандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. үйдү талкалады деген фактынын өзү күмөн жаратат. Милиционерлер аны түшүнүк кат жаз деп мажбурлаган эмес. Азыр анын иши каралып атат. Ага карата арыз жазышты. Тергөө ишинен качыш үчүн ал ушундай кадамдарга барып жатат» дейт Султаналиева. Баарынан кызыгы Равшан мырза бул митингдерге эч кандай тиешем жок деп билдирип алып, кайра андан бийликке каршы себеп издегиси келип атканы болууда. Буга чейинки жергиликтүү элдин берген маалыматы боюнча митингдерди Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция уюштурган болсо, анын натыйжасы өздөрү күткөндөй болбой калып, элдин нааразычылыгын ойготуу максатында «Бердибаева ыкмасын» ойлоп табышкан болушу толук мүмкүн. Нарын жергесинен алынган маалыматтар боюнча кече күнкү митингге баш-аягы болгону 50дөй адам катышкан. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана энергетика министри Кубанычбек Турдубаев менен жолугушуп, түшүндүрүү иштеринен кийин тынч гана таркап кетишкен. Мындай көрүнүш жалпы элибиз үчүн жакшы болгону менен, читеринде арам ою бар айрым саясатчылар үчүн ийгиликсиз аракет болуп калган. Алар элдин толкундоосун күтүшкөн.

Бирок, толкундоого себеп жок эле. Элибиз мамлекетибиздин башына түшүп турган оор кырдаалды эң сонун түшүнгөн. Тынчтык, стабилдүүлүк сакталышы зарылдыгын сезишкен. Элдин мындай маанайынан улам көздөгөндөрү орундалбай калган оппозиция өкүлдөрү эми минтип жалгандан бийликти Бакиевдик ыкмага салууда деп кыйкырып чыгышты. Андыктан элибизде «Бирөөгө ор казсаң да, тайыз каз, өзүң түшүп каласың» деп айтылмакчы, Равшан мырза өзү бийликке казып аткан оруна өзү түшүп калчудай болуп турат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №111



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru