Айбат » Кой жылы мемиреген тынчтыктын жылы болсо…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Кой жылы мемиреген тынчтыктын жылы болсо…

АлтынЖылкы жылын узатып, кой жылын тосуп алдык. Быйылкы жыл мамлекет үчүн өтө маанилүү жыл болоору шексиз. Кыргыз парламенти 21 жылдан бери «Чубактын кунундай чубалып» келаткан «Кумтөр» маселесине чекит коюшу керек. Май айынан тартып Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болоорубуз күтүлүүдө. Ошондой эле күтүрөгөн күздө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул жамы журтка белгилүү жагдайлар. Ал эми көшөгө артында жүз берүүчү коркунучтар кандай? Алар бүгүнкү күндө чечилип атабы? Мына ушундай суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.

Былтыр күз мезгилинен тартып энергетикалык каатчылык мурдун кылыйтып, элибиздин үшүн алгансыды. Өлкө башчысы Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарында кычыраган кыш чилдесинде энергетика алуу келишимине жетишкени белгилүү. Бүгүнкү күндө ошол макулдашылган электр энергиясынын жарымын дагы ала элекпиз. Тактап айтканда, өзүбүздү өзүбүз электр жарыгы менен камсыздап атабыз. Ал ортодо, президент электр жарыгынын наркын арзандатуу тапшырмасын койду эле, өкмөт электрдин баасы 23 тыйынга чейин арзандатты, анын куну дагы түшөрү күтүлүүдө. «Быйыл кыш оор болот, электр энергиясынын баасын шылтоолоп элди көтөрөбүз» деп алаканын ушалап аткан айрым оппозиционерлердин тилеги таш капты. Жазды утурлай күтүлчү митингдердин негизги себептеринин бири болчу – энергетика көйгөйү чечилди десек жаңылышпайбыз.

Коомчулуктун көңүл борборунда турган экинчи маселе – түштүк чөлкөмүндөгү газ көйгөйү эле. Расмий Ташкент жаңы жылдын алдында Ошко газ берүүнү жандандырганы маалым. «Бийлик Оштун тургундарын газсыз калтырды» деп шылтоого шыноо таппай турган бийлик «абысыңдарынын» экинчи «куралы» «тамам» болду. Демек жазында көгүлтүр отун көйгөйүнө арналган «концерт» өтөт дегенге негиз жок.

 

«Кочкорлордун башы бир казанда кайнабайт» же оппозиция лидерлерин эмне бириктирбейт?

Бизде күчтүү оппозиция барбы? Жок. Себеби оппозиция лидерлери «бир казанда кайнай албай», чачыранды болуп кетишти. Айрымдары саламаттыгын шылтоолоп сыртка чыга качышты. Буга өзүн болочоктогу президент санаган Акматбек Келдибековдун таржымалы тирүү мисал. Ал эми Садыр Жапаров айрым саясат таануучулар божомолдогондой, К.Бакиевдин заказын аткарып китеп жазып, кан достору А.Келдибеков, К.Ташиевдердин былыгын чукуу менен чектелип туру. Ал Польшада саясый баш паанек сурашы ыктымалдыгын «Азаттык» радиосуна курган маегинде да жашырган эмес.

Бир кездеги «бригадачы» Камчыбек Кыдыршаевич парламенттик шайлоонун камын көрүп, «республикачы» Өмүрбек Бабановдун этегин кармап кетти. «Бүтүн Кыргызстанчы» Адахан Мадумаров «бир болчу» Алтынбек Сулаймановго тагдырын байлап, парламент босогосун аттоо ниетинде. Бул эки «кочкордун» жазында кырдаалды курчутуу ниети жок.

Убагында өзүн Оштун «кожоюну» санаган Мелисбек Мырзакматов Оштогу көпүрөдөн миллиондорду кымырганы ашкереленип, учурда сыртта бозгунда жүрү. Өзүн гана лидер эсептеген Мелисбек Жоошбаевичтин БОКчу Равшан Жээнбеков, «чындыкчы» Кубанычбек Кадыров сындуу саясатчылар менен үзөңгүлөш болушун элестетиш кыйын.

Жыйынтыктап айтканда, кой жылы мемиреген тынчтыктын жылы болорунан үмүт артып туралы. Саясатчыларыбыз позициясына карабай, ириде мамлекеттин бүтүндүгүн жогору коюшса деген ниет. Карапайым калк дагы пикет-митингдерден жедеп тажап, тынчтыкты самап калышты. Азыр элге тынчтык гана керек. Тынчтык болсо гана өнүгүү болот. Андыктан Кыргызстан деген мамлекетибизди өнүктүрүп-өстүрүп, элибиздин байгерчилик жашоосун камсыздоо үчүн биргеликте иш алып барганыбыз оң. Гезитибиздин жаңы жылдагы алгачкы санын ушундай тилек менен баштап турганыбыз…

Айбат гезити №111



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru