Айбат » Болор-болбос иштерге ботодой «боздой» берген Ботобеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Болор-болбос иштерге ботодой «боздой» берген Ботобеков

Ботобеков УранИлимпоздор дагы эки түргө бөлүнөт. Бири илимге сүңгүп кирип, аны менен жашаган, уктаса да, турса да илимий иштери менен алпурушуп жүргөндөр болсо, экинчи бир түрү эптеп-септеп андан-мындан көчүрө коюп, уурдай коюп атып, ар кимдин алды-артынан айланып-тегеренип жүрүп кандидаттыкты жактап алышат. Алар үчүн фамилиясынын астына «баланча илимдин кандидаты» деп жазылып турса эле болду. Ошондой кандидаттардын бири «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Уран Ботобеков деген бар. Ар кайсы маалымат булактарына өзү телефон аркылуу байланышып, анан колунан келишинче бийликти имиш кептер, жалган маалыматтар менен сындап берет. Жалгандан патриот болуп, эл үчүн күйүп аткандай түр көрсөтөт. Ток этер жерин айтканда көчөдө тайраңдап басып жүргөнүн дагы «эл үчүн басып жүрөм да» деген нукка бургусу келет.

Өлкөбүздүн башына келип оор кырдаалдарды өзүнүн гана пайдасына иштетип калгысы келгенин анын ар бир маегинен баамдасак болот. Маселен, өткөн 2014-жыл өзгөчө кургакчыл жыл болуп, суу тартыштыгы жаралып, анын негизинде энергетикалык кризис жаралган. Бирок мамлекет башчысы элибиздин кыштын кыраан чилдесинде жарыгы жана жылуулугу жок калып калбашы үчүн Казакстанга жасаган расмий иш сапарында бул маселени чечип келгени маалым. Албетте, коңшулардан сатып алып аткан электр энергиясынын импорттук баасы кымбат болгонуна байланыштуу өкмөт тарифти аргасыздан көтөрдү. Бирок бул убактылуу көрүнүш экендигин, энергетикалык кризистен чыгып алгандан кийин кайрадан тариф төмөндөшү күтүлөөрүн жакшы түшүнүп турабыз.

Казакстандан алып аткан электрди болжолдогон көлөмдөн азыраак пайдаланып жаткандыгыбызга байланыштуу жана президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика министрлигине берген атайын тапшырмасынын негизинде үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта карапайым керектөөчүлөр үчүн электр баасы 700 кВт-сааттан өйдө мурдагы 2 сом 5 тыйындан 1 сом 82 тыйынга арзандай турган болду.

Бийликтин мындай эл кызыкчылыгындагы жасаган аракетин дагы Уран Ботобеков тескери сыпаттагысы келет. Анын пикиринде бийлик элдин толкундоосунан чоочулап тарифти түшүрүптүр. Ырасында андай эмес. Себеби башында эле тарифтер импорттук электрди колдонуунун көлөмүнө жараша өзгөрүп тураары айтылган болчу. Өткөн жылдын декабрь айында нарын жергесинде электр энергиясынын тарифинин көтөрүлгөнүнө байланыштуу митинг өткөн. Аны да көмүскөгө жашырынган оппозиция өкүлдөрү уюштуруп жаткандыгын кече жакында эле атайын Нарын жергесинен келген тургундар, ишкерлер айтып кеткен болчу. Ал митингдерде башкы курал катары электр тарифи көтөрүлүп жатканы менен артында бийликке жетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган оппозициячыл саясатчылар тургандыгын дагы айтышкан. Ошондой эле 14-январда өткөн митингди дагы Садыр Жапаров, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыровдор уюштуруп атышкандыгын билдиришкен. Алар Нарын облусунун жашоочусу Бактыгүл Жумабаева аттуу айымга атайын акча беришип, элди митингге чыгаруусун талап кылышканын, ал айым тынч жаткан элди козгоо аракетинде жүргөндүгүн нааразы боло айтышкан болчу. Мына ушундай жеке саясый кызыкчылык үчүн жасалып аткан митингдерге жергиликтүү тургундардын 80 пайызы каршы экендиги маалым болгон. Анан оппозиция берген акчага алданып көчөгө чыгып алган айрым мекендештерибизди оң жолго салууга чакырык ташташкан. Бирок, Уран Ботобеков жакында эле маалымат сайттарынын бирине курган маегинде эл менен бийликти кайраштыруу аракетин катуу көрүптүр. Мисалы, ал «Атамбаев Нарындыктарды «ОБОН» деп келекелеп, тоолуктардын намысына шек келтирди» дейт. Муну жөнөкөй гана маданияттуу тил менен айтканда жалган маалымат таратуу аракети деп түшүнсөк болот. Болбосо өз элине, мамлекеттүүлүгүнө шек келтирүү, чыккынчылык катары эсептелет. Себеби мамлекет башчысы эч качан нарындыктарды ОБОН деп атаган эмес.

Мына ушул маегинде Ботобеков өлкө башчысынын атына өтө олуттуу көө сүйкөгүсү келет Тактап айтканда ал Атамбаев авторитардык башкарууну кайрадан жандантты, Оторбаевдин өкмөтү президенттин көзү менен тең айланат, Жогорку Кеңеш президенттин демилгесин ылгабай мыйзамдаштырат дейт. Биринчиден, Жогорку Кеңеште ар бир мыйзам долбоору кандай чоң талаш-тартыштар менен ачык-айкын талкууга салынып, анан кабыл алынып жатканын көрүп атабыз. Ал жерде дагы оппозициялык фракциялар бар. Аларды эч ким мажбурлап мыйзамды кабыл алдырбайт. Экинчиден, өкмөттүн алсыз болуп атканы эч кимге жашыруун эмес. Андыктан олуттуу маселелерди чечүүгө келгенде президенттин сунушу колдоого алынып жатканы маалым. Бул туурасында «Ата-Мекен» фракциясынын лидери өмүрбек Текебаев «Азыр авторитардык башкаруу жок, бийлик бир колго топтолгон дагы жок. Болгону өлкөдөгү түрдүү маселелерди чечүүдө президент тарабынан көбүрөөк сунуштар түшүүдө. Ал колдоого алынып атат. Эгерде башкалар деле олуттуу сунуштарды айтышса, талкууга коебуз» деп билдирген. Ботобековдун айтымында Улуттук оппозициялык кыймыл бардыгын ачык-айкын болууга чакырып келатыптыр. Андай болсо, алар неге Мырзакматов өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча мыйзам алдында түз жооп берип, таза экендигин далилдебейт? Тескерисинче жоопкерчиликтен качып жашынып алып, элди дүрбөтүү аракетин көрөт? «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» демекчи, Ботобеков адегенде өзүнүн айлана-тегерегиндегилерди тазалыкка, адилеттүүлүккө чакырса жакшы болмок. Кылмыш иштери козголсо эле, анын баарын саясый куугунтук дей берсек, анда коррупция менен кантип күрөшөбүз? Же өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп мультимиллионер болуп алгандарды Ботобеков таза саясатчылар деп эсептейби?

Уран мырза убагында канкор президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгону маалым. Андан кийин Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун акылкошчусуна айланды. Ушундан эле анын кимдин «чоорун сыбызгытып» жатканын байкасак болот.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №111



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Бир жолу Осоке-Осмонакун Уран тууралуу минтип айтты- эле: “Өм-өөй, ушул шүмшүк дагыле үрүп жүрөбү?”

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru