Айбат » Жеңишбек Назаралиев – Даанышман дарыгер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук, Маек » Жеңишбек Назаралиев – Даанышман дарыгер

Назаралиев ЖеңишбекМындан 23 жыл мурун биринчи жолу жеке менчик клиниканы болгондо да психиатрдык клиниканы түптөгөн, 3 сорттогу адамдарга жаңыдан жашоого үмүттүн шооласын тамызгы катары чачкан бир инсан бар. Түмөн түйшүктүү эмгегинин акыбети кайтып, 2014-жылда Йемендин “Life Friends” биргелешкен уюму Назаралиевдин гумандуу миссиясы менен таанышып, аны Нобель сыйлыгына көрсөтүштү. Жасаган ишин дүйнө кабылдап, дүйнө таанып, ал тургай таң берген, бирок эли кыргыз али баа берип, түшүнө албай келген, бир карасаң табышмактуу, сүйлөшө келсең жөнөкөй болгон кыргыздын дагы бир кыраан уулу менен жолугуп маекке тартуу менин журналисттик сапарымдагы кызыктуу да, маанилүү да окуя болду десем жаңылышпайм. Эмесе, бул маекке сиз да күбө болуңуз, урматтуу окурман.

 

Назаралиев Жеңишбек«Мен тапкан диагноз кармалбайт, аны тереңден караш керек…»

- «Кул «жеймин» дейт куйрукту, кудай билет буйрукту» дегендей Жараткандын мыйзамынан эч жакка кача албайт экенбиз. Бул кесипти тандаганыңыз да Жаратканымдын буйругудур…

– Албетте, Жаратканымдын буйругу менен ушул кесиптин ээси болдум. Бала чакта эл тааныган спорт чебери болгум келчү. Медакадемияда окуп жүргөнүмдө окулист, трансплантог болууну самачумун, бирок 6-курстан баштап, атамдын  жолун жолдой, психиатр доктурлукту тандашым бул да тагдырдыр. 2005-жылы “апрель окуясынан” соң, саясатка аралашууну туура көрдүм. Саясатты мен издебей, саясат мени таап алды. Анткени, төңкөрүшкө чейин саясат менен деле түк ишим жок болуп, көз-карандысыз жашоону кечирип келдим. Ал учурда эли-жерим үчүн күйүп, бийликкорлор бизди качанкыга чейин алдай бермекчи, биз кайда баратабыз? деген суроо жүрөгүмдү өйүп келди да, “Унчукпоонун өзү саткынчылык!” деген макалам коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Ошентип, өзүмдүн айныгыс көз-карашым менен бардык оппозициялык күчтөрдү топтоп, өз оюн ачык-айкын билдирген элимди чогултуп, Ак үйгө чейин бардык… Ушул курамдын  болгону 5 сааттын ичинде чогулуусун мен күткөн эмесмин. Балким, бул дагы элдин бийликке болгон кыжырдануусу мыйзам ченемдүү көрүнүш .

Назаралиев Жеңишбек

- «Жол башчы тандабай, жол танда» деген жакшы сөз бар эмеспи. Балким, туура жол тандасак, Кыргызстаныбыз гүлдөйт чыгаар…

– Ар бир эл 1200-1400 жыл гана жашайт деген теория бар. Эми бир күндө эле өлүп калбайт, бирок ылдыйга кетет. Мына биз 1100 жылдан бери империя катары 10-11-кылымдарда өзүбүздүн эң бийик кубатыбызга жеткенде биздин эл Енисей жактан ооп келишкен. Ошондон баштап биздин элибиз бөлүнүп, жарымысы Түндүк жакка кетип, азиаттарды түзгөн.

Төрт миң жыл мурун ар бир калк урук-тукуму менен жашаган, пайгамбарсыз, дини жок жүргөн эл болгон. Анан кийин пайгамбар Моисей 3 миң жыл мурун келгенден кийин, еврейлердин калкын кармап калышты. Бул жактан Будда эки жарым миң жылдан келгенден кийин, бул жакта Египет, Ливан, чоң-чоң Сауд. Аравия сыяктуу мамлекеттер Мухаммед пайгамбар келгенден кийин бир жарым миң жылын динде калтырып, дин элдин омурткасын түзүп, азыр ошолордун элдери  80 миллион 1.5 миллиард элге чейин жетип, өсүп кетип жатат.

Миң жыл мурун биз исламды кабыл албай, көчмөн болуп жашаганбыз. Эгерде, ошондо эле исламды кабыл алганыбызда, азыркыдай түштүк-түштүктөн 105-партия жана 105 уруктан өз-өзүнчө бөлүнүп-жарылбайт элек. Бизди бириктире турган бир гана күч бар, ал кыргыз эли мусулман эли аталып, баары ислам дининде болгонунда.

Кыргыз элибиз Кудайдан, динден алыс болуп калган. Ошондуктан биздин элибиз болгону алты миллион. Биз Алла-Тааладан, шайтандан коркпой, руханий жана ак сөөктөрдүн мыйзамына аргасыздан баш ийгенге мажбурбуз. Ислам динин да чала сабат молдолорубуз бурмалап келет. Акыркы учурда теңирчилик деген түшүнүк торнадо сыяктуу кыргызды уулап баратат. Теңирчилик бул дин эмес, жөн гана асманды ыйык туткан адашуучу жана адаштыруучу уюм. Мен себебин айтып жатам, кыргыз эмне үчүн өсө албайт. Мына ушундай адашуулардан натыйжасында кыргыз элинин өсүшү кыйын болуп жатат. Мен психолог катары түбүн көрүп жатам. Эмнеден дарылаш керек. Биз доктурлар ар бир ооруну дарылаш үчүн себептерин билишибиз керек. Себептерин билмейинче эч качан дарылай албайсың. Ошондуктан жамы журт ислам динин тутуналы. Ошондо Кыргызстан биригип, бир эл болуп, өнүгүп-өсөт.Назаралиев Жеңишбек

- Учурда сиз саясаттасыз. Саясат – баңгизат сымал. Бир берилген адам кайра кумар сыяктуу азгырыла берет дешет. Нарколог катары сиздин ой-пикиринизди уксак…

– Саясат-баңги зат сымал деген сөзүңүздөн баштайлы. Саясат наркоманиясы деген түшүнүк бар. Бийликтин даамын бир жолу гана татып калган адам, саясаттын наркоманиясы болуп, баңгиге окшоп, ага кайра-кайра азгырыла берет. Чындыгында бул жагдай эң оор нерсе, ошондуктан адам баласы саясатка тартыла бергенин мен жон терим менен сезип турам. Биринчи сурооңуз боюнча айта кетсем, мен азыркы ички саясаттан такыр алысмын.  Эч кандай партияга кошулган да эмесмин. Эң оболу туура саясат жүргүзүш керек. Көпчүлүгү менден сурашат: “Сизге саясаттын эмне кереги бар, сиз доктурсуз да?”. Мени доктур деп айтат, бирок мен акушер-гинеколог эмесмин, уролог же көз доктур эмесмин, мен психиатрмын. Психиатр- бул психолог, политолог, социолог, терең карай турган кесип. Андан тышкары бир адамды билсе, демек үй-бүлөнүн турмушун билет, кайдан эмне чыга турганын. Эгерде, ал үй-бүлөнү биле турган болсо, коомду билет. Эгерде, коомду биле турган болсо, демек элди билет, элди билсе, мамлекетти билет. Орустарда макал бар, түбүн кара деген (“зри в корень”). Ошол себептен Кыргызстандын, кыргыз элинин оорусу кайдан чыкканын билип турабыз. Элибиз оорукчан эл негизи. Өзүн жашоосун жашап өтүп кетип жаткан эл.

Мен булганыч, ушакташмай саясатка аралашпай калышым толук мүмкүн. Өз адисим менен иш алып баратсам да, мен саясаттын ичинде бармын. Мен азыр тышкы, эл аралык саясат менен жүрөм десем туура болчудай. Анткени, борборум аркылуу дүйнө элдерине Кыргызстан мамлекетин таанытып жатам. Кыргызстан ар дайым бар болсун деп келип айыгып кетип жүрүшөт. Бул дагы чоң саясат.

- Бийликти түп тамырынан тартып турган күч-бул оппозиция эмеспи. Биздеги оппозициянын күчү- солгундап бараткансыйт…

– Албетте, оппозиция болушу керек, бирок алар бийликтин кемчилигин эскертип, өздөрүнүн альтеррнативдүү сунуштары болушу зарыл. Оппозициябыз дегендерди эч жамандаган болбойт. Алар дагы Кыргызстандын келечеги үчүн жан-дили менен күйүп жаткан мекендештерибиз. Бирок, азыркы оппозициянын кыймыл аракети элибиз кыйын-кезеңде жашап жатканы оорчундуу маселеге кирбей, алардын бийликке болгон тирешүүсү ЕАЭС жана Бажы биримдигине каршы экени. Албетте бул эң чоң жаңылыштык.

- Кантсе да, жол башчы тандабай, жол тандай турган учур келип калгансыйт…

– Мунун башкы себеби болуп, руханий жана олуттуу саясаттын элитасы, эл ичинде биримдиктин жоктугунан улам биздин өлкө бытырандыга айланып олтурат. Көпчүлүгү бийликке келген соң, элге убадасын унутта калтырып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр. Балык башынан сасыйт демекчи, ажолордун бардык кылганы бүт көргөзмө. Акаевдин маалынан баштап Атамбаевге чейин өздөрүнө ыңгайлаштырган курултайларды, реформаларды кылып, жыл сайын премьер- министрлерди алмаштырып баштаган ар кандай программаларды түзө коюп. 20 жылдын ичинде 20дан ашык премьер министр алмашканы башка мамлекетке шылдың болуп отурабыз. Жогоруда айтып кеткендей, бөлүнгөн элибиз бирикмейинче бизде “Биримдик” деген  болбойт. Менин жеке оюм биздин менталитетибизге жараша Кыргызстанда президент-парламент бийлиги туура келет деген ой жаралууда. Бардык улутту бириктире турган фактор жок, андыктан бул факторду көтөрө турган жападан жалгыз гана президент болуусу зарыл. Кыргыз эли…Баягы, баягы өтүкчүнүн таягы болуп күн кечирип келебиз. Жол башчыдан мурда өзүбүздүн жолубузду таап алышыбыз керек.

- Кайсы доордо жашасак, ошол доордо жашай билишибиз керек экен. Ошол сиз айткан жолду таап алган соң, эли-жерине күйгөн президент кандай болуусу шарт?

– Биз глобалдык ааламдашуу доорунда  жашап жатабыз. Дүйнө жүзү талабы күчтүүлөрдүн заманы. Информациялык технология, компьютерлер келгенден кийин элдин акылы да өзгөрүлдү, үй-бүлөдө да, достордун ортосунда да, завод, мекемеге коомчулукта башка мамиле болуп калды. Ошол мамлекеттин ичиндеги түйүндүү маселе, ар бир мамлекеттин ортосунда мамилелердин өзгөргөндөн кийин лидер да өзгөрүлүш керек, жаңы лидерлер келиш керек, эскиче кылган азыр болбойт. Мен кемчиликти ошондон сезем муну рефлексия, инертность деп коёт. Президенттин күчү мылтыктарда эмес, автоматтарда эмес, ички иштер министрлигинде эмес, эл ичиндеги авторитетинде болот. Элдин ишенимин алыш керек, ошондо күч болот, ошондо эл турат, колуна кетмен кармап туруп иш кылып, тилди угат.

- Жасаган ишибиз чала болбошу үчүн биз эң ириде эмнеден башташыбыз зарыл?

– Баланы төрөлгөндөн эмес, түйүлдүк кезинен тарбиялаш керек. Биринчи кезекте жалпы улуттун идеясы болуусу зарыл. 24 сааттын ичинде телеканалдардан, гези-журналдардан, кыргыз баласын заманбап адамдын маданият жүрүм-турумуна үйрөтүш керек. Баланы жаштайынан жоопкерчиликтүү болууга көндүрүү.  Адам баласынын өсүп- өнүгүүсүндө негизги фактор болуп, таалим-тарбия ата-энеден берилет. Бир эле эпосубуз “Манас” жана улуттук тамагыбыз бешмармакты аңдап билген менен гана чектелбестен, жаратылышты, айлана-чөйрөнү, жүрүм-турум маданиятты тааныган жакшы. Коомчулукта сөгүнүп-сагынбай, улууга-урмат, кичүүгө-ызат көрсөтүп, дүйнөнү олуттуу көз-караш менен карап, эки жүздүү, ичи тар, караөзгөй сапаттардан алыс болуп, эң негизгиси ар дайым адам бойдон сакталышы зарыл. Бала-чактан баштап, китеп менен достоштуруп, болгондо да жомок китеп окуп беришибиз керек, себеби жомокто ак-караны айырмалоо менен бирге жакшы-жаманды тааный алат. Балалык куракта позитивге умтулууга, жакшы сөздөр менен дүйнө таанымын өздөштүрсө баланын ою тунук бойдон калат. Себеби, айрыкча акыркы учурда кыргыздарда психонегатив сымалдар көбөйүүдө. Эгерде, балага ымыркайынан туура таалим-тарбия берсе, бала ошол нукта чоңоёт. Анын чөйрөсү таза болушу керек. Бизде акыл көрөңгөдөн да, эң биринчи көңүл негизги ролдо. Адамдын көңүлүнө карап иш кылабыз. Кызмат абалына карап дос-жар күтөбүз. Чет мамлекетте акыл көрөңгө биринчи орунда, андан соң көңүлгө карашат. Ушинтип отурсак кыргызым качан оңолот? Ушул көйгөй мени түйшөлтөт. Бекерден кыргызда «Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат» дебестир.

- Баңгилерди дарылап атып, Жеңишбек доктур өзү да баңгизат колдонот деп айтып калышат. 2005-жылы төңкөрүштө элге баңгизат таратыптыр дешет, бул туурасында өз оозуңуздан уксак…

– Ооба, мен изилдөөчү-адис катары  баңгизаттын даамын татканым чын. Баңгинин ал-акыбалын түшүнүш үчүн мен баңгизат колдондум. Баңгини кантип дарылаш үчүн бул кадамга бардым. Дайыма баңгизат колдонгон жерим жок. Эгерде, мен баңги болсом, азыркы ийгиликтерге, азыркы жетишкендиктерге жетет белем? Ишмердүүлүгүмдүн жыйынтыгын элге көрсөтө алат белем… Адам корккондо ар кандай ойго ар нерсени кошуп сүйлөп коёт. Мени баңгизат колдонот экен дегендерге көңүл деле бурбай калдым. Баңгилерге баңгизат таратат экен деп да чыгышкандар жок эмес. 2005-жылы төңкөрүш учурунда клиникамда эң көбү 30 баңги жаткан, алар менен апасы, аялы жатат, 60 киши. Болуптур 60 кишиге мен баңги ийне саяйын, 60 киши 50 миң кишинин арасында жөн эле чөгүп кетет. Ошол убакытта, биздин борбордун жанында 25 миң киши чогулган… Мен кантип баарын чектиртип, сайдыртып, баңги кылат элем. Нарколог, наркотик, наркомафия, наркомания – нарк деген корень бар да. Булар мени кийин наркобарон, наркомафиоз да кылып койду, элдин баарын баңги кылып койду деп Мотуев кыйкырып атат азыр. Бул акылдын кемчилиги.

- Медицина тармагы боюнча психикалык жабыркагандарды дарылайсыз. Ислам дини тармагында жин ооруларды дарылагандарды «жин чыгаруучу молдо» деп аташат. Мындай жол менен дарылагандарды жашооңузда учуратып жүрөсүзбү?

– “Жин” оорулууларды мындай жол менен дарылагандар бар. Айткандай алардын түрлөрү да бар. Эгер, адамдын мээсине кан куюлуп кетсе, ал микроинсульт алып, бара-бара шал оорусуна айланат. Мындайда биротоло айыгып кетиши мүмкүн эмес. Нерв оорусу менен ооругандар, жин оорусу менен ооругандарды камчы менен уруп сабап, түкүрүнүп дарылагандар 15 пайызды түзөт. Муну экиге бөлүп айтканымдын себеби, жин кирип кетип ооругандар жана депрессияга түшкөндөр нервден жабыркашат. Экөөнү бирдей кароого болбойт. Ошондуктан жин оорулууларды дарылаганда жин чыгаруучу молдонун жанында сөзсүз психиатр дарыгер консультация берип турушу керек. Ал эми, ислам диний тарабында сабаттуу молдолор тактап айтканда арабдар , Араб мамлекетинен диний окууну бүтүп келген кыргыз молдолор атайы сүрөө, аяттар менен дуба окуп дарылашат. Жин оорулар толук чыгышы ыктамал.

- “Сенин бүгүнкү ойлогон оюңдан, сүйлөгөн сөзүңдөн, жасаган ишиңден эртеңки жашооңдун кандай болоору түзүлөт” дешет. Жашоодо татыктуу из калтыруу үчүн далалаттанасызбы?

– «Сен бул дүйнөгө элге керексиң» деген аталыштагы жаңы долбоордун үстүндө иш баштадык. Себеби, баңгизатка берилип кеткен адамдарды, алкоголсуз жашай албагандарды коом «сен бизге керегиң жок» деген мамиле кылып калды. Ошол көйгөйдү аз болсо да чечүүгө бүт дитибизди коюп иштейбиз. Ал адамарга психологиялык жактан жардам көрсөтүп, сен элге керексиң деген мамиле жасасак ал оорулуу да ойгоноор. Биздин медициналык борбордун базасында БУУга мүчө 190дон ашуун мамлекеттердин ар биринен бирден оорулууну бекер дарылап берүүгө убада кылдык. Өзүм мусулман баласы болгон соң дуба кылып, ишти араб мамлекеттеринен баштадык. 23 араб мамлекети бар экен. Ар бир айда экиден оорулууну дарыласак, бир жылда Араб мамлекетин бүтөбүз. Жакында эле символикалуу түрдө Мекке, Медина жайгашкан Сауд Аравиядан келген оорулууну кабыл алып дарыладык. Ал жерден келген оорулуунун абалы менен таанышсын деп Сауд. Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Саид Аль-Жума мырзаны клиникага чакырып, жолугуштурдук. Элчи биздин клиниканы дүйнөдөгү баңгилерди дарылай турган эң мыкты борбор экенине ынанды. Эми Мароккодон ушул долбоордун негизинде бир оорулуу келе жатат. Биз акысыз дарылап жатканыбыз, Кыргызстан үчүн чоң иш жасап жатканыбыз деп билели. Ал оорулууулардын өздүк чыгашасы эң аз дегенде 5 миң доллар. Бизге оорулуулар көбүнчө Россия, Сауд.Аравия, Кувейт, Катар,  Германия, Грузия, Казакстандан келишет. Кыргыз жарандарына 15 жылдан бери 50 пайыз арзандатуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергенбиз, ага дагы ойлонуп жатып, бирин-экин оорулуу келет. Алла-Таалам ар бирибизге денебизди аманат катары тапшырган. Ар бир адам өзүнүн денесин жаман жолдон сактоосу зарыл. Азыр 30 миң долларга дарылангандар бар, аларды биз ошол акчаны короткондон дагы андан бешбетер ыраазы кылабыз. Айрым «азаматтарыбыз» эмнеге бекер дарылайсың деп таң беришет. Бул долбоор дагы чоң идеология болуп эсептелет.

- Ар ким чокуга чыгууну максат кылат. Бирок, эч ким билбейт да чоку деген өйдө чыгуунун соңу, ылдый түшүүнүн башталышы. ..

– Профессионалдык кесипте ар бир адам дайыма өсүш жолунда болушу керек. Билимдүү кесипкөй адам ошол сиз айткан чокуга умтулдубу чексиздикке бийиктей берсин, кайра ылдый түшөөрүн унутуп койсо дурус. Менин өмүрүм нарколог, психиатрдык иш менен өтүп келе жатат. Психиатр болуу өтө татаал. Биз абстрактуу дүйнө менен кармашабыз. Биз тапкан диагноз колго кармалбайт, аны ички туюум менен тереңден карашың керек. Атам Болсунбектин жолун жолдоп, мына эми дасыккан психиатр болуп отурам. Мен ушул адис боюнча илим жазып жатып колума калем кармаган бойдон жан берүүнү Жаратканымдан тилейт элем. Мына ошондо мен ылдый түшө турган жолду билбей, чексиз бийиктикти багынткан болом.

- Акылың башкалар менен бөлүшкөндөн бөксөрбөйт дешет, шакирттериңиз жөнүндө уксак…

– 1990-жылы мен нарколог катары жаны технология менен баңгилерди, аракечтерди, психикалык жактан жабыркаган оорулууларды дарылоону илимий изилдөөдө тастыктадым. Шакирттеримдин ичинен 2 доктор, 4 кандидатты даярдап алып чыктым. 40ка жакын адистер чет жактарга иштөөнү туура көрүп кетип калышты. Буга абдан кейидим. Орус, еврей, корей, татар улутундагы адистер эле. Акыркы 10 жылдан кийин,  Кыргыздардан бул илимге эч ким кызыгып да койбоду…Ошондуктан адистерди табыш кыйынга учурап, Россия, Индия жана Араб мамлекеттеринен адистерди чакырууга аргасыз болуудабыз.  Кыргыздардан бул илимге эч ким кызыгып да койбоду. Кыргыз балдар көбүнчө хирург, тиш доктур, гинеколог, окулист жана башка адистикке кызыкдар. Мыкты психиатрдын көзүнө талдын артында токой бар экени даана көрүнүп турат. Ал эми, медицинада башка адисти аркалагандар кыргыз балдардын көзүнө болгону тал көрүнөт, ошол талдын аркасында токой көрүнөөрү менен иши да жок. Мыкты адис болом десең ошол кесипти терең изилде.

- Иштин көзүн билген профессионал катары жаштарга акыл-насаатыңызды айта кетсеңиз…

– Иштин көзүн билген деп жакшы айттыңыз. Себеби, биз бала-бакчадан баштап туура таалим-тарбия алып чоңойдук. Москвада еврей, орустар менен бирге окудук, биздин дүйнө таанымыбыз абдан жогору. Улуу Ата-Мекендик согуштан соң, биринчилерден болуп психиатр Канторович келген. Андан соң анын жолун улай, Дегтярев, Дурандина деген адистер психиатриянын акесин тааныткан. Кызыл-Жарда 2000, Чым-Коргондо 2500 жин оорулууларды мыкты адистер дарылашкан. Биздин муун Союз доорунда мыкты тарбия алып, интенационалдар жашаган соң, айлана-чөйрөбүздү орус, еврей, татар, корей, түрк, армян элдери курчап турчу.  Биз азыр жалаң кыргыздар калгандыктан, мыкты таалим-тарбия алып чыгуу жокко эсе. Азыр болсо жаңы муунбуз дегендер дипломду кантип алганын өздөрү да билбейт. “Байланып турса козубуз, баа койдурат досубуз” дегендей, жаштарыбыз таекесине же жездесине ишеним артып калышкан. Ошол ата-энесинин мээнети менен тапкан акчасына даяр диплом сатып алышып, улуу муундун өкүлдөрүнө теңелгилери барбы? Чет мамлекеттин ЦРУнун агенттери ошондуктан «Кыргызстан экономикалык кризистен дагы интеллектуалдык кризиске терең батып калган» деп туура жыйынтык чыгарышкан. Биз 30 миң жылга артта калыппыз. Бул не деген шумдук? Экономиканы оңдош жеңил, бирок акыл-эсти, интеллектуалдык деңгээлди оңдоо үчүн абдан көп убакыт кетет. Албетте, бардык жаштар көөдөнү бош дегенден алысмын. Мыктылары Европада, Түркияда, Каирде жана башка чет мамлекеттерде билим алып, иштеп жүрүшөт. Азыркы жаштардын басымдуусу билимсиз, эң жөнөкөй дегенде тилди билбейт. 20 жылдын ичинде айылдан келип алышып, шаардын көркүн бузушту. Кыргыз тилин сөзсүз билишиң керек, бирок ааламдашуу доорунда кыргыз тили менен Кордайга чейин барасың, андан ары койчо маарап каласың. Ошондуктан мен жаштарга биринчи кезекте чет тилдерин билүүнү сунуш кылат элем. Мына мен 53кө чыкканда котормочуга ишенбей, араб тилин үйрөнүп жатам. Анткени, бул тил адистик ишиме байланыштуу. Ал эми котормочу которгонду эле билет да. Союз доорунда «Окуу, окуу жана окуу» деп Ленин атам айткан деген сөз жүрөгүбүзгө сыя менен жазылып калган эле. Ал эми, ыйык китеп Куранда Жебрейил периште асмандан түшүп, (с.а.в.) Мухамед Пайгамбарыбызга «Оку, оку, оку» деп 3 жолу буйрук берген экен. Жаштарыбыз акыл көрөңгөсүн илимге суугартсын. Келечек муунга эң керектүү нерсе, биз кыргыздар спирт ичимдиктерин эч качан оозубузга албашыбыз керек. Аракеч кыргыз баласы-адам кейпинен толук чыгат.

- Бир каналдан «Doktor Life» ТВ РЕАЛИТИ долбоорун кыргыздын жалпак тилинде жакшы которулуптур…

– Албетте, бул долбоор жамы журтка түшүнүктүү болуш үчүн атайы которулган. Аны көргөн ар бир көрүүчү  аз да болсо сабак алаар. Иий, баңгизат, ичимдик жаман нерсе турбайбы деп, өсүп келе жаткан жаштар кооптонуп калышат. 20 сериялык долбоорубуз араб, испан, япон, француз, кытай, англис, орус, кыргыз тилинде чыккан. 130 мамлекет ичинде 12 миллион адам көрүптүр.

- Дүйнө эли тааныган кыргыз баласын кандай аял төрөдү экен…

– Адам болуу ападан башталса керек, менин да апам Шапы сыймыктанчу асылзат. Эгер, ата-энемдин тарбиясын албасам, мен кайда жүрмөкмүн, ким болмокмун?! Аны азыр айтуу кыйын… Атам 54 жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Апам жаштайынан оор түйшүк тартса да, бизди жетимсиреткен жок. Дүйнөдө энеден өткөн көтөрүмдүү жан жок. Балдары үчүн азаптуу күндөргө чыдайт экен. Жараткан ийгиликтеримдин баардыгы апамдын акыл-нускасы, айткан насааты, берген билими аркылуу калың элдин катмарына жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө жетти деп ойлойм. Апам жашоомдогу менин эң башкы кеңешчим. Мен үчүн анын ар бир колдоосу маанилүү. Бирок, эң баалуу салымы бала чакта калыптандырган мүнөзү болуп саналат. Апам мени өзүндөй эмгекчил, уюштуруучу жана сөзүнө турган адам кылып тарбиялады. Мен өмүрүм өткүчөктү апама ыраазымын.

Самара Саламатова

Айбат гезити №111




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru