Айбат » Жеңишбек Сманов: “Адам мүнөзгө жараша кесип тандайт…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Жеңишбек Сманов: “Адам мүнөзгө жараша кесип тандайт…”

Сманов Жеңишбек- Ченемдүүлүк- ден-соолуктун сакчысы, ошондуктан ичкенде, жегенде, кыймылдаганда, а түгүл сүйлөгөндө да ченемдүүлүктү сактоо керек. Айрыкча опера жаатында бул ченемдүүлүктүн ролу чоң экен…Үнүңүздү жоготуп албаш үчүн дайым формада жүрөсүз.

 

– Ченемдүүлүктү сактаган жакшы. Атам: « Уулум кайда жүрсөң да кылган ишиңди жана жүргөн жериңди жана  ичкен тамагыңды дайыма ойлонуп кадам таштагын» деп айтат. Ошол ченемдин да өз өлчөмү болот. Ар дайым опера жанрындагы үндү ар дайым көзөмөлдөп турушубуз зарыл. Ошондо үнгө болгон этияттык жаралат.

- Канчалык катуу шамал болбосун, ак чардак сүйгөн деңизинен айрылбайт. Чет жакта иш тажрыйбаңызды сынап жүрөсүз. Кантсе да, Кыргызстанды сагынган чыгаарсыз

– Кыргыздын ар бир макалы жөн жерден айтылбагандыктан баары тамырлуу го деп ойлойм.  Ошондуктан  кайда жүрбөйлү туулган жердин топурагы алтын экенин билиш зарыл.  Көзүм жетпесе да оюм жетип эңсеп сагынып келем.

- Бирөөгө болгон ыраазычылыкты билдирбөө- белекти ороп, аны бербей койгон менен барабар. Устатка ыраазычылыгыңызды кантип билдирет элеңиз?

– Мен ойлойм кандай белек  же ыраазычылык болбосун, чын жүрөктөн, ак көңүлдөн чыкканга жетпейт. Ошого айтаар элем устатым Керим Ырысалиевич Тураповко терең миң мертебе ыраазычылык билдирем. Бирок алдыда дагы көптөгөн ыраазычылык билдире турган ойлор көп.

- Жазуучу И. Канттын «генийлик-бул тубаса жөндөмдүн белгиси» деген түшүнүгүнөн улам, өнөрдүн да генийи болот. Сиз опера жанрынан кыргыз өнөрүнүн генийи деп кимдин атын атайт элениз

- Мен бир адамдын атын айткым келбейт, себеби биздин тарыхыбыз аябай чоң болгондуктан бүт баардык улуу инсандарды, биздин  кыргыз элинин генийлери деп айткым келет.

- Сизди ушул даражага жеткирген инсандарга токтоло кетсеңиз…

- Мени ушул даражага жеткирген  мага жашоо берген атам  Эргешбай, апам Гулайдын аттарын атагым келип турат.

- Сиз кыял менен жашайсызбы же максат мененби…

– Мен бала чактан бери эле максатты алдыма коюп келем! Азыр  деле ошого максат менен жашаймын. Жөн эле максат кылып отура бербей, ошол койгон максатыма жеткенге аракет кылам.

- Кесип мүнөзгө карата калыптанабы же мүнөз кесипке карап калыптанат деп ойлойсузбу?

- Окуучулук  күндөрүмдө мугалимдер: «Чоңойгонуңарда ким болосуңар» деп сурашчу. Бул жашоого жаралган адам өз мүнөзү менен ар түрдүү шыгы менен жаралат.  Убагы келгенде ошол өзүнүн шыгына мүнөзүнө жараша  кесип тандайт деп ойлойм.

- Атакты сүйүүчүлүк ач ашказан сыяктуу-ал өзүнүн табитинен башка, эч бир мыйзамга баш ийбейт дегенге кошуласызбы?

– Кайсыл тармакта болсо да эгер өз чыгармачылыгын же  жумушун жакшы көрүп сүйүп караса бул жерде эч кандай  мызам каршы келбейт деп ойлоймун.

- Деңизди сүйсөк толкундарын кошо сүйүп, учкубуз келсе кулаганды да билишибиз керек, карама каршы салыштырмалуулук чыгармачылыкта сейрек кездешет эмеспи. Сиз опера жаатында ырдайсыз. Өзүңүздү кандай жанрда ырдап кете алам деп элестетесиз?

- Опера тармагын жакшы өздөштүрсөң башка жанрдагы ырларга кыйынчылыгы болбойт.

- Биздин бүгүнкү ойлогон оюбуздан, жасаган ишибизден эртенкибиз кандай болоору аныкталат экен. Сиздин көз-карашыңызды уксак…

- Кандай ойлойсуң  же кандай кадам жасайсың  дайыма 7 өлчөп бир кес дегендей акыл калчап иш кылсак анда келээр эртеңки күнүбүз дайыма жакшы болот деп ойлойм.

- Жашоо чыныгы кофеге окшош кээде ачуу, кээде таттуу. Негизи кофенин даамы эмес, ким менен ичкенин маанилүү дешет. Устатыңыз менен кофе ичип, опера жаатында көп жолу эле пикир алышсаңыздар керек…

- Ооба, андай учурлар да көп болгон Керим агайым сабак учурунда мага өзүнүн болгон бүт тажрыйбасын жашырбай айтып, Жеңишбек Смановду тарбиялап чыкты. Ашпозчулар деле өз ашканасынын сырларын жашырат го. Устатым Керим Турапов болгон сырларын менден жашырбастан, бүт билимине  суугарылдым. Ошого ыраазычылыгымды билдирем.

- Ар ким чокуга чыкканды максат кылат, бирок эч ким билбейт да чокуга чыккан соң, кайра ылдый түшкөнгө жол бар экенин. Өнөр адамы атакты сактоодо кандай курмандыкка барат?

- Эң чоң деңгээлге жетүү же  туу чокуга чыгуу бул татаал! Бирок сиз айткандай туу чокунун чэги жок. Андай чоң даражага жетүү  үчүн көп эмгек керек жана  канчалык жогорулаган сайын ошого жараша дагы көп эмгек керек. Мен туу чокусуна жеттим деп токтонбош керек. Эгер кимдир бирөө өзүн мен жетим десе ал адашканы деп ойлоймун, ошол кезде бат эле ылдый түшүп кетет. Андай даражага жетүү  кыйын келет, ал эми ошондой бийик деңгээлге жеткен соң өзүн ошол даражада сактоо бул андан аябай кыйын келет.

- Азыр биз чөптүн үстүндөбүз, акыр бир күн ошол чөптүн астында калышыбызды унутпасак. Жөнөкөйлүк сиз үчүн

- Жөнөкөй болуш да бул ата энеден берилген тарбия деп айтам. Жөнөкөйлүк бул адамдын дээринде болуш керек! Канчалык чоң жетишкендиктер болсо ошончолук жөнөкөй болуш керек. Барга көппөй,  жокко чөкпөш керек деп айтат. Жөнөкөйлүк бул адамдын эң жакшы сапаты деп ойлойм.

Айбат гезити №111



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru