Айбат » КРнын эл артисти Керим Турапов: “Мага устатымдын кеңеши жетпей турат…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » КРнын эл артисти Керим Турапов: “Мага устатымдын кеңеши жетпей турат…”

-Ченемдүүлүк ден-соолуктун сакчысы, ошондуктан ичкенде, жегенде, кыймылдаганда, а түгүл сүйлөгөндө да ченемдүүлүктү сактоо керек. Айрыкча опера жаатында бул ченемдүүлүктүн ролу чоң экен…Үнүңүздү жоготуп албаш үчүн дайым формада жүрөсүз.Керим Турапов

– Ченемдүүлүк деген айрыкча үндү сактоо боюнча өзүнүн орду бар. Ар бир инсандын өзүнүн ченемин билген жакшы.  Үн-бул назик нерсе аны багыш керек. Ага бапестеп жакшы карасаң, үн деле сага жакшы кызмат кылат. Ченеми жок жерде үнгө маани бербесең сөзсүз терс таасирин тийгизет. Үнүмө жараша ыр тандоодо өтө  кылдат мамиле жасайм. Эгер ошол ыр көөдөндөгү  көкүрөктү  чырпып өтсө, демек ал ыр менин ырым. Бирөөнүн көңүлүн карап ыр ырдашым анда табитимди бузушум деп билем..

- Канчалык катуу шамал болбосун, ак чардак сүйгөн деңизинен айрылбайт. Чет жакта иш тажрыйбаңызды сынап жүрөсүз. Кантсе да, Кыргызстанды сагынган чыгаарсыз…

– Мен чыгармачыл чөйрөгө баш баккандан баштап, не деген мамлекеттерди кыдырбадым. Ажайып кооз жерлерди көрсөм да, бири дагы Ала-Тоомо тең келбейт.

- Бирөөгө болгон ыраазычылыкты билдирбөө- белекти ороп, аны бербей койгон менен барабар. Устатка ыраазычылыгыңызды кантип билдирет элеңиз?

– Өмүрүмдүн акырына чейин эки устатымдын мага берген таалим-тарбиясын айтып келемин. Мени элдин уулу Керим Турапов кылып, тарбиялап чыккан профессор Буковников жана Асанкан Жумакматов. Эки устатым тууралуу эскерүү китеп жазып калышым толук мүмкүн. Менин унумдү  баритон деп жүрүшкөндө, Муковник  лирикалык  тенор деп таап мени менен күн-түн дебей иштеп ушул даражага жеткирди.   Кыргызга Маестро деген аты калган Асанкан Жумакматовдун да менин опера ырчы болушума салымы зор.

- Жазуучу И. Канттын «генийлик-бул тубаса жөндөмдүн белгиси» деген түшүнүгүнөн улам, өнөрдүн да генийи болот. Сиз опера жанрынан кыргыз өнөрүнүн генийи деп кимдин атын атайт элениз…

Мен кыргыз опера жанрынын  генийи деп ачык-айкын СССрин эл артисти, дүйнөдөгү белгилүү болгон 3 баритон үндүн бири Болот Миңжылккиевди атай алам. Үнүнө  жараша келбети да куп жарашып турчу.  Тарыхта бир жаралчу Болот Миңжылкиев улуу инсан. Улуулук менен генийлик экоо эриш-аркак болуп бирдей жүрөт.

- Сизди ушул даражага жеткирген инсандарга токтоло кетсеңиз…

Ушул даражага жеткирген ата-энеме ыраазычылык. Эгер алардын колдоосу болбогондо мен азыркыдай бийиктикти багындырат белем аны айтуу кыйын.

- Сиз кыял менен жашайсызбы же максат мененби…

– Мен адегенде максатты коём да ошону кыялымда иш жүзүнө ашырам. Жакшы кыялдар менен максатка жетүүнүн амалын ойлойм.

- Кесип мүнөзгө карата калыптанабы же мүнөз кесипке карап калыптанат деп ойлойсузбу?

Мүнөз-бул тубаса болот. Ал ата менен энеден кошо берилет. Бул мүнөз кургуруң  ар кимде бар ар кыял ал кыялды ким тыяр дегенчелик бар. Адамдын мүнөзүн өзгөртүү  мүмкүн эмес. Арамза адамдын мүнөзүн өзгөртүп берем деген акылга сыйбаган  нерсе. Түнт, митайым, ач көз, таш боор болуп жаралгандардын мүнөзү ошол бойдон сөөгү менен кошо кетет. Өжөрлүк мүнөз бу ошол адамдын ийгилигин арттырат. Бир жапан элинин макалы эске түштү. Алыс деп такыр чочуба, акыры бир күн жетесиң агарган ошол чокуга деген макал так ошол өжөр адамдарга тиешелүү. Өжөрлүккө салып, өзү  каалаган ошол кесиптин ээси болот.

- Атакты сүйүүчүлүк ач ашказан сыяктуу-ал өзүнүн табитинен башка, эч бир мыйзамга баш ийбейт дегенге кошуласызбы?

– Турмушта калыстык менен жүргөн адамга жаман сөз айтылышы күмөн. Атак-даңк көрүнбөгөн бийлик. Кезегинде Ч. Айтматов, М. Алыбаев, Б. Сарногоевдердин чыгармаларына укмуштай сын айтышкан. Бирок алар мокобой же сынбай, тескерисинче курчушкан. Анткени ырыс-көтөрүмдүү болушкан. Себеби алардын чыгармаларынын  улуугунда. Женил атак даңк керек болуп туруп алса, жалган  улуулук  болуп  калат.  Барга көппөй жокко чөкпөй жүрүш керек.

-  Деңизди сүйсөк толкундарын кошо сүйүп, учкубуз келсе кулаганды да билишибиз керек, карама каршы салыштырмалуулук чыгармачылыкта сейрек кездешет эмеспи. Сиз опера жаатында ырдайсыз. Өзүңүздү кандай жанрда ырдап кете алам деп элестетесиз?

Рок, поп, реп, джаз стилинде шыгым жок. Менин унумдун тембри башка жанрга жол бербейт.

- Биздин бүгүнкү ойлогон оюбуздан, жасаган ишибизден эртенкибиз кандай болоору аныкталат экен. Сиздин көз-карашыңызды уксак…

Бул абдан кыйын нерсе максат коюп пландаштырган жакшы. Жараканым бизди бийлик, байлык же бакыт берип сынайт. Адам баласы ошону көтөрө алабы же текеберленип көөп кетеби маселе башка жакта. Социалдык тармактарда кээде өзүң таң кала турган окуяларга күбө болосуң. Шумдугуң кур! деп аргасыздан жакаңды карманасың. Бүгүнкү жасаган ишибизден, эртеңкибиз кандай болоорун ойлонсок, жуурканыбызга карап, бутту сунушубуз керек. Бардык нерсеге шугур деп жашашыбыз керек.

- Жашоо чыныгы кофеге окшош кээде ачуу, кээде таттуу. Негизи кофенин даамы эмес, ким менен ичкенин маанилүү дешет. Устатыңыз менен кофе ичип, опера жаатында көп жолу эле пикир алышсаңыздар керек…

Менин шакиртим менен опера жаатта көп сырдашып сүйлөштүк. Эң оболу дегенде үнү, оң-келбети, баскан-турганы дегеле өзүңдүн көчүрмөң боло турган шакиртти тарбиялаш кыйынга турду. Ошол кыйынчылыктарды жеңип, ырдоо манерасынан баштап, унүңдүн тембрине чейин аянбай Жеңишбек Сманов шакиртиме бердим. Анын мага  биринчи келген күнү бүгүнкүдөй эсимде.  Жеңишбектин азыр чет малекетинде окуп жүргөнүнө мен себепкер болдум. Мен анын кемчилигин айтсам ал туура түшүнөөр деп ойлойм.  Менин устаттарым  азыр тирүү  болуп сын пикир айтышса, 100 пайыз кабыл алам, анткени  азыр мага алардын кеп-кеңештери жетишпей турат.

- Ар ким чокуга чыкканды максат кылат, бирок эч ким билбейт да чокуга чыккан соң, кайра ылдый түшкөнгө жол бар экенин. Өнөр адамы атакты сактоодо кандай курмандыкка барат?

Ар бир өнөр адамынын   көкүрөгү жүрөгү таза болуш керек. Бул дүйнөдө  таза жүрүп, адал эмгек табуу. Менин жашоомдогу бийик туткан нерсе ушул. Аруулукту тунуктукту кимдер гана сүйбөйт. Мен ошол ойдун тунугун издейм. Ошондо гана бийик чокуну багынткан болом.

- Азыр биз чөптүн үстүндөбүз, акыр бир күн ошол чөптүн астында калышыбызды унутпасак. Жөнөкөйлүк сиз үчүн

Мен алгачкы күндөрдө эле жөнөкөй болчумун. Карасам айлана-чөйрө башкача. Жөнөкөй болсоң, сени тебелеп-тепсеп кетет экен.  Сүттөй ак болуп, периште боло албайбыз анткени пендебиз да. Бирөөнүн шагын сындырасың сени да бирөө шагыңды сындырат. “Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол” деген макал бекерден айтылбаган да.  Бир жерде кызматта отурсаң, сени кайсы жерден тайып кетээр экен деп, душманың убара. Мен ошол нерсени жон терим менен сездим. Кызматта отурганда тегерегиндеги  адамдардын мамилеси, кызматтан кеткенден кийин 180 градуска бурулат экен. Бирок, Керим Турапов деген атымды элим кадырлап-барктап келет.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru