Айбат » Пайдалуу кеңеш: Ит мурун, Кадимки өгөй эне, Кадимки дарчын, Ит уйгак, Каз таңдай, Каакым.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: Ит мурун, Кадимки өгөй эне, Кадимки дарчын, Ит уйгак, Каз таңдай, Каакым.

OLYMPUS DIGITAL CAMERAИт мурун

– бийиктиги 2-3 метрге жеткен тикендүү бадал. Сабагында көптөгөн орок сымал тикендер болот. Жалбырактары татаал, элипске окшош тиштүү. Гүлдөрү бир-бирден, же 2-3төн сабакчалардын башында жайгашкан. Гүлдөрүнүн желекчеси – мала кызыл, ак же сары түстө болот. Мөмөсү күрөң, кызгылт жаңгак сымал, борбордук бөлүгү – жайылган гүл жайгашкычы. Бадалдардын арасында, чөптүү жерде өсөт.

Сырьёсу – кочкул кызыл түстөгү бышкан мөмөлөр (ит мурундун ашы). Ал кургатылат. Ит мурундун ашында канттар, пектиндер, органикалык кычкылдар, флавоноиддер ж.б. биологиялык активдүү заттар (витаминдер, В1. В2, P , PP, каротин, темир, марганец, фосфор, кальций, магний бар.

Ит мурундун ашы С жана Р витаминдеринин жетишсиздигин алдын алууда ичсе жакшы.

Өт айдама касиети бар. Ошондуктан ал холосас деген дарыны чыгарууда пайдаланылат. Ит мурундун уругунан ит мурун майы иштетилип чыгарылат. Андай май жараны айыктыруучу касиетке ээ.

 

Кадимки өгөй эне

Татаал гүлдүүлөр, тукумунан. Тамырлары, узун жана тармактуу болгон көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы жумуртка сымал, узун келген түрпүлөр менен капталган. Анын башында жалгыз эле сары гүл болот. Гүлү түшкөндөн кийин түп тамырынан тегерек, жүрөк сымал, сырты кочкул жашыл, түзсүз, астында ак түгү болгон жалбырактар өсүп чыгат. Даны цилиндр сымал, чачысы бар. Арыктардын, суулардын жээгинде, ошондой эле булактардын жанында өсөт. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Сырье катары жалбырагы менен гүлдөрү колдонулат. Гүлүн жаңы гүлдөгөндө терет. Жалбырагын май- июньда дат баса электе чогултат. Кургак, көлөкө жерде кургатылат.

Химиялык курамы: жалбырагында ачуу гликозиддер, инулин, сапонин, органикалык кислоталар ж.б. заттар бар; гүлдөрүндө тараксантин, ситостерин, ийлөө заттары табылган.

 

Кадимки дарчын

Татаал гүлдөр тукумунан, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыры жоон, сабагы түз, бийиктиги 30-150см, бутактары ачаланган. Бутагынан өсүп чыккан жалбырактары ланцет сымал, ачалуу, жогору жайгашкандары бүтүн кырдуу жалбырак. Гүлдөрү жалгыздап же 2-3 төн жайгашкан, мала көк, кээде эле – ак. Июнь-августта гүлдөйт. Жол жэээгинде, тоонун бетинде, адырларда өсөт. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Дарчынды бүтүндөй тамыры менен казып алып кургатат.

Химиялык курамы: дарчындын тамырында инулин, ачуу гликозид интибин, пектин, кант жана чайырлар бар. Гүлдөрүндө – цикориин гликозиди, жалбырагында инулин болот.

Элдик медицинада өсүмдүктү бүтүндөй эле ичеги-карын ооруларында, боордун циррозунда, көк боордун шишип кетишинде пайдаланылат. 40 г кургатылган дарчынды 1 литр cууга демдеп, ал теринин сезгенүүсүндө (экземада) колдонулат. Дарчындын тамырынын 1-2 аш кашыгына 2 стакан суу куюп кайнатып Ѕ стакандан 3 маал ичсе болот.

 

Ит уйгакИт уйгак

Бийиктиги 1 метрге чейин жеткен татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп бутактуу бир жылдык чөп. Жалбырактары татаал, үч – беш бөлүктүү, сабагында тушташ жайгашкан. Себетинин жээгиндеги гүлү тилчедей, ортоңку гүлү түтүкчөдөй сары же ак, 2 жыныстуу. Топ гүлү шыпыргыдай же калкандай. Мөмөсү – урукча. Июль – сентябрда гүлдөйт. Ит уйгак Кыргызстанда кеңири таралган. Ал өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмөлөрдүн, арыктын жээктеринде, негизинен нымдуу жерлерде өсөт.

Ит уйгактын чөбү гүлдөгөн мезгилде жыйналат. Химиялык курамында былжырлар, ачуу заттар, эфир майлары, флавоноиддер, каротин, аскорбин кислотасы, ийлөө заттары, микроэлементтер (өзгөчө марганец) бар.

Ит уйгакты чайга окшош демдеп тамак сиңирүү үчүн, итийде, муундун сезгенишинде, боор, көк боордун жана тери ооруларында ичүүгө колдонсо болот. Ошондой эле тердетүүчү жана заара айдама касиети бар. Мындай чай менен бетти жууса, денени сүрсө болот, аны ваннага кошсо жакшы. 4 аш кашык майдаланган ит уйгактын чөбүнүн үстүнө 1 литр суу куюп, 15 минута демдеп, 45 минута муздатып, чыпкалап 1 аш кашыктан күнүнө 3-4 жолу ичүү керек.

 

Каз таңдай

Татаал гүлдөр тукумундагы, бийиктиги 20-100 см болгон көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары бөлүктүү (жалбырак пластинкасынын оюктары башкы тарамышка чейин жетет). Өсүмдүк абдан жыттуу. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт. Гүлдөрү ак, кээде мала кызыл же сары, гүл пайда болуучу сабактын учу табак сыяктуу жазы болуп бүтөт да анын бетинде көп сандаган жөнөкөй топ гүлдөр жайланышып, жалпы топ гүлдү пайда кылат. Республиканын бардык аймагында өсөт. Каз таңдай гүлдөгөн кезде жыйналат. Ал үчүн сабактын 15 см келген жогорку жагын гүлдөрү менен жалбырактарын кошо кесип алат. Көлөкө, желдетилген жайда кургатылат. Каз тандайдын чөбүндө ачуу заттар, эфир майлары (гүлүндө көбүрөөк болот), флавоноиддер, фитонциддер бар. Каз таңдай эбактан бери колдонулуп келген. Мисалы, эки миң жыл мурда байыркы грек врачы Диоскорид кан токтотуучу жана жарааттарды айыктыруучу каражат катары колдонгон. Азыркы кезде каз таңдайдын кан токтотуучу касиети атайын изилдөөлөр менен такталган.

Каз таңдай – эффективдүү кан токтотуучу, сезгенүүгө каршы, тамакка мейил таттыруучу каражат. Көбүнчө каз таңдай башка дары өсүмдүктөр менен бирге кодонулат (мисалы: теңге гүл, жалбыз, сары чай чөп).

Тундурма даярдаш үчүн каз таңдайдын 2 аш кашыгынын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15 минута кайнатат, демдеп, чыпкалап, 1 аш кашыктан 3-4 маал тамакка 30 минута калганда ичет.

Ошондой эле каз таңдайдын тундурмасы менен ириңдүү жарааттарды тазалап жууса болот. Каз таңдай кан алмашууну оңолтуп, сезгенүү реакцияларын төмөндөтөт, көпчүлүк бактерияларды өлтүрөт.

 

КакымКаакым

Бийиктиги 20-50см. болгон көп жылдык чөп. Тамыры жоон, анын диаметри 2 см. Жалбырактары: тамырга жакыны ланцеттей, астыңкы бети желедей, негиз жагы ичке болот. Алар розеткага чогулган. Жалбырактары чоңдугу боюнча айырмаланып турат, алардын түбүндө cуу аккыч кобулча бар; анын жардамы менен жаан жааганда өсүмдүккө cуу барып турат. Гүл сабакчасы 30 см-дей, түтүк. Эң башында гүл пайда болуучу сабактын учунда табак сыяктуу болуп бүткөн бетинде диаметри 3-5 см болгон жалгыз гүл жайланышат. Гүл алтын сары түстө, татаал гүлдүүлөр тукумуна кирет. Какым массалык түрдө апрель, май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Уругу –күрөң урукча, узундугу – 3-5 мм, ага ак жумшак түктөр (парашюттар) жабышкан.

Какым бардык жерде өсө берет. Дары катарында анын тамыры колдонулат. Элдик медицинада жалбырактары да пайдаланат. Тамыры күзүндө, жалбырактары соолуган кезде казылып жыйналат. Тамырларын топурактан тазалап, жууп, майда тамырларын кесип таштайт. Майдалап кесет, абада 3-4 күн кармап, андан кийин желдетилген сарайда же кургаткычта 40-60 градуста кургатылат. Туура кургатылган тамырлар туурасынан бүрүшкөн, тез кырс этип сынат, үстү кызыл-күрөң, ичи ак, жытсыз, даамы ачуурак –таттуу. Сырье 6 жыл бою сакталат (зыянкечтерден абайлап сактоо керек).

Какымдын тамырында 40 инулин; 20 кант, 2-3 каучук, ачуу гликозид-тараксацин, органикалык кислоталар, сары-кочкулсары түстөгү пигменттер, С, В2 , РР витаминдер, ийлөөчү заттар, эфир майлары бар. Өсүмдүктүн бардык бөлүгүндө өсүмдүк сүтү бар.

Медицинада какымдын тамыры менен чөбү тамакка мейил тарттыруу, тамакты сиңиртүүчү үчүн, боор ооруларында өт айдама каражат катары кеңири колдонулат. Ич катканда да пайдасы тийет.

Какымдын жалбырактары назик, аны салатка кошуп жесе, витамин жетишсиздигинде, аз кандуулукта эрте жазда пайда берет. Салатты төмөнкүдөй жасаса жарайт: какымдын жалбырагы – 100 гр, 50 г көк пияз, 25 г аш көк, 15 г өсүмдүк майы, 50г ачытылган капуста, 1 бышкан жумуртка, туз, калемпир. Какымдын вареньеси балга окшош болот. Ал үчүн эртең менен (саат 5-6 да) күн тийген кезде гүлдөрүн үзүп алып, 1000 гүлгө 1 литр кайнак суу, 2кг кумшекер, 3 лимон, чиенин жалбырагынан 25-и алынат. Аны мискейге салып, лимонду сүргүчтөн өткөрүп кошот, үстүнө 1 литр cуу куюп, 15 минутада кайнатып, 12-24 саатка коюп коет. Андан кийин аралаштырып, 2 саат кайнатат, көбүгү алынат. Вареньени айнек банкаларга куюп коет. Какымдан нектар алса да болот. Ал үчүн 3 литрлик банкага 1,5 кг кумшекер салып, жыгач менен тыгыз бастырса, шире чыгат. Дагы гүл кошуп койгондо, какымдын чаңчасы банканын түбүнө чөгөт. Аны кыш бою сактаса болот. Какымдын сиропун бир чай кашыктан жарым стакан сууга кошуп тамакка чейин 20-30 минута калганда ичсе – тамакка мейил тарттырат, тамак сиңирүүнү оңолтот, организмдин тонусун жогорулатат.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №111




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru