Айбат » Рыскүл Адилбаева: “Таластык жигитке ашык болгом”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Рыскүл Адилбаева: “Таластык жигитке ашык болгом”

Адилбаева РыскүлЖакыyда эле көгүлтүр экрандан көрүнгөн таланттуу ырчы кыз Рыскүл Адилбаева менен маек.

- Рускүл сахнага кандайча келип калдың?

– Негизинен сахнага жаш кезимден эле кызыкчумун. Бирок кантип ырчы болом деп көп ойлончумун. Бир күнү Роза Аманова эжебиз теледен чыгып калды, Роза эже ырдап жатканда апамдар биздин сыймыктанган кызыбыз деп алкап калышты. Ичимен мен да ырчы болсом деп кыялданып, апамдар Роза Амановага сыймыктангандай мени менен да сыймыктанса деген ой көлүнө агылдым. Ошондон баштап ырчылык чөйрөгө агылып кирдим. Мындайча айтканда  кайсыл ыр хит болсо ошол ыр айылда меники болот эле. Анткени жаңы чыккан ырды бат жаттап алчумун да шаңкылдап ырдайт элем. Мектепте кароо сынактарга катышып өзүмдү ыр жагынан жогорку деңгээлде көрсөтүп жүрдүм. 10-класста окуп жүргөн  мезгилимде жаш талантар сынагы  деген кароо сынактан 1-орунду алганым ырчылык өнөрүмдө чоң трамплин болду го деп ойлойм.  2014-жылдан тарта  Улуттук  Филармониянын алдында уюшулган эки жылдык студияда окуп жатам. Ошентип сахна десе жеңил көрүнгөн эле. Бирок сахнанын артындагы түйшүгүн  такыр түшүнгөн. Азыр башыма келгенде билип жатам. Ырчы болуш кыйын экен.

- Көптөр шоу бизнести интрига деп качышат  а сенин бул чөйрөгө баш бакканың кандайча?

– Мен негизи шоу бизнести башында түшүнүгүм  жок болучу. Бир күнү тойго Токмок шаарына барып калдым. Ал тойдон Лутфилла байкеге жолугуп мага жардам берүүсүн сурандым. Лутфилла байке жөнүндө кээ бир ырчылардан жакшы бала, жөнөкөй адам, ошону продюсер кылсамбы, – деген сөздөрүн эшиттим эле. Чынында эле сүйлөшө келсем өтө жөнөкөй адам экен. Ал жерден колго келген мүмкүнчүлүгүмөн пайдаланып Лутфилла байкеге мага жардам бериңиз, – деп калдым. Гүлшайыр Садыбакасова эженин концертинен кийин сүйлөшөлү деди. Ошондогу сүйүнгөнүмдү сурабаңыз. Ошол күндөн баштап Лутфилла байкеге байланышып жаттым. Жыл аяктап калганда 20-декабрь күнү “Кел ыр жазалы”, – деп чакырып, дуэт жаздык. Колу жеңил экен 5 күндүн ичинде мени жаркыратып чыгара баштады. Мен телеге чыккандан кийин “Сени телевизордон көрүп жатабыз”, – деп куттукташып телефонум тынган жок. Буга чейин канча аракет кылсам да ишим мындай бат кеткен жок эле. Ырды тандоодо адамдар менен мамиле кылганын көрүп туруп Лутфилла байкеге баа бердим. Интрига экени айтпаса деле белгилүү. Бирок мени интригага салып бергенде ишенген байкем бар. Биз бир туугандай болуп калдык. Мен байкеме абдан ишенем.

- Канча жашыңан тарта ырдай баштагансың?

– 6 жашымдан баштап ырдап чоң сахнага былтыр чыктым десем болот. Буюрса кой жылы  мен үчүн жемиштүү болооруна толук ишенем.

- Балалык кыялдарың кандай эле?

– Бала кезимде күзгүнүн астынан жылбай ырчы болсом деп кыялданчумун. Өзүмдү-өзүм Рыскүл сахнада, – деп чакырып, кечке ырдай берчүмүн. Жаштын  тилегин берет деген чын экен кыялым минтип ишке ашып олтурат.

- Продюсер менен кагаз жүзүндөгү келишимдин негизинде иштешип жатасыңбы?

– Келишимди эми түзөбүз буюрса. Лутфилла байке да   эмгектим сүйгөн жан экен.

- Репертуарыңда канча ыр бар?

– Азырынча 2 ыр бар бири “Жаны жыл” жана “” Апакем” деген. А менин мурунку ырдап жүргөн ырларымды Лутфилла байке жаратпай койду. Эми жаңы ырларды жазып аракеттенебиз.

 – Кайсы акындын ырларына басым жасап жатасың?

– Менди Мамазаирова, Гүлжамила Шакировалардын ырларын окуп таасирленем. Буюрса ушул эжекелеримдин ырларына обон жаздырып ырдап чыксам деген ниетим бар.

- Сулуулугуңа кантип кам көрөсүң?

– Бетиме жумасына бир жолудан маска коём бирок өтө деле күзгүнүн  астында көп турбаймын. Бетимди артык кылам деп тыртык кылып алуудан корком.

- Аялдын сумкасында эндик анан упа дайыма жүрөт эмеспи, сеникиндечи?

– Бир тамашалуу нерсе эсиме түшүп кетти. Кайсы бир мааракеде тамада аялдын сумкасында эмне жок? – десе элдин баары таппайт. Бир мезгилде тамада тыкандык жок деп жатпайбы. Чындап эле пудраны да, башканы да аралаштырып салып алмай адатыбыз бар эмеспи. Анын сыңарындай менде да аял затына керектүү нерселер бар.

- Макияжга айына канча каражат жумшайсың?

– Азыркы учурда макияжга көп кетип жатат. Күндө концерт,  той съемка дегенде. Ошондуктан күндө боёном. Бирок канча кетет экен билбейм. Лутфилла байке бергендигинен мени аны менен финансы жагынан билбеймин чачымды жасаганы  енен 2000 сомдон өйдө болсо керек. Мен өзүм иштеп жүргөндө бетиме өзүм сатып алып макияжды өзүм кылчумун. Эми андай эмес, бирок акырындык менен бетимди өзүм каалагандай жарашыктуу кылып макияж койгонду үйрөнөм.

- Дүйнөлүк ырчылардан кимдин чыгармачылыгын терең урматтайсың жана мүмкүнчүлүк түзүлсө ким менен дуэт ырдамак элең?

– София Ротару жана Филипп Киркоров менен ырдамакмын.

- Бул жашоодо сүйүү бар экенине ишенесиңби?

– Ооба ишенем, сүйүү бар үчүн жашоо таттуу да ачуу да болот. Сүйүү болбосо өмүр токтоп калат го. Сүйүү болгон үчүн жазында гүлдөр гүлдөп, бактар бүчүр байлап, акындар ыр жазып, анан бизге окшогон ырчылар сүйүү туурасында ырдап жатпайбызбы.

- Алгачкы сүйүүң кимге арналган?

– Таластык бир жигитке ашык болуп, алгачкы сүйүүмдү ошол жигитке арнаганмын. Бирок унутуу кыйын болду, ал менин сезимимди байкаган жок.

 

 Ырчы жөнүндө:

Аты-жөнү – Адилбаева Рыскүл;

• Туулган жылы – 1990-жыл;

Кичимекени – Токтогул району, Чоң Арык айылы;

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №111




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru