Айбат » Келдибеков менен Түлеевдин иштебей алган айлыктарынын суммасы 3 миллионго жетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Экономика » Келдибеков менен Түлеевдин иштебей алган айлыктарынын суммасы 3 миллионго жетти

долларЖогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев абакта жаткан 2 жыл 7 ай аралыгында 1 млн. 730 миң сом, учурда чет өлкөдө дарыланып жүргөн Акматбек Келдибеков ишке чыкпаган 1 жыл 2 ай аралыгында 1 млн. 120 миң сом айлык алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын айлык акылары депутаттардын жакындарына которулган. Мындан тышкары депутаттардын бирден жардамчысы жана кеңешчиси ушул убакыт аралыгында кадимкидей маяна алып турган.

Нариман Түлеев калаа башчысы болуп турганда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып менен 2012-жылдын 22-июнунда камакка алынган. Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин күчүндө калтырып, аны 11 жылга абакка кескен. Кечээ БШК Түлеевди депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажыратты.

Коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча шектелген парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 2013-жылдын 20-ноябрында камакка алынган. Ал 2014-жылдын августунда Биринчи май райондук сотунун чечими менен чет өлкөгө дарыланууга кеткен. Азыр анын Дубайда экени, жакында кайтып келери айтылууда.

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru