Айбат » Күйүүчү майлардын бардык түрлөрүнүн баасы 1 сомго арзандады – Нефтетрейдерлер Ассоциациясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Күйүүчү майлардын бардык түрлөрүнүн баасы 1 сомго арзандады – Нефтетрейдерлер Ассоциациясы

Бензин2015-жылдын 21-январынан тарта республикабыздын бардык аймактарында бензиндин бардык түрлөрүнүн, ошондой эле дизелдик күйүүчү майлардын баалары 1 сомго арзандады. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы билдирет.

«Январь айынын башынан бери бензиндин баасы күйүүчү майдын үлгүсүнө жараша 6,4-9,4 сомго төмөндөдү (11,6-20,7). Дизелдик күйүүчү май 8 сомго арзандады (18,4) жана азыр 2014-жылдын январь айына салыштырмалуу 4,5 сомго арзан турат. Байкалып жаткан баалардын төмөндөө тенденциясы россиялык рынокто ресурстардын профициттик кырдаалында дүңүнөн кое берилүүчү баанын төмөндөшү менен байланыштуу. Ресрустардын профицити суроо-талаптардын жогору болушунан улам түзүлгөн. Мындан сырткары заводдордо дүңүнөн кое берилүүчү баалардын төмөндөшү нефтинин баасынын түшүшү менен дагы байланыштуу», – деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча күйүүчү-майлоочу майлардын бааларынын өзгөрүшү тууралуу маалымат

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru