Айбат » Өлүм жазасы… жаш балдарды кордоп, зордуктаган зөөкүрлөрдү бычыш керек (кастрация)!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Өлүм жазасы… жаш балдарды кордоп, зордуктаган зөөкүрлөрдү бычыш керек (кастрация)!

Ош шаарындагы «Кыргыз журтум» коомдук фондунун мүчөлөрү, 21-январдан тарта 2 жаштагы Ибрагимди кордоп, зордуктаган жаранды өлүм жазасына тартуу керектигин айтышып, кол топтоодо. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Кастрация педофилов

Анын айтымында, чогулгандар балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү колдогондордон кол топтошуп, Жогорку Кеңешке жөнөтмөкчү.

Чогулгандар соңку кездерде зордукталган жана кордолгон балдардын көбөйүп жатканын айтышып, жакында сабалган 2 жаштагы баланын сабалып, зордукталышы коомчулукта чоң үрөйдү учурган окуя экенине токтолушту.

АКИ-press агенттиги жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1248 окурман өлүм жазасын киргизүүнү сунушташса, 370 окурман кастрацияны, 328и өмүр бою абакка кесүүнү сунуш кылышкан.

Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынган.

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru