Айбат » БШК Н.Түлеевди депутаттык мандатынан ажыратты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » БШК Н.Түлеевди депутаттык мандатынан ажыратты

Нариман ТүлеевКРнын борбордук шайлоо комиссиясы, 21-январдагы отурумунда, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге карата Бишкек шаардык сотунун айыптаган чечиминин күчүнө киргендигине байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү токтомдун долбоорун колдоду.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн серепчиси Айнура Асаналиеванын айтымында, КР Конституциясынын 73-беренесине ылайык, депутаттын мандатынан ажыратууга башка себептерден тышкары соттун айыптаган чечиминин күчүнө кириши негиз болот.

Токтомдун долбоорун БШКнын 10 мүчөсүнүн 9у колдоду. Комиссиянын мүчөсү Канат Азиз «каршы» добуш берди.

Добуш берүүдөн кийин БШК мүчөлөрү отурумду жабык эшик артында улантты.

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru