Айбат » Бектур Асанов М.Мырзакматов менен С.Жапаровдун саясый “шоуларынын” продюссерине айландыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бектур Асанов М.Мырзакматов менен С.Жапаровдун саясый “шоуларынын” продюссерине айландыбы?

Бектур Асанов2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Жалал-Абад облусунун губернатору боло калып, иштин көзүн билбеген, илээнди жетекчи экендигин аныктап, кызматынан куулган Бектур Асанов деген эрен бар. Физикалык салмагы сайдын ташындай болгону менен саясый салмагы камгактай. Болгону “Санаасы жок сары сууга семирет” демекчи губернаторлук кызматты аркалап турган маалында салмагын эки эсеге арттырып, анча-мынча талтайып басып калган жайы бар болчу. Анан ал борбор шаарыбызга келип, Ак үйдүн ичинен капыл-тапылынан депутат Алтынбек Сулаймановго жолугуп калып атпайбы? Ар дайым спорт менен машыгып, баскан-турганы шайдоот Сулайманов алдынан чыга калган Бектур Асановду таңыркай карап: “Жарылайын деп калгансың го?” деп башын чайкайт. Анда ал: “Казы-карта-чучуктун “результаты”” деп коет имиш. Ошентип салмак кошуу жагынан “резултат” берип жүргөн кезинде жумушунан айдалып калып атпайбы? Болбосо, бүгүнкү күндө Бектур мырзанын көлөмү кандай болуп калат эле ким билет? Эми мунусу башка кеп. Жакындан бери ал гезит “жылдызына” айланды. Кайсыл гана эркин гезитти ача калсаң, 150 кг болуп Бектур Асанов турган болот. Бүгүнкү бийликтин учурунда казы-карта-чучук жегенине гана ыраазы болуп жүрө берген жетекчилердин кереги жок экендигин эми түшүнө баштаганбы, айтор оппозициячыл саясатчы болуп чыга келди. Жакында эле Мелис Мырзакматовдун кыргызстандыктарга жасаган видеокайрылуусун дагы Бектур мырза Кытайдан ала келгендиги маалым болду. Ага чейин Садыр Жапаровго китеп жазууга “көмөктөшкөн” экен. Азыр болсо ар кайсыл гезитке чыга калып, Садыр Жапаровго болушуп жүргөндөгү кербези. Кыязы, бийликке кайрадан келиш үчүн Бакиевдердин заказын аткарыша баштады окшойт. Физикалык салмагын гана арттырууну көздөгөндөрдү Бакиевдер оңой эле сатып алып келгени белгилүү. Мына ошолордун катарына эми Бектур Асанов дагы кошулду. “Ур-рээ чыккынчы!” деп коелучу…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru