Айбат » Метин Кылыч, Түркия элчиси: “Жапаров 3,5 тонна алтындын чыгарылып кетиши тууралуу билдирүү менен чындыкка коошпогон нерсени айтып атат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Метин Кылыч, Түркия элчиси: “Жапаров 3,5 тонна алтындын чыгарылып кетиши тууралуу билдирүү менен чындыкка коошпогон нерсени айтып атат”

алтынСадыр Жапаров «Саясаттагы 10 жыл» китебинде 3 тоннадан ашуун алтындын чыгарылып кетиши тууралуу айтып, чындыкка коошпогон нерсени айтууда. Бул туурасында «Азаттыкка» Кыргызстандагы Түркия элчиси Метин Кылыч билдирген.

Анын айтымында, депутаттын китебинде көрсөтүлгөн маалыматтарда логикалык жактан келишпеген учурлары өтө көп. Элчилик тиешелүү маалыматты Түркияга жолдогон:

– Логикалык келишпестиктер тууралуу. Биринчиден, Жапаров гуманитардык жүк менен кошо Түркияга 3,5 тонна алтын чыгып кеткен деп бекемдейт. 3,5 тонна алтын аны эч ким байкабай кала тургандай эмес, өтө чоң жүк. Экинчиден, китепте учкуч Түркияга учаардын алдында атайын аны башка жердеги унаа токтоочу жайга алып барып алтынды түшүрүп калууга үлгүрүү үчүн башка самолеттун канатына тийип кеткен деп көрсөтүлөт. Эл аралык жарандык авиацияда камсыздандыруу компаниялары деген түшүнүк бар. Алар самолеттордун учуусуна жооп берет. Самолеттордун кагылышуусу – бул эки машиненин кагылышуусу сыяктуу кырдаал эмес. Бул жерде көптөгөн миллиондук камсыздандыруу бар. Эгерде бир самолет башка самолетту сүзүп алса, бул өзгөчө окуя. Андай кырдаал өзүнө тиешелүү тараптардан жана адистерден өтө көп көңүл бурдурат.

Элчи Метин Кылыч эгерде кайсы бир мамлекет жүк жөнөткүсү келсе, алдын-ала жүктөө боло турган бардык товарлар көрсөтүлгөн реестр (тизме) жөнөтүлөт деп белгилейт. Кабыл алуучу тарап тизмени карап, андан өзүнө керектүүлөрүн тандайт. Жүк келип түшкөндө аны бир нече мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тосуп алат. Алар комиссиялык түрдө келген жүктү тизме менен салыштырышат. Андан кийин гана жүктү кабыл алуу-жөнөтүү болот.

– Мындай кырдаалда эч ким эч нерсени байкабай калышы мүмкүн эмес. Китептин автору чындыкка коошпогон нерсени айтып атат. Андыктан биз бул маселени жакын деле кабыл албайбыз. Себеби Жапаровдун айткандары негизсиз, – деп кошумчалады элчи.

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru