Айбат » Садыр Жапаровдун китебине “атажуртчу” депутаттар дагы ишенишпейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаровдун китебине “атажуртчу” депутаттар дагы ишенишпейт

Kyrgyzstan Parliamentary ElectionsАр бир адамдын кандай экендигин анын жанында жүргөн адамдар гана абдан жакшы билишет. Андыктан Садыр Жапаров менен бир партияда, бир фракцияда иштешип калган депутаттар дагы анын жалганды чындай айтып коймой жайы бар экендигин билип калышкан экен. Маселен, депутат Курманбек Осмонов Садыр Жапаровдун “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебинде жазылган маалыматтарга ишенбей тургандыгын билдирди. Башка дагы басымдуу депутаттар мурдагы кесиптештери Садыр мырзага ишене албай тургандыктарын билдиришүүдө. “Ар ким анын жазганын ар кандай баалайт. Бирок бул китеп коомчулукка чыр-чатактуу жаңылык киргизгенден башка эч нерсеси менен артыкчылыгы жок. Мындагы жазылгандарды айтууга ал депутат болуп жүргөндө эмне тоскоол болду эле? Эгерде психологиялык жактан алып карасак, азыркы тапта Садыр Жапаровго жогото турган эч нерсе жок. Ал Кыргызстандын чегинен тышкары туруп алып жазып, ызы-чуу жаратууда. Менимче ал “Алардын башы ооруй берсин, каалашса текшеришет, каалашпаса текшеришпейт” деп ойлоп жатат. Саясаттагы 10 жыл бул чоң деле мөөнөт эмес. Ал болсо өзүн бардыгын билген жана бардыгынын үстүнөн байкоо жүргүзүп келген көрүнүктүү саясатчы катары көрсөтүп атат. Мүмкүн анын жазгандарында ички саясый конфликтер тууралуу кандайдыр бир чындык бардыр. Бирок 3 тонна алтын, миллион доллар сыяктуу олуттуу маселелерде мен аны билгенге үлгүргөн адам катары Жапаровго ишенбейт болчумун” дейт Курманбек Осмонов. Ошондой эле ал Садыр Жапаров бул китепти өзү тил табыша албай калган саясатчылардан өч алуу үчүн жазган болушу керек дейт. Мындай болжолдоого дагы негиз бар. Себеби китепте жазылган маалыматтардын бардыгы эч кандай далили жок. Курманбек Осмоновдун пикиринде дагы китеп далилсиз жазылган.

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru