Айбат » Россия бийликти алмаштыруунун каражаты катары мамлекеттик төңкөрүштү ылайыксыз деп бекитүүнү сунуштайт, – ТИМ башчысы С. Лавров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Россия бийликти алмаштыруунун каражаты катары мамлекеттик төңкөрүштү ылайыксыз деп бекитүүнү сунуштайт, – ТИМ башчысы С. Лавров

Сергей ЛавровРоссия бийликти алмаштыруунун каражаты катары мамлекеттик төңкөрүштү ылайыксыз деп бекитүүнү сунуштайт. Бул туурасында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

«Биз БУУ Генералдык Ассамблеясынын акыркы сессиясында бийликти алмаштыруунун каражаты катары мамлекеттик төңкөрүштүн ылайыксыздыгы тууралуу резолюция кабыл алууну сунуштадык. Мындай нормалар Африкалык союзда, латын Америкалык интеграциялык бирикмеде иштейт», – дейт Сергей Лавров.

«Бир цитатаны келтирейин: «АКШ конституциялык жол менен эмес бийликти басып алууга жасалган кандай гана кадам болбосун айыптайт». Бул Гамбиядагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине айтылган. Украина тууралуу мындай сөз айтылган жок. «Эл жек көрүмдү өкмөткө каршы чыгышты» деп айтылды», – деп белгилейт Лавров.

«Гамбия үчүн бир критерий колдонуп, калгандарына башка критерий колдонуу таза эмес жана ылайыксыз болуп калат», – деп эсептейт ал.

Лавровдун сөзү боюнча АКШ президенти Борак Обаманын билдирүүсү АКШ жадакалса теңдеш, бирдейлердин арасындагы дагы биринчи болууну эмес, дүйнөдө үстөмдүк кылууну кааларын көрсөттү.

«Америкалыктар конфронтацияга курс алышты, өздөрүнүн кадамдарына абсолюттуу түрдө сын көз менен карашпайт, жана президент Обаманын кечээки сүйлөгөн сөзү философиянын борборунда бир гана «биз номур биринчибиз» деген тураарын көрсөттү. Жана бардык калгандар аны түшүнүшү керек. Бул кичине заманбаптык эмес, жана заманбап чындыктарга жооп бербейт. АКШ теңдештердин, бирдейлердин арасында жадакалса биринчи болууну эмес, кыязы дүйнөдө үстөмдүк кылгысы келет. Алардын сырткы саясатында агрессивдүү философия», – деп белгиледи ал.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru