Айбат » Садыр Жапаровдун китебинде жазылган алтынды чыгарып кетүү жана чыгымдар тууралуу маалыматтар боюнча материалдар жок, – Башкы прокуратура

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаровдун китебинде жазылган алтынды чыгарып кетүү жана чыгымдар тууралуу маалыматтар боюнча материалдар жок, – Башкы прокуратура

Садыр ЖапаровБолжолдуу маалыматтар боюнча Садыр Жапаровдун «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китебинде жазылган алтынды чыгарып кетүү жана чыгымдар тууралуу маалыматтар боюнча тастыктаган материалдар жок. Бул туурасында 21-январда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Темирбек Бекмаматов парламент отурумунда билдирди.

Т. Бекмаматов китеп 2015-жылдын 3-январында интернет-порталдардын биринде китепте жазылган маалыматтарды текшерүү үчүн жарыялангандыгын билдирди. “8-январда биз текшерүү иштерин баштадык. Бүгүнкү күндө иш бүтө элек. Мындан сырткары биз текшерүү иштеринин мөөнөтүн узарттык. Себеби биз көптөгөн адамдарды сурашыбыз керек жана чет мамлекеттер менен байланышыбыз зарыл”, – деди ал.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу депутаттарга китепте Кыргызстандан Түркияга 3 тонна алтын чыгарылып кеткени тууралуу жазылгандыгын айтты. “Ал 30-октябрь президентти шайлоо күнү ага УКМКнын кызматкери келип, ошол түнү аэропорттон лтын чыгарып кетишээрин билдиргендигин жазган. Ал бул маалыматты алары менен аны ошол учурдагы спикерге жана фракция лидерине маалымдаган. Ал бул маалыматты Текебаевге, Куловго жана Ташиевге билдиргенин жазат. Андан соң ал өзү анализ жүргүзүп, анын ою боюнча ким алтынды чыгарып кетиши мүмкүн экендигин жазат. Ал ошол убакта Түркияга Кыргызстандан гуманитардык жардам жөнөтүлүшү керек болчу дейт. Ал өзүнүн сөзү боюнча ошол убактагы Өзгөчө кырдаалдар министри Болот Борбиев менен байланышат. Ал бул маселе боюнча орун басары, учурдагы министр Боронов иш алып барарын билдирет. Ал Боронов менен байланышат, ошондой эле Сапар Исаков менен байланышып бул маалыматты билдирет. Бирок, ал күнү самолет эмнегедир учпай, эртеси күнү учат”, – деп билдирди Т. Бекмаматов.

Бекмаматов бул маселе боюнча С. Жапаров өзү, министр Борбиев, анын орун басары Боронов, аскердик бөлүктүн башчысы Акматов жана башкалар суралганын билдирди. Бирок алардын сөздөрү маалыматты тастыктаган жок. “Кийин биз  жүк чыгарылгандыгын, анда 10 тонна ун, чатырлар, чай жана башкалар болгондугун билдик. Эч кандай алтын табылган эмес. Жүк үч жолу текшерилген”, – дейт ал.

“Текшерү иштери аягына чыгып баратат, болжолдуу маалыматтар боюнча бизде алтынды чыгарып кетүү жана чыгымдар тууралуу аныктаган материалдар жок” – деп сөзүн жыйынтыктады Т. Бекмаматов.

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru