Айбат » Садыр Жапаров ким? Саясатчыбы, же «фантаст» жазуучубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаров ким? Саясатчыбы, же «фантаст» жазуучубу?

обложка Садыр ЖапаровСадыр Жапаров «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китеби менен эл алдында «тагынып» жүргөн саясый «бет пардасын» сыйрыды. Анын китебин окуп чыккандар жалган айтуунун ушунчалык да жогорку үлгүсү болот экен деп жакаларын карманып туру. Жадакалса жанында ээрчишип жүргөн, улакты бирге тартышкан, бирге чайлашкан, бирге шайлоого аттанышкан кан досу Акматбек Келдибеков дагы Садыр мырзанын чоң саясатчы эмес, болгону ой-чабытын каалагандай жакка бура берген, ыңгайына карап алдынан чыккандардын бардыгын «жайлай» берген катардагы «шестерка» экендигине ынанып ичинен сызганын маалымат булактарынын бири аркылуу билдирди. Китеп жалпы жонунан 99 пайыз жалган маалыматтар менен жазылганы тастыктала баштады. 1 пайызы гана – тактап айтканда андагы каармандардын аты-жөндөрү гана туура жазылган. Андыктан сабаттуулугуна «5» коюп коелу. Калгандарына мыйзам алдында жана абийир алдында өзү жооп берээр.

 

Китептеги маалыматтарды текшерүү иши аяктап баратат – бир дагы чындык табыла элек

21-январда Жогорку Кеңештин отурумунда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Темирбек Бекмаматов Садыр Жапаровдун китебиндеги маалыматтардын чоо-жайы тууралуу эл өкүлдөрүнө маалымат берди. Анын айтымында аталган китептеги маалыматтардын чын-бышыгын текшерүү иштери 8-январдан тарта башталган. Бүгүнкү күндө текшерүү иштери аягына чыгып баратат. Буга чейин бир катар чиновниктер, саясатчылар көрсөтмө беришкен. Бирок, азырынча китептеги айтылгандар боюнча бир дагы далилдүү факты жок, документтер жок. Бекмаматов өзгөчө «3 тонна алтын Кыргызстандан Түркияга гуманитардык жардам менен кошо чыгарылып кеткен» деген маалыматка кеңири токтолду. Бул боюнча ошол убактагы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, учурдагы министр Кубатбек Боронов көрсөтмө берген. Анын айтымында Түркияга гумжардам катары жөнөтүлгөн жүк үч жолу текшерилген. Бирок бир грамм дагы алтын табылган эмес. Ал жерде ун, май, чай, чатыр, төө буурчак өңдүү турмуш-тиричиликке колдонулуучу гана азыктар, товарлар болгон. Дагы бир баса белгилеп коюучу жагдай бул маселе боюнча Башкы прокуратура 2013-жылдын 25-мартында дагы текшерүү жүргүзүшкөн. «Бул маалыматты текшерүү үчүн ошол эле 2013-жылдын 25-мартында прокуратурага укуктуулук жана укук коргоо кылмыштуулук менен күрөшү комитетинин атынан кайрылуу келип, ошол боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Ошол кезде биз депутаттарды сурап, Садыр Жапаровдун өзүн сурап, ошондой эле ошол кездеги Өзгөчө кырдаал министринин орун басары Боронов, министр Борбиев, Акматов жана ошол сыяктуу кызматкерлерди суракка алганбыз. Алардын бирөөсү дагы аны тактап маалымат берген эмес» дейт Бекмаматов. Демек, Садыр мырза өзү дагы ошондо эле далилдүү фактыларды келтире алган эмес. Мына ушул жерден бир суроо туулат. Садыр Жапаров китебинде «мага алтындын чыгарылып кетип атканы тууралуу маалыматты УКМК кызматкери айтты» деп жазат. Бирок ал кызматкердин аты-жөнү ким экендигин айтпайт. Ал чечкиндүү кадамга барып «чындыкты айтып жатам» деп терең ишенип аткандан кийин, кандайдыр бир детальдарды жаап-жашырып калуунун кандай кажети бар эле? Чындыктын жарымысын ачып, жарымысын жашырып калууга болобу? Андыктан кайсыл кызматкер айтканын так көрсөтүп бериши керек болчу. Бирок, биздин баамыбызда Садыр мырза кимден укканын айта албайт. Себеби ал бул окуяны жөн гана өзү оюнан чыгарып койгон. Кыязы ошондо эле ушундай китеп жазаарын билип, ага элдин бүйүрүн кызыта турган окуяларды жаратуунун үстүндө алектенип жүрсө керек.

 

Садыр мырзанын китебине депутаттар неге көңүл кош? Же «беш өрдөккө» убакыт короткулары келбей атабы?

Парламентте аталган китептеги окуялар, маалыматтар тууралуу Башкы прокуратура маалымат бергени менен негедир эл өкүлдөрү аны талкууга алышкан жок. Демейде, анча-мынча маселени баса калышып, таңдан кечке талкуулашкан депутаттарга не болду деп коомчулук таң. Же Садыр мырзанын китебинде жазылган түрдүү деңгээлдеги айыптоолор көңүл бурбай турган маселеби? Же «беш өрдөктү» учурган китепке убакыт короткулары келбедиби? Ал китеп 99 пайыз калп менен жазылган болсо дагы коомчулуктун кандайдыр бир бөлүгүнүн оюн тескери бурууга жарап кеткендей болбодубу? «Өрдөктөрдүн» канатын кыркып турбаса, алар бат эле «төлдөп» көбөйүшүп, анан кый-куулап ачык асмандын бетин бербей калышы мүмкүн. Мына ушуну парламентарийлер эстерине алып коер?

 

Садыр мырза «фантаст» китеби үчүн Бакиевдерден «гонорар» алса, мыйзам алдында канча жыл алат?

ЖК депутаты Эркингүл Иманкожоева Садыр мырзанын жашынып алып китеп жазып коомчулуктун көңүлүн бургусу келип атканына тескери көз карашын билдирди. «Садыр Жапаровдун мындай аракети биринчи жолу эмес. Ал буга чейин деле, тактап айтканда 2012-жылдын 3-октябрында бийликти басып алууну көздөгөн митингдеринде мамлекет башчысынын атына олуттуу доомат койгон. “Иштамбердиден Атамбаев миллион доллар жеп алган” деп. Ал боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштап, кылмыш ишин козгогондо качып кетти. Эгерде ал чыныгы жигит болсо, элибиздин патриоту болсо, эмнеге башка мамлекетте качып жүрүп алып ушундай маалыматтарды жазат. Эгерде чыныгы жигит болсо, келип бардык фактыларды алдыга жайып, ошондой оор кылмыштар болуп атканын далилдеп, өлкөбүз үчүн жардамын бербейби? Анан сыртта туруп алып ар нерсени жаза берүү ар кимдин колунан келет» дейт ал. Анан дагы «жалган маалыматтарды жазганы үчүн, айтканы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек» деп кошумчалады Эркингүл айым. Эске сала кетсек, маалымат агенттиктеринин бирине белгилүү саясат таануучу Марс Сариев «Садыр Жапаровдун китеби Бакиевдердин тапшырмасы болушу да мүмкүн» деген оюн билдирген. Мындай тыянак чыгарууга толук негиздер бар. Эң башкысы алар мурдатан бир командада болушкан. Экинчиден, Бакиев учурдагы бийликтен өч алгысы келсе, Садыр мырза бийликке келгиси келет. үчүнчүдөн, Садыр мырза инисинин ден-соолугун шылтоолоп толтура чет мамлекеттердин ичине түптүз эле Белоруссияга, тактап айтканда Минск шаарына учуп барган. Ал жакта кадимки өз элине ок чыгарып, качып кеткен канкор Бакиевдер баш калкалап жүрөөрүн кимдер билбейт?..

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru