Айбат » Кыргызстанда күн энергиясын колдонууну өнүктүрүүнүн келечеги барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Кыргызстанда күн энергиясын колдонууну өнүктүрүүнүн келечеги барбы?

күн энергиясын алууДүйнө жүзүндө калктын саны улам көбөйгөн сайын электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны дагы өсүп келет. Башка мамлекеттерди кое туруп, өзүбүздүн эле Кыргызстанды алсак, акыркы жылдарда өлкөбүздүн бардык аймактарында курулуш иштери күжүлдөп кызуу жүрүп аткан убагы. Борбор шаарыбызда, Ош шаарында көптөгөн көп кабаттуу турак-жайлар курулду, дагы да курулуп атат. Аны менен катар электр энергиясына болгон суроо-талап өсүүдө. Энергетиктердин айтымында бүгүнкү күндө өлкөбүздө өндүрүлгөн электр энергиясы менен керектелүүчү электр энергиясынын көлөмү теңдешип барат. Мына ушунун өзү көптөгөн маселелерди жаратат. Эгерде өндүргөн энергия керектөөбүзгө жетпей кала турган болсо кандай болот? Мындай суроо менен өнүккөн өлкөлөр эбак эле бет келишип, энергия алуунун альтернативалык жолдорун таап алышкан. Энергия алуунун бирден-бир альтернативалык жолу – бул күн энергиясы. Маселен, Германия, АКШ, Бразилия, Испания, Россия, Канада, Италия, Япония өңдүү мамлекеттер күн энергиясын колдоно баштагандарына көп болду. Японияда жадакалса «Келечектин шаары» деп аталган долбоор Фудзисава шаарына жакын жерде 19 гектар аянтка курулган. Бул жер тилкеси «Панасоник» компаниясы тарабынан колдонулуп келген. Кийинчерээк «Панасоникке» ээлик кылган «Мацушита Электрик» корпорациясы өзүнүн негиздөөчүсүнүн 120-жылдык юбилейине карата бул жер тилкесин «Келечектин шаары» долбоорун курууга бөлүп берген. Бул шаар 1000 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган. Долбоор жалпысынан 1,5 миллирад долларга курулган. Азыркы тапта бул шаардын жашоочуларынын үчтөн бир бөлүгү күн энергиясын колдонот. Дагы 30 пайызы  жамгырдын суусунан электр энергиясын алат. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында үйлөрдү жарыктандыруу үчүн светодиод лампалары колдонулат. Ал эми бардык үйдөгү электр жабдыктары смартфон менен башкарылып, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга ылайыкташкан. Шаарчадагы көчө чырактары дагы күн панелине чогулган энергия менен жарыктандырат. Айтор, бул шаарчадагы бардык шарттар түзүлгөн жана бардыгы электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга ылайыкташкан. Күн энергиясын топтоочу электрстанциялардын ичинен учурда эң кубаттуусу АКШнын Калифорния штатында жайгашкан. Бул станция «Топаз» деп аталып, кубаттуулугу 550 мегаватты түзөт. «Топаз» 10 чарчы километр аянтты ээлейт жана тогуз миллион панелден турат. Баш-аягы станцияны куруу үчүн 9 миллиард доллар жумшалган. Албетте, мындай кубаттуулуктагы станцияларды курууга азырынча өлкөбүздүн чамасы чарк. Анын үстүнө биздин гидроэнергетикалык потенциалыбыз күчтүү. Тилекке каршы анын баарын азырынча толу кишке киргизе албай келебиз. Керектөө өсүп атат. Бирок, ГЭСтерибиздин жабдуулары эскирип калгандыктан жана буга чейин ГЭСтерди капиталдык оңдоп-түзөө иштери болбогондуктан, жаңы ГЭСтерди куруу аракеттери жасалбагандыктан көйгөйлөр көп. Ырас, акыркы 2-3 жылдан бери карай энергетика тармагында куруу, оңдоо иштери жанданды. Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү аракети башталды. Мунун баары кубанычтуу. Бирок, күн энергиясын колдонуунун перспективасы дагы Кыргызстанда өтө жогору. Буга көптөгөн факторлор бар. Биринчиден, өлкөбүздө күн тийип турган күндөр көп болот, экинчиден жогорку технологиялуу Кытай менен коңшубуз, үчүнчүдөн региондордо электр энергиясын керектөөнүн көлөмү өсүп келүүдө, төртүнчүдөн акырындык менен электрдин тарифинин көтөрүлүп жатышы. Анан дагы эң башкысы алыскы райондорду электр энергиясы менен камсыз кылуунун бирден-бир альтернативасы бул күн энергиясын колдонуу. Бүгүнкү күндө экономикасы өнүккөн Германияда дагы өз үйүнө күн панелин орнотуп, ага топтолгон энергияны колдонгондор арбын. Ушундай эле тажрыйбаны биз дагы колдонсок болот. Биринчиден, электр энергиясынан эч ким көз карандылык болбой калат. Экинчиден, эч кандай акча төлөөнүн зарылчылыгы жок – бир гана жолу күн панелин сатып алуу жетиштүү. Эгерде ал күн панели электр энергиясын көбүрөөк чыгара баштаса, аны энергетикалык компанияларга сатып, акчасын алса болот. Бул абдан пайдалуу жана үнөмдүү альтернативалык жол болуп саналат. Тилекке каршы бул маселеге бизде анчейин олуттуу көңүл бурулбай келет. Балким көңүл буруучу мезгил келип жетти окшойт…

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru