Айбат » Туран Турсун кызы: “Кытайдан окуйм деп келип, бизнеске аралашып кеттим”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Туран Турсун кызы: “Кытайдан окуйм деп келип, бизнеске аралашып кеттим”

Туран Турсун кызыКытайлык кыргыз Туран Турсун кызы биз менен ийгилик сырын бөлүштү.

- Туран эже, маегибиз сиз туурасында баштасак. Кытайлык кыргыз экениңизди билебиз, өзүңүздүн туулган жериңиз, туугандарыңыз туурасында да билгим келип жатат?

– Мен кытайдын Үрүмчү шаарында төрөлүп, ошол шаарда балалыгым өттү, чоңойдум. Эки бир тууганбыз, сиңдим Турдугүл Статистикада иштейт. Атам каза болуп кеткен, апам болсо өмүр  бою Улуттук банкта иштеп азыр ардактуу эс алууда. Өзүм болсо 3 уулдун энесимин. Жолдошум Адыл Ысык-Көлдүк болот. Үркүндө Кытайга качып барган кыргыздын урпагы.

- Билишимче Кытайлык кыргыз туугандарыбыз кыргызча сүйлөшкөнү менен арабча жазышат. Сиз болсо кыргызча мыкты жазат экенсиз. Бул жактан атайын сабак алгансызбы?

– Мен кытайча мектепти бүттүм, бала бакчабыз да кытайча болчу. Ошого кытай тилин мыкты өздөштүргөм. Кыргызча сүйлөгөндү көп билбесем да жакшы түшүнчүмүн. Себеби, үйдөн ата-энем кыргызча сүйлөшчү . биз кытайча сүйлөсөк, “кытайчаны эшикте чайылдагыла, үйдө болсо өз тилиңерде, кыргыз тилинде сүйлөгүлө” деп тилдешчү. Ошентип, мен кыргызчаны бул жакка келип жакшы өздөштүрдүм. Жазууну болсо өзүм эле үйрөнүп алдым.

- Кыргызстанга келип, бул жакта калып калууңузга эмне себеп болду?

– Алгач бул жакка аспирантураны окуйбуз деп жолдошум экөөбүз келгенбиз. Биз кетип жатканда “Кыргызстанга бул жактан товар алып барсаңар турмушуңарга акча таап аласыңар” деп бирөөлөр жол көрсөттү. Товар алып келсек жакшы өтүп, чөнтөгүбүз калыңдай баштады. Ошентип, күйөөм экөөбүз окууну таштап соодага киришип калдык. Чогуу эле Дордойдон баштаганбыз. Ал кезде Дордой ээн эле талаа болчу. Товарыбызды жайып сатып баштаганбыз. Анан 1995-жылдан баштап Кыргызстандын ар кайсы жеринен тыбыт жыйнап Кытайга жөнөтүп иштеп жүрдүк. Андан кийин Кытай кафесин ачып ал жакта да 6-7 жылдай иштедик. Кафебиз Чүй-Правда көчөлөрүнүн кесилишинде болчу. Андан киийн кытайлар менен бизнес жасап жүрдүк. 2 жыл мурда “Туран” ЖЧКсын ачып, үй куруп  саталы деп үй салдык. Азыр үй бүтүп калды буюрса эми батирлер сатыкка коюлат.

- Бизнесте утуштар ошондой эле утулуулар (банкрот) болбой койбойт да. Сиз да мындайга тушуккансызбы?

– Албетте банкрот да болгонбуз. 1994-1995-жылы 800 миң долларлык тыбытты чогултуп казак кишиге бергенбиз. Казак кишиден болсо акча да, тыбыт да жок бизди банкрот кылган. Бир тыйын акчабыз калбай калган. Ал учурда кайненемди Меккеге жөнөтөбүз деп жүргөнбүз. Кайненеме банкрот болгонубузду билгизбей Меккеге жөнөткөнбүз. Кайненем Меккеге барып ажы болуп келгенден кийин бир айдан соң күйөөм экөөбүздүн ишибиз алдыга жылып тез эл эки батир сатып алганга үлгүрдүк. Мен ошондо таң калгам. Кудай бизге чоң жардам кылып берип атат деп сүйүнүп кудайга ыраазы болдук.

- Бизнесиңизди баштоодо ким кол-буттан алып көмөктөшкөн?

– Эч ким деле көмөктөшкөн жок. Ойлоп көрсөм күйөөм Кытайда илимдер академиясында иштечү. Өзү жаш болсо да соодага шыгы бар болчу. Жумуштан деле бир нерсени алып-сатып жүрчү. Күйөөм соода менен алек болгон соң бул жакта соода кылуу ага оңой болду.

- Бир убакта бизнес менен үй-бүлөөнү алып кетүү оңой болбосо керек?

– Үй-бүлөө менен жумушту бир алып кетүү кыйын экен албетте. Кафеде иштеп жүргөндө балдарым кичинекей болчу. Ал кезде балдарым Түрк лицейинде окугандыктан ал жакта жатып окуп бизге оорчулугу деле билинген жок. Мектепке киргичекти күйөөм базарга чыгып мен балдарды карачумун. Балдарымды ийримдерге алып барып эле күнүм өтүптүр.

- Балдарыңыз азыр каякта?

– Улуу уулум Кытайдын педагогика университетин бүтүп азыр Бишкекте фирма ачып иштеп жүрөт.  Ортончу уулум Пекиндеги Улуттук университетте, кичүүсү Стамбулда менчик мектепте окуйт.

Туран Турсун кызы

- Сиз жеткен ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

– Сыры деле жок. Кыйынчылыкка чыдаш керек. Оңой нерсе жок. Жапа тырмак иштеш керек. Тыкандык, тактык керек. Иш менен гана алек болбостон адам өзүнүн руханий дүйнөсүн да байытып турушу абзел.

- Жаш ишкер кыз-келиндерге ишкер айым катары кандай кеп-кеңешиңизди бере аласыз?

– Акчаны биринчи орунга койбой үй-бүлөөсүн биринчи орунга коюш керек. Балдарга жакшы тарбия берүүлөрү дурус. Акча табам деп балдарды таштап коюп соода кылып кетип калып, балдары терс жолго кирип кетсе кайра акча менен аны туура жолго алып келиш кыйын болот. Мен мурунтан эле балдарды тарбиялаганды биринчи орунга коюп келдим. Балдарымды тарбиялап окутуп анан калган убакытты чыгарып бизнес чөйрөсүндө алып жүрдүм.

- Акча адамды өзгөртөт, – деп коюшат. Сизди өзгөртө алдыбы?

– Мени акча өзгөртө албайт. Мен мурунтан эле акчалуу болуп жүрчүмүн. Атам узун жыл Кытайдын Комунисттик чиновниги болуп иштеген, турмушубуз жакшы болчу.  Губернатор болуп, андан соң Статистиканы да жетектеп жүрдү. Акчага өтө маани берип кетпейт экенмин. Акчалуу болгондо же акчам жок болгондо кандай адам болом деп ойлонуп да көрбөптүрмүн. 1995-жылы 800 миң долларды жоготкондо кичине эле жаман болдум. Ал акчага кымбат баалуу алтын буюм, бриллианттарды алып алсам болмок экен деп гана ойлодум. Ошо кезде акчага маани бербегенимди эми гана билдим. Акчалуу болгондо деле керсейип көргөн жан эмесмин. Мен бизнесте жүргөнүм менен андай деле бай киши эмесмин эл катары жүрөм. Кудай буюруп мен көп акчалуу болуп кеткен күндө да акча менин табигатымды өзгөртө албайт.  Жогорку кеңеште иштеп жүргөндө кытайда депутаттарды мамлекеттик өкүл деп аталат. Кылган жумушу депутаттыкы. 4 депутат менен командировкага чыгабыз. Бир жолу командировкалап жүрүп Кашгардагы мейманканага депутаттар менен чогуу жатып калдык. Аларга жакшы мамиле кылып, өзүмдүн бут кийимимди майлаганда алардыкын да майлап коюп жүрдүм. Кызыл суу кыргыз облусуна келгенде атам губернатор болуп жүрчү. Ошол жактан мени губернатордун кызы экен деп, кызыңыз элпек кичипейил турбайбы керсейбеген деп баа беришкен эле.

- Акчага байланышкан кандай ырым-жырымдарды кыласыз?

– Акчага байланышкан эч кандай ырым-жырым кылбайм. Ишим жүрүшпөй калганда кудайдан гана ишибиз жакшы жүрүп кетсин деп сурайм. Апам биз кичинебизде арча менен үйдү аластайт эле. Жаман кишилер кирет алардын ойлору жаман болот. Ошондуктан үйдү аластап койгондо аластаса микробдор да кетет деп калчу. Мен да кээде үйдү аластап коем. Андан башка ырым-жырым деле колдонбойм.

- Жолуңузду ачтырып, ишим илгерилесин деп көзү ачыктарга бардыңыз беле?

– Жолумду ачтырам деп барган эмесмин барбайм дагы. Бир жолу сиңдим турмушка чыга албай жүргөндө апамдар менен жолун ачып берет деп барганбыз. Же көзү ачык чын эле жолун ачтыбы билбейм айтор сиңдим жарым жылдан кийин турмушка чыкты. Андан кийин көзү ачыкка барып көргөн жокмун.

- Негизи алардын жол ачуусуна ишенесизби?

– Алар чын эле жол ачып берсе анда баардык киши ошого барып эле оңдоп албайт беле. Кудайдан тилеп анан аракеттениш керек. Аларга мен ишенбейм.

- Кой жылында кыргыз элине каалооңуз

– Кой жылы байлыктын жылы баарына жакшылыктарды каалайм. Бизнестеги кишилер акчалуу болсун! Бардык үй-бүлөө бактылуу жашасын Кыргызстан тынч болсун! Шайлоодо элге иштеген жакшы кишилерди тандап жакшы адамдар депутат болушсун.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru