Айбат » Дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү

Өнүккөн бай өлкөлөр бир гана өзүнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылбастан кошуна мамлекеттеринин экономикасынын өсүшүнө да тасир берет. Кошуна мамлкеттер канча күтүү жана өнүккөн болсо аны менен кошуна жашаган өлкөлөрдө атаандаштык пайда болуп, өздөрүнүн мамлкеттерин бекемдеп, өнүктүрө алышат. Биз өткөн санда силерге дүйнөнүн  эң күчтүү армиясы жана ядердик куралга ээ болгон өлкөлөрдү тартуу кылсак бул санеда силерге дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү менен тааныштырабыз.

 

№ 10. Нидерландия

Тарыхы бай бул өлкө аркылуу  европага  баардык соода түйүндөр өтүп турат жана ошондой эле жаратылыш жагынын кооз келип өзүнө көптөгөн туристерди кызыктыра алат. Бул өлкөнүн экономика жаатында жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп турат.  Бул өлкөдө жашаган бир адамга болгон  бир жылдык киреше 42 918 долларды түзөт. Мындай көрсөткүч  менен 10 орунду ээлеп турат.

Нидерландия

 

№ 9. Швейцария

Швейцария  бир гана таттуу шоколад жана  сапаттуу саат менен сыймыктанбастан элдердин таза, тыкан жүрүшү менен сыймыктана алышат. Бул өлкөнүн жашоочулары билимдүү сабаттуу келишет жана ошондой эле Швейцарияда банктык сектор өнүккөн.

Швейцария

 

№ 8. Гонконг

Акыркы жылдары  Гонконг  өзүнүн  ички эркин соодасы жана налогдун төмөндүгү менен инвесторлорду тартып эң бай мамлекеттердин 8 орунду ээлеп келет. Бул өлкөдө Кытай жана Кореянын маданий каада салттары сакталып көптөгөн туристерди өзүнүн кучагына топтой алган. Ар бир калктын жылдык кирешеси 44 996 долларды түзөт.

Гонконг

 

№ 7.  Америка Кошмо Шататтары

Бул мамлекетти баарыбыз билебиз. Көптөгөн элдер Америкага барып иштеп буттарына тургандары да маалым аны менен бирге дүйнөдөгү миллиардерлердин көбү ушул өлкөдө жашап жатканы да  таң калдырбай койбойт. Бул мамлекетте көптөгөн иш каналар жана башка өнөр жайлар иштеп, мамлекеттин казынасын толтуруп турат. Америкада жашаган жарандардын жылдык кирешеси  46 874 долларды түзөт.

АКШ

 

№ 6. Бириккен Араб Эмираты

БАЭ дүйнөдө нефти боюнча биринчи орунду ээлеп, мамлекеттик казынасы да мына ушул нефтини экспорттоо менен толот. Жана ошондой эле бул өлкөгө кызыгып барган туристердин саныда сан жеткис болуп саналат. Ар бир жарандын жылдык кирешеси   47 694 долларды түсүп  дүйнөнүн эң бай өлкөлөрдүн 6 орунду ээлеп келет.

ОАЭ

 

№ 5. Бруней

Бруней да БАЭдей эле нефти мамлекеттик казынанын 90 камсыздайт.  Норвегиядай эле мамлекет элдин жашоо шартын оңдоп жакшы шарт түзүп берген. Бруней дагы жаратылыштык кооздугу менен мактана алат  жана жаратылыштык байлыгы да жарандардын жакшы шартта жашашына салымын кошуп келет.

Бруней

 

№ 4. Норвегия

Норвегиядагы  өзүнүн мамлекеттик казынасын  нефтинин сатылышы менен толуктайт жана бул өлкөнүн элдери эмгекчил жана маданиятуулугу менен өзгөчөлүнүп турат. Шаардын тазалыгы башка өлкөлөргө  сабак катарыда боло алат. Калктын жылдык кирешеси  51 959 доллар.

Норвегия

 

№ 3. Сингапур

Сингапур жаратылыш жагынан кооз жерлердин катарын толуктап келет. Бул өлкөдө жашаган адамдар өздөрүнүн эмгекчилдиги жана меймандостугу менен өзгөчөлүнүп турат. Сингапурда технология  жааты абдан өнүккөн. Жарандардын жылдык кирешеси 56 498 доллар. Мындай көрсөткүч менен  дүйнөнүн эң бай өлкөлөрдүн 3 орунун  камсыз кыла алат.

Сингапур

 

№ 2. Люксембург

Люксембург кичинекей өлкө болгону менен дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин  арасында 2 орунду эч кимге бербей келет. Калктын жылдык кирешеси  85 432 доллардан  87 541 долларга чейин.

Люксембург

 

№ 1. Катар Араб Республикасы

Эң бай өлкөлөрдүн алдыңкы орунда мына ушул Катар Араб Республикасы турат. Бул мамлекет кичкий болгону менен экономика жагынан эң кирешелүү келет.  Катар өлкөсү  кооз шарлары жана жаратылыштары менен таанымал жана ошондой эле бул өлкөдө жумушсуздук деген түшүнүк жокко эсе. Катар  Газды экспорттоо боюнча дүйнөдө 6 орунда, нефтини экспорттоо боюнча 21 орунда турат.  Калктын жылдык кирешеси 88 222 долларды түзөт.

Катар

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru