Айбат » Орус кемпирге баламды таштап качтым…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Орус кемпирге баламды таштап качтым…

жолдо..
Бул окуянын болгонуна 16 жыл болуптур. Анда сөз башынан болсун. Досум мени туура түшүнүп кечирер. Менин кичинемде бирге чоңойгон Гүлбарчын деген досум бар. Ал экөөбүздүн апабыз илгери кыз кезинде медициналык окуу жайда бирге окуп дос болуп, кийин биз да достугубузду улантып кеткенбиз. Гүлбарчын деп аты айтып тургандай атына заты жарашкан, мектепте жалаң 5 деген баага окуган, гүлдөй жаркыраган кыз эле. Мектепте тазалык сектору болуп, күндө баарыбыздын колдорубузду партанын үстүнө койдуруп, жакабызды текшерип, мектептеги лидер кыздардын бири болчу. Бирок, негедир биз жогорку класста окуганда да, жигит деген нерсе менен ишибиз жок болчу, ойдун баары окууда эле. Балээнин баары студент болгондо башталды. Мен сокур ичеги болуп ооруп, бейтапканада жатып калдым. Досум менин ден-соолугумду сураганы келгенде бир бала сөз айтканын, ал баланы жактырып калганын, ал жигиттин бир блокнот ашык ырын арнап жазган ырларын окуп берип, кубанычы жерде эмес асмандагы жылдыздар менен кошо жанганын байкадым.

Досумдун муштум этинде сүйүү каны жүгүрө баштаганын байкадым. Досумду бакытка бөлөгөн адам ким экени мага кызык болуп “жигитиң менен качан тааныштырасың” десем “эртең чогуу келебиз, сени тааныштырам” деп күлүп кетти. Эртеси айтканындай эле узун бойлуу, ак жуумал жигит менен кол кармашып  ээрчишип келип калды. Жигитинин аты Акыл, Тажикстандын Жерге-Талдык кыргыз экенин, ал да Ошто теология факультетинде окуйт экенин таанышканда билдим.  Досумдун көздөрү жайнап, бир башкача бактылуу эле. Гүлбарчын досум да ОшТуда ОДД факультетинде окучу. Көп узабай мен да ооруканадан чыктым. Досум жигити менен кечинде мага келип, чогуу бирге көп жолу сейилдеп калдык. Ал экөөнүн бактылуу болооруна көзүм жетип калган. Бирок, баары мен ойлогондой болбой, досумдун кубанычы, бактылуу көз ирмедери көпкө узаган жок. Акыл деген жигити “мен башканы сүйүп калдым деп, болгондо да досумдун кошунасы, биз менен жакшы мамиледе жүргөн Аксана деген кызга сүйүүсүн билдирип, көп узабай алар кыз-жигитке айланышты. Гүлбарчын досумдун ошол мезгилдеги азап тарткан абалын сөз менен жеткире албайм.  Дивандан түшпөй тамак да ичпей, ооруп калган эле. Окуусун да таштады.

Убакыт даары демекчи, күндөр өткөндөн кийин баары өз нугуна түшө  баштады. Кийинки жылы экономика факультетине тапшырып дагы сүйүүгө  кабылды.  Жигити Базар-Коргондук, Кара-Суу районунда налоговый инспекцияда иштечү. Окуп жатып эле, бир күнү  “Россиянын Саратов шаарына комерция кылам, тайэжем чакырды” деп кетип калды. Гүлбарчындын бул кылыгына таң эле калып “1-курсту бүтүп, каникул убакта барсаң деле болмок” десем, “жок досум мен шашылыш барышым керек” деген боюнча узап кетти. Көрсө досум бекер кеткен эмес экен, ошол мезгилде сүйлөшүп жүргөн Базар-Коргондук жигити да башка кызга үйлөнүп алыптыр.

Арадан бир жылдан ашык  убакыт өттү. Бир күнү үйдө уктап жатсам, “дос мен келдим” деген үн кулагыма угулуп жатты. Көзүмдү ачсам баягы Гүлбарчын деген дос кызым мени ойготуп жатыптыр, өңүм же түшүм экенин билбей таң бердим. Досума болгон сагынычым күчөп турган, ушунчалык  кубандым. Жаңылыктарды сүйлөшүп отуруп, бир кезде досум көзүнө жаш алып, мага болгон окуяны айтып берди. Көрсө досумдун Базар-Коргондук  жигити үйлөнүп алганда, досумдун 3 айлык боюнда бар экен. Аны жашырам деп атайы Саратовго кеткен экен. Байкуш досум ал жакта жүрүп, ичи күндөн күнгө чоңойгонунан тайэжеси да карабай коюптур. “Ар кимден насыя товар алып кайра сатып жүрүп, бир күнү соода кылып отурган жеримен толгоо келип, төрөт үйүнөн балаканактай уул төрөдүм, атын Эльдар деп койдум, мени төрөт үйүнөн эч ким алып чыккан жок, өзүм квартирант болуп жашаган орус кемпирдин үйүнө келдим. Башында тырышып топтогон акчам менен күн көрүп жүрдүм, бара бара акчам түгөнүп, кыйнала баштадым. Уулум 6 айга карап кылыктары чыга баштаган, күлүп, бир нерселерди түшүнгөнсүп карайт. Ошентип күн кечирип жүрүп акчамдын баары түгөнду. Эмне кылаарымды билбей калдым. Орус кемпирге баламды карап туруңуз, мен азыр базарга барып акча таап келем деген боюнча, базарга келип, Кара-Кулжалык тааныш баладан акча алып, балама барбай Кыргызстанга качып келе бердим” дегенде, эмне дээримди билбей оозум ачылган боюнча калдым. “Кантип балаңды  таштадың, эми не болот” десем, “бир аз акча топтоп анан барып  алып келем” деп койду. “Жигитиңе айтпайсыңбы, балаң Саратовдо калды” десем, “жок”  дегенден башка жооп берген жок. Атасы менен апасы кичинесинен ажырашып, өгөй атанын колунда чоңойгон эле.

Акча кылсам барам деген досум, “мен Саратовдо соода кылган бир эжени көрдүм, мен качып келе бергенден кийин баламды кемпир базарга алып келип мени издептир. Азыр балдар үйүнө тапшырып таштаптыр, эгер мен барсам мени милиция камап таштайт экен” деп барбай койду. Андан бери 16 жыл болуп калыптыр, баласын 1998-жылы июль айында төрөгөн. Мен кече жакында Гүлбарчын менен сүйлөшүп  “балаңды издебейлиби” десем, “аралашпай эле койчу, бул теманы экинчи козгобо” деп койду, мен да ачуум келип  “сен да энесиңби, кантип ойлобойсуң, андан бери көп убакыт өттү, мен балаңды табам, ал байкуш эне мээримин билбей балдар үйүндө  чоңойду” деп катуу айтып салдым. Бирок каяктан кантип издөөнү билбей башым катып отурат. “Саратовдо кайсы жерде соода кылгансың, кайсы көчөдө жашагансың” десем айтпай койду. Канткенде да табышым керек деген ой турат, бирок кантип?

Фейсбуктан

Айбат гезити №112



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru