Айбат » Пайдалуу кеңеш: кара бүлдүркөн, көкө мерен, кырк муун, кызыл мыя.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: кара бүлдүркөн, көкө мерен, кырк муун, кызыл мыя.

кара бүлдүркөнКара бүлдүркөн

Бийиктиги 50-75 см болгон роза гүлдүүлөр тукумундагы чакан бадал. Кара бүлдүркөндүн ашында канттар (3-5), органикалык кислоталар, жыпар жыттуу заттар, клетчатка, В тобундагы витаминдер, аскорбин кислотасы, каротин бар. Мындан тышкары анда калий, жез менен марганец бар.

Кара бүлдүркөндөн шире, сироп, варенье, джем, мармелад жасалат. Андан кайнатылган компот, чай суусунду жакшы кандырат, тердетет.

Карындыз, сарындыз, инула – көп жылдык жоон, этүү, көп баштуу тамыры болгон татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Сабагы түз, сыртын кыска түк баскан, өсүмдүктүн башында бутагы аз. Жалбырактары кезектүү, жазы, жалбырак пластинкасы кээ бир жеринде текши эмес ачалган. Жалбырактын үстүнкү бети бырыш, астынкы бетин ак-боз түктөр каптаган. Тамырдан чыккан жалбырактар саптуу , узунча келип, эллипс сымал, узундугу 50 см-ге чейин жетет. Сабактагы жалбырак пластикасынын формасы жумуртка сыяктуу, бирок төмөн жагы жогорку жагына караганда бир аз жазыраак келет. Жогорку жалбырактары сапсыз. Гүл жайгашкычтын диаметри 8 см-ге, сабактын учунда жана анын бутактарында бир нече гүл болот. Четки гүлдөр учтуу, ортоңкулары түтүкчөдөй, бардык гүлдөр алтын сымал ачык сары түстө. Мөмөсү (уругу) күрөң, узун уча турган көкүлү бар. Июнь- сентябрда гүлдөйт.

Карындыздын кургак тамырын жанчып майдалап, анын 2 чай кашыгынын үстүнө 200 мл суу куюп 10 саатка коюп коёт. Аны чыпкалап, бир күндүн ичинде ичсе жарайт. Башка ыкма менен 5-10 г майдаланган тамырдын үстүнө 400 мл суу куюп, көлөмү эки эсе азайганга чейин кайнатат. Муздагандан кийин чыпкалайт. 1аш кашыктан ар бир эки саатта ичсе какырыкты жумшартып чыгарат, организмге күч кубат берет. Карындыздын майдаланган тамыры менен тамыр-сабактарынын бир бөлүгүнө 10 бөлүк ысытылган күн карама майын куюп, 2-3 күнгө чылап караңгы жерге коёт. Чыпкалагандан кийин аны теринин ар кандай сезгенүү ооруларында колдонсо болот.

 

көкө меренКөкө мерен, (тимьян, зизифора)

– эрин гүлдүүлөр тукумундагы, бийиктиги 5-30 см болгон көп жылдык чөптүү өсүмдүк. Сабагы түп жагынан жайылган, төрт бурчтуу. Жалбырактары майда, кыска саптуу, жумуртка сымал же узунча, жылма же түктүү. Гүлдөрү мала кызыл, кээде ак, сирень түстүү (көгүлтүр) жалбырактардын ичинде жайылган бутактарда топ гүлдөр болуп чогулган. Тажычадай гүл коргону эки эриндүү. Жалбырактары, бутактары менен гүлдөрүндө эфир майын чыгаруучу бездүү түтүктөр болот. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт.

Бардык кургак, таштуу күнөс жерлерде: талаада, кумдуу топуракта, дөңчолөрдө өсөт. Сырьё катары гүлдөгөн сабактары жыйналат. Сарайларда же кургаткычтарда 350 С-га чейинки температурада кургатылат. Жыты бир башкача жагымдуу, даамы бальзамга окшош болот. Сырьесунда 0,2ден 1,5 ке чейин эфир майлары жана башка биологиялык активдүү заттар бар.

Негизги таасири: какырык чыгаруучу, бактерияларга каршы. Элдик медицинада көкө мерендин чөбүн тамдын ичине, мисалы, уй туугандан кийин же балдар чочуганда түтөтүү үчүн пайдаланылат. Көкө мерендин ысык тундурмасы бронхитте, трахеитте, ич өткөндө, ич түйүлүп ооруганда берилет. Негизинен көкө мерендин чөбүнүн 1 аш кашыгынын үстүнө 200-300 мл (1 стакан) стакан кайнак суу куюп, капкак менен жаап, 5 минута кайнатат. Андан кийин муздатып, чыпкалайт. Бул тундурма күнүнө үч маал тамаака чейин 1-2 аш кашыктан ичилет. Ириңдеген жараттарды тундурма менен жууса жакшы.

кырк муунКырк муун

кырк муун сымалдар тукумундагы көп жылдык споралык өсүмдүк. Сабагы муунактап бутактайт, муунак сайын начар жалбырактары жайгашат. Тамыры узун, жайылма, кара топуракка терең батат. Жазында андан боз күрөң жоон, бутаксыз узундугу 7-20см сабак өсөт. Эң чокусунда жумур сымалдуу споралык бутак пайда болот. Бул споралар бышып түшкөндөн кийин бутактар өлүп, анын ордуна мөмө бербеген, боз жайылган, муунакталган 30-50 см бийиктеги сабактар чыгат. Жалбырактын ордуна чыккан алардын бутагы (6-18) ичке, ар бир муунактагы бутакчалар мырза карагайдыкына окшош тарайт. Республиканын бардык аймактарында талаада, суунун жээгинде, бадалдын арасында, кумду жерди жактырып өсөт. Июнь –август айларында кырк муундун жашыл жайкы муунактары кесилип алынат. Сырьену тезинен таза абада же жел жүргөн сарайда кургатуу керек. Кырк муун жытсыз, дамы бир аз кычкылыраак, сабактары катуу, көңдөй, изи бар, бутакчалары жашыл болот.

Кырк муунду байыркы замандын белгилүү врачы Авиценна ак шишикте ич көңдөйүндө сары cуу толуп калганда, буттар шишигенде шарапка чылап берген. Азыркы кезде медицина кырк муундун кан токтоткуч касиетин тапкан. Анын тундурмасы кан түкүргөндө, геморройдун кесепетинен кан акканда берилет. Мындан тышкары териде ириңдүү жаралар тарап кеткенде, салфетканы тундурмага салып аны менен жарага, компресс кылса жардам берет. Ошондой эле, 20 грамм кырк муунду 1 литр ак шарапка чылап, караңгы жерде 2-3 жума сактайт. Чыпкалагандан кийин ач карын 100 граммдан (мл) ичсе, кан түкүргөнү басылат.

Кырк муундун жаш муунактарын салаттарга кошуп жесе, ал жагымдуу, витаминдүү тамак болот. Кырк муундун курамында флавоноиддер, ар түрдүү витаминдер, кальций тузу ж.б. бар. Кырк муун организимден коргошунду чыгарат, ошондуктан аны коргошун менен ууланганда берет. Кремний кислотасы көп болгондуктан, организмге барганда ар кайсы орган менен системалардын зат алмашуу процестеринде негизги ролду ойногон туздарды пайда кылат. Ал туздар заарада кээ бир минералдуу компоненттердин кристаллдашканына тоскоол кылып, заара жолдорунда аш пайда болууну алдын алат, склерозго каршы да таасири бар.

Кырк муундун колдонуу ыкмасы,чөптүү майдалап, андан 10 грамм алып, анын үстүнө 200 мл (бир стакан) шаркырап кайнаган ысык cууну куюп, 20-30 минута термоско демдейт,чыпкалайт.

Күнүнө 2-3 маал жарым стакандан ичилет.

Бут тердегенде ванна жасаса жакшы.Ал үчүн 50г кырк муундун үстүнөө бир чака cуу куюп 30 минута жаап коюу керек.Муздагандан кийин буттарды жууса абдан жакшы болот.

 

кызыл мыя Кызыл мыя

чанактуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 50-150 см. Сабактары түз, күчтүү, тамыры абдан терең, жайылып таралган. Жалбырактары кезектүү, овалдуу, узунча, кыска саптуу, жабышкак. Даны – узун, жылаңач, күрөң түстөгү кыйшайган чанак, узундугу 1,5-3 см, туурасы 4-6 мм, 2-6 уругу бар. Июнь-августа гүлдөйт. Кызыл мыя бардык жерде (жолдордун четинде, талаада, көлдө) өсөт. Кызыл мыянын тамырын күзүндө (сентябрь, ноябрда) же эрте жазда (март, апрелде) казып жыйнайт. Тазалап, үстүнкү жагын кесип, абада кургатат. Бир аз тоборсугандан кийин, тамырын каптаган кабыгынан тазалап, күнгө кургатат да, сорттоп, карарган, чириген тамырлар ташталат. Кургак тамырлардын түсү сыртынан боз-сары, ичи мала сары, булалуу, даамы абдан таттуу, жытсыз. Кургак, салкын жайда кызыл мыяны 10 жыл сактаса болот. Кызыл мыянын тамырында сапониндер, флавоноиддер, крахмал, С витамини, эфир майлары бар.

Кызыл мыя 5 миң жылдан бери көп убакыт бою колдонулуп келген. Ал индия, тибет медицинасында кеңири колдонулган, аны байыркы Греция менен Египетте да билген, биздин элде да кызыл мыя кеңири пайдаланылган.

Кызыл мыянын тамырынан дары жасалат, тамак ашка да колдонулат. Ширеси менен жүн боёлот. Дарылык касиеттери: какырыкты жумшартат, ич катканда ичти бошотот, ошондой эле ооруларга, сырткы жагымсыз таасирлерге организмдин туруктуулугун күчөтөт. Кызыл мыя дары катары сироп, экстракт, чай түрүндө колдонсо болот. Кызыл мыя малга тоют катары да пайдаланылат.

Тамак-аш өнөр жайында кызыл мыя пиво, квас, лимонад, капуста, алма туздаганда кеңири колдонулат.

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru