Айбат » Координаторлук майлуу орунбу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Координаторлук майлуу орунбу?

координаторШайлоо жакындаган сайын партиялар ича ара биригишип жатканы маалымат каражаттарына байма-бай айтылып жатканы менен  партиялар өздөрүү коррупциялашкан топторду түзүшөт эмеспи. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүн карап көрсөңөр, башкы штабы атайын план программасы менен чыгышып депуттатыкка талапкерлер элге үгүт иштерин уюштурушат эмеспи ал жагы башка маселе. Биз ички ашканасына кирип көрсөк, ал жакта иттин өлүүгү  катылганы талашсыз. Өң таныштар, таеке-жээндер же аймакташтар толуп алышкан болушат .Каржы тармагын кармагандар пайгамбардай эле даражада доор сүрөт. Бул кыска убакытта эсеп чоту жок каражаттар көмүскө жактарга которулуп турат. Партиянын  шайлоо фонду бул жөн гана «көрсөтмө». Алдыңкы элге алынып калынган партияларга талапкерлер наак акчаларын көтөрүп келишет, эч кандай кагазы жок эле ишеним артып. Башкы лидерине өткөрүп беришип көңүлүн алгандан кийин тиги жакты колго алдым дегенсип кылтыйып  эл тарапта  болушуп калышат эмеспи. Азыркыга чейинки «Ата-мекен», «Ата-журт», «Республика» партияларынын депуттатары ачык айтып эле чыгышты, шайлоо маалында канчалаган “долларбайларды” беришкендерин. Ушул жерден, бул шайлоо эмес эле акча жазай турган бизнестин бир тармагыбы дегендей ой кетет. Жогорку Кеңеш канча акча салсаң он эселеп чыгарып алчу бизнес борборубу? Ал эми аймактарда болсо «мергенчи жанын жейт, үйдөгүүсү жатып алып майын жейт» деген сыяктуу эле . Талапкериң кантип эски абройун салып жатып партиянын тизмесине жаман жакшы көрүүнүшүп киргенин, ал кайдан билсин миллиондогон долларбайды садага чапканын. Координаторлор  районду, облусту тейлешет эмеспи. Шайлоо бүткөндөн кийин кантип байый түшүшкөнүн кошуна колоңдору азыркы чейин жомок катары айтып жүрүшөт гектарлаган жерлерди, акыркы үлгүдөгү  авто унааларды, короодогу жылкыларды кантип алганын.Жогорку Кеңешге өтпөй калган талапкерлер болсо «черныйларды»салып акчаларын кайтарып кеткендери дагы бар. Эмне демекчибиз элдин ырыскысын талашпагыла бай болгур биздин координаторлор.

Айбат гезити №112




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru