Айбат » “Петрол Груп” ЖЧКсын текейден арзан баада сатып, мамлекетибизди миллиондорго чыгым кылгандарга кылмыш иши козголду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Петрол Груп” ЖЧКсын текейден арзан баада сатып, мамлекетибизди миллиондорго чыгым кылгандарга кылмыш иши козголду

БНКЭске сала кетсек, 2011-жылдын 17-октябрында 9 АЗСи жана 5 жер тилкеси бар «Петролл Групп» ЖЧКсынын улутташтырылган 100 пайыз акциясы аукционго коюлуп, анын жеңүүчүсү катары «БНК» компаниясы табылган. Аталган компания 1 миллиард 555 миллион сом (34 миллион 556 миң доллар) сунуш кылган. Анан эле күтүүсүздөн “БНК” компаниясы улутташтырылган “Петрол Групп” үчүн өздөрү сунуштаган акчаны төлөөдөн баш тартат. Мындай баш тартуудан улам ведомстволор аралык комиссия андан бир аз азыраак сунуш кылган (1 миллиард 550 миллион сом) “Бишкек Ойл” ЖЧКсын жеңүүчү деп табат. Бирок бул компания дагы баш тартканы маалым болот. Андан соң ошол эле жылдын 7-декабрында экинчи аукцион болот дагы “БНКнын” башкы директорунун орун басары Кайрат Курбанов 137 миллион сом (2 миллион 924 миң 538 доллар) сунуш кылып, жеңүүчү болуп чыга келет. Башында 34 миллион доллардан ашуун каражатка бааланып аткан компания арадан эки ай өтпөй кандайча болгону 3 миллион долларга жакын акчага гана бааланып калат? Абдан кызык суроо. Бул суроонун жандырмагы табыла электе эле арадан 3 жыл өткөн соң, 2014-жылы “БНКны” “Роснефть” 39 миллион долларга сатып алат. Ошентип дагы бир кызык жагдай пайда болот. Мына ушул чырмоокчосунан түшүнүксүз болуп чырмалышып бараткан иш боюнча УКМКнын антикоррупциялык кызматы оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп, мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун жоопту кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын таап чыгышты.  Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун кызматтык адамдары улутташтырылган “Петрол Групп” ЖЧКсын аукционго коюуда анын баасын аныктоо үчүн талапка жооп бербеген баалоочу компанияны тартышкандыгы анык болгон. Ал эми алар баалаган баа учурдагы стандартка туура келбегени билинген. Жыйынтыгында “Петрол Групп” ЖЧКсынын 100 пайыз үлүшү “БНК” ЖАКсына төмөндөтүлгөн баада берилген. Анын натыйжасында мамлекетибизге өтө ири көлөмдө чыгым жасалган.  Ошондой эле “Петрол Груп” ЖЧКсынын мүлктөрү аукциондун жыйынтыгы менен берилгенден кийин ал аукционго катышкан үч компанияга бөлүштүрүлгөндүгү аныкталган. Демек, ал компаниялар “Петрол Груптун” баасын төмөндөтүү үчүн атайын сүйлөшүүлөргө барышкан деген тыянак келип чыгат. Мына ушул иш боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 304 –берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-берене (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгынан сырткары мамлекеттик сатууну, контракт түзүүнү жүзөгө ашыруу) жана 224-берене (Коммерциялык пара берүү менен сатып алуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп атат. Мамлекеттин казынасына түшө турган миллиондорду өздөрүнүн жеке чөнтөктөрүнө буруп жиберген шылуундар эми мыйзам алдында толугу менен жооп берүүгө тийиш.

 

Айбат гезити №113



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru