Айбат » Эл өкүлдөрү кесиптеши Төрөбековду сактап калышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эл өкүлдөрү кесиптеши Төрөбековду сактап калышты

Курмантай АбдиевПарламенттин 28-январдагы жыйынында «ар-намысчы» Нурлан Төрөбековдун кол тийбестик макамын алуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы каралды. Натыйжада парламент Башкы прокуратуранын Н.Төрөбековду депутаттык ыйгарым укугунан ажыратып, аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун четке какты.

Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн окуяга кыскача токтололу. Былтыр октябрда Башкы прокуратура Н.Төрөбековго “жогорку билим алгандыгы тууралуу жасалма диплом колдонгон” деген айып тагып, ага кылмыш ишин козголгон эле. Ачылган кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүгө алган депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаевдин билдиришинче, башкы көзөмөлдөөчү органдын таккан айыбы тастыкталган эмес. Ал эми Башкы прокурордун 1-орунбасары Темирбек Бекмаматовдун айтымында, дипломдун жасалма экенин тастыктаган кыйыр далилдер бар экенин маалымдады.

Жогорку Кеңештин мындай чечим чыгарары мурдатан белгилүү болчу. Жогорку окуу жайын 13 жыл дегенде аяктап, болгондо да сырттан окуу бөлүмүн аяктаган Нурлан мырзанын диплому жасалма экени мурдатан айтылып келген. Ал дал ушул дипломунун арты менен жогорку мамлекеттик чин алган, ал үчүн, айына 15 миң сомдон кошумча акча төлөнүптүр. «Ата журтчу» Курмантай Абдиев Башкы прокуратуранын дал ушул болбогон 15 миң сом үчүн кылмыш ишин козгогонун уят катары баалады. А 15 миң сом – 20 адамдын минималдык социалдык жөлөк пулу болуп саналат. Ошондо кимдин бети кызарыш керек болот? Албетте кесиптешин коргогон депутаттардын…

добуш

Айбат гезити №113



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru