Айбат » Чынара Эсенгул: “Оппозициячылдардын АКШга жөн гана консультация алганы кеткенинен күмөнүм бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Чынара Эсенгул: “Оппозициячылдардын АКШга жөн гана консультация алганы кеткенинен күмөнүм бар”

Чынара Эсенгул- «Дело №» гезити бийликке таарынган кыргыз оппозиционерлери Кыргызстанга Украинанын «майданын» алып келүүнү максат кылганын жазып чыкты. Гезиттин берген маалыматы боюнча өткөн жылдын акыркы айынын 20-сында борбор шаарыбыздагы кафелердин биринде Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Уран Ботобеков, Бектур Асановдор жолугушуп, жаз айларында бүтүндөй республика боюнча массалык нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландаштырган экен. Буга кандай көз караштасыз?

– Бул эми менимче божомолдоо болсо керек. Эгерде алар жөн гана тынчтык акцияларын өткөрүүнү пландаштырышкан болсо, анда жакшы. Эгерде революциялык кырдаалга алып бара турган агрессивдүү, күч колдонулуучу акцияларды өткөрүүнү пландаштырышкан болсо, анда кооптуу. Негизи тынчтык митингдердин болуп турганы деле жакшы. Себеби бийликтин асманга учуп кетпей, жерде эле басып жүрүүсүнө себеп болуп турат. Бирок, оппозициянын план «Бсы» бар болсо, анда ага терс баа берем. Анда алар мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобогон, бийликти гана самап-көксөгөн жигиттер болуп калат.

- «Дело №» гезитинин жазганына караганда март-апрель айларында чет өлкөлөрдө жүргөн Мырзакматов, Келдибеков жана Садыр Жапаровдор бир убакта келишип, ар кимиси өз тарапташтарын алып чыгышы күтүлөт экен. Алардын кезектеги революцияны жасоо ыкмасы Украинанын «майдан» сценарийи боюнча жүргүзүлүп, борбордук аянтка боз үйлөрдү тигип, автоунааларды өрттөп, милиция кызматкерлерине бөтөлкөгө куюлган күйүүчү майларды ыргытуу менен жасалары айтылат. Буга элибиздин реакциясы кандай болушу мүмкүн?

– Албетте, биринчи кезекте Украина «майданынын» бизде кайталанышынан Кудай сактасын. Экинчиден, азыркы тапта жаз айларында күн жылуу болуп калса деле элди көчөгө алып чыгуу кыйын. Эл жөн эле чыга бербейт. Себеби революцияларды башынан өткөрдү. Бирок, элди акча менен алып чыгууга мүмкүн. Ал үчүн чоң каражат керек. Себеби бизде азыр саясый маданиятыбыз бир аз төмөн болуп атат. Анча-мынча кыйналып турган адамдар акча берип койсо эле көчөгө чыгып алышууда. Мына ушундай кырдаалдан пайдаланып калууну көздөгөн сырткы күчтөр да бар. Кыргызстанда стабилдүүлүктүн орнобошуна кызыкдар болуп тургандар бар. Андыктан азыр финансы каражзаттары кайдан келип жатканын көзөмөлгө алып туруу зарыл.

- Элди акча менен алып чыкса болот деп атасыз. Жакында эле оппозиция өкүлдөрүнүн жоон тобу АКШга сапар алышты. Алар жогоруда айтып өткөн пландарын жүзөггө ашыруу үчүн акча тапканы кетишкен жокпу?

– Өмүрбек Абдрахмановдун расмий билдирген сөзүнө карасак, алар акча алганы эмес, консультация алганы кетишти. Ошондой эле болсун деп тилейм. Бирок, алар кандай консультация алуулары мүмкүн? Эгерде ал жактан келгенден кийин ар кандай башаламандыктарды жасагандан көрө, экономиканын модернизациясы мындай экен, саясый модернизация мындай экен деп айтып турушса туура эле кабыл алмакпыз. Бирок, менин алардын жөн гана консультация алганы кеткендеринен күмөнүм бар. Алар саясый технологияны үйрөнүү үчүн кетишти го деп ойлойм. Айтор алар азыр кызык тактикаларды жасап атышат. Эгерде алар келгенден кийин өлкөбүздө башкача кырдаалдар түзүлө баштаса, шамал кайдан согуп жатканын билип калабыз. Азыр Украинадагы абалдын кандай болуп атканын көрүп атабыз. Андай кырдаалды кыргыздын бир дагы кыз-жигити каалабаса керек.

-  Алар эгерде борбордук бийликти ала албай калышса, Мырзакматов Ош шаарындагы бийликти колго алып, өзүн кайрадан «хан» көтөрөөрүн билдириптир. Бул аракет өлкө бүтүндүгүнө доо кетирбейби?

– Албетте доо кетирет. Негизи жердешчилик, тууганчылык деген нерсе бар. Бирок, аны саясый максатта колдонуу туура эмес. Бул примитивдүү логика. Андайды колдонгондорду кыргыз элинин душмандары деп айтсак да болот. Стабилдүүлүк болсо өнүгүү болорун коңшулар мамлекеттердин тажрыйбасынан деле көрүп атабыз. Мисалы Казакстан. Бизде азыр бийликке келүү үчүн шайлоого катышып, эл ишенимине кирип келсе да болот. Мурдагыдай авторитардык бийлик жок.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №113



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru