Айбат » Аппалузанын “ата-теги” Кыргызстандан табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аппалузанын “ата-теги” Кыргызстандан табылды

Жаңы Зеландиялык жылкычы айым Америкадагы атактуу аппалуза аттарынын түпкү теги Кыргызстандагы кадимки чаар жылкылар экенин аныктап чыкты.

05

69 жаштагы Скотт Ингстром соңку 12 жылда алгач ирет атка минип, дүйнөнүн эң бийик тоолорунан жүрүп, аппалуза жылкылары Түндүк Америкага Европадан эмес, Беринг кысыгы аркылуу Азиядан келгенин генетикалык анализдер аркылуу далилдеди. Скотт кыргыздын чаар аттарын кандайча билип, аны кантип издеп тапканы тууралуу тележурналист Конор Вудман “Сырдуу тулпар: Аппаллузанын тек-жайын териштирүү” аттуу атайын документалдык тасма тартып, ал Улуу Британияда обого чыкты. Биз тасмада Скотт менен Конорго кол кабыш кылган кыргызстандык жылкы багуучу, “Кыргыз-Азия” компаниясынын жетекчиси Мунарбек Кулданбаевди кепке тарттык.

01

Кубат Касымбеков: Аппалуза аттары менен кыргыздын чаар аттарынын тамырын байланыштырган окуяга кандайча катышып, күбө болуп калдыңыз?

Мунарбек Кулданбаев: 2008-жылы Конор Вудман “Дүйнөнүн чар тарабындагы 80 соода” аттуу программасынын бир сериясын Кыргызстанда тарткан. Тасманын алкагында токтогулдук досум экөөбүздүн жылкыларыбызды Конорго сатканбыз. Конор болсо ал жылкыларды Өзгөн шаарындагы мал базарда саткан. Ал фильмдин максаты таптакыр башка болчу. Жылкы эмес соода-сатык жөнүндө эле. Биз саткан жылкылардын арасында Мартин аттуу чаар ат бар болчу. Ал эми Скотт деген айымды мен да, Конор да таанычу эмес. Бир жылдан кийин баягы тасма дүйнөдөгү телеканалдардан көрсөтүлүп баштаганда, Скотт айым Мартинди көрүп: “Ошол атты тапсак болобу? Анткени ал Америкадагы белгилүү аппалуза аттарына окшош экен”,-деп авторго кат жөнөтөт.

Анан Конор мени менен байланышып, ал атты табуу мүмкүнчүлүгүн сураптыр. Чынын айтканда, ал кезде чаар аттын сапаттарын деле билчү эмесмин. Скоттун катын катардагы кат деп ойлоп, билбейм деп жооп бергем. Көп өтпөй Конор кайра чалып, Скоттун кайра кайра кат жөнөткөнүн, атты таппасак болбостугун айтты. Андан кийин аппалуза аттары тууралуу интернеттен маалымат караштырып, ага кызыгып калдым. Конор да кызыгып, натыйжада бул изилдөө башталды.

02

Кубат Касымбеков: Ошол изилдөөнүн жыйынтыгында жана Би-Би-Синин англис телеканалында көрсөтүлгөн тасмада Америкадагы аппалуза жылкылары Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан келгени аныкталып жатат. Сиз аттарды асыраган адам катары айтсаңыз, бул маалыматтын Кыргызстан, кыргыздар жана кыргыз аттары үчүн кандай мааниси бар?

Мунарбек Кулданбаев: Мааниси чоң жана ар тараптуу. Кыргыздар ат жалында өскөн деп айтканыбыз менен өзүбүздүн колубуздагы жылкылардын баркын билбей, жоготуп жатабыз. Мисалы, арабдардын “араб жылкысы”, түркмөндөрдүн “ахалтеке” жылкысы сыяктуу, айрым улуттар өз жылкылары менен сыймыктанып, аларды коргоп, санын көбөйтүп келишет.

Биз болсо тескерисинче чет жактан ар кандай жылкыларды алып келип, башаламан аргындаштырып жатабыз. Аттарыбызды чоң бойлуу кылгыбыз келет. Мен муну өтө жаман көрүнүш деп эсептейм. Он жылдан кийин кыргыздар араб же англис жылкыларын үйүрлөп айдап калабызбы? Өзүбүздүн жылкыбызды жоготуп, өзгөлөрдүн жылкысын багып калабызбы?

Муну айтканым менен, бөлөк жылкыларга каршы эмесмин. Ар кайсы жылкылар өзүнүн ар түрдүү сапаттары менен жакшы. Бирок алар өз жерлеринин шартына ылайыкташкан. Мисалы, англис жылкысы Кыргызстандын тоолуу шарттарында жашай албайт.

Азыр бизге эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. Анткени дүйнөдөгү эң популярдуу аппалуза жылкыларынын ата-теги биздин чаар жылкылар. Алар кыргыз элинин тарыхы менен терең байланышкан. Арабдар өз жылкылары менен кандай сыймыктанышса, биз да өзүбүздүн чаар жылкыларыбыз менен ошондой сыймыктанып, канын сактап, көбөйтүп калсак болот. Боз үй, калпак сыяктуу эле ушул жылкыны да кыргыздын символу катары туу тутуп алышыбыз керек.

03

Кубат Касымбеков: Чаар жылкылардын башкалардан өзгөчөлөнгөн кандай касиети бар?

Мунарбек Кулданбаев: Биринчиден, өңү-түсү абдан кооз. Адам бир көргөндө эле жактырып калат. Эң башкысы, бул жылкы өтө чыдамдуу келет. Татаал шарттарда, Кыргызстандын тоолуу шартында, ысык-суукка карабай өзүнүн жанын багып кетет. Алыс жолдо, өйдө-төмөн жүргөндө өзүн жакшы алып жүрөт. Ат минген адам мени түшүнөт болушу керек. Англис аты жарым сааттан кийин эле чабандестин ичин оорутуп коет. Чаар жылкынын басыгы болсо өтө жеңил жана ылдам.

Мындан тышкары бул жылкы өзүнө көп комфорт талап кылбайт. Кедей чөп менен эле жанын багып, карышкыр, чөөлөр эле жеп кетпесе эле ызгардуу суукта да карды тээп жашап кетет.

04

Кубат Касымбеков: Чаар аттар эзелтеден эле кыргыздардыкы болгон деген кандай далилдер бар?

Мунарбек Кулданбаев: 2008-жылы изилдөөлөрдү баштагандан бери көптөгөн жылкычылар менен, эски кишилер менен да көп сүйлөштүм. Ыраматчылык манасчы Уркаш Мамбеталиев менен да баарлашып калдым. “Манас” эпосунда Манас 12 жашында тору чаарды минген деп айтылат экен. Кыргыздардын Алтайда жашаган убактарын алып көрсөк, кыргыздар чаар аттар менен Орто Азияга түшүп келгени тууралуу маалыматтар Кытайдын тарыхында да чагылдырылган. Фильмдин алкагында бул жоромолду генетикалык изилдөөлөр менен да бекемдедик.

06

Кубат Касымбеков: Мына ошол документалдык тасмада Жаңы Зеландияда жылкы баккан Скотт айым аппалуза аттарынын түпкү теги Азияга, Кыргызстанга барып такалаарына ишенди. Бирок аппалуза аттары Испаниядан чыкканы айтылып келет эмеспи. Сиздердин соңку табылгаңыздарга дүйнөдөгү башка аппалуза аттарын багуучулары ынанабы?

Мунарбек Кулданбаев: Бардык далилдер эле айтып турат. Ишенишет. Туура, каршылаштар чыкканы чын. Себеби Кыргызстандагы чаар аттарды эске албаганда, дүйнөдө таза кандуу аппалуза аттарынын саны 150гө жетпейт. Бирөө жарымдын бизнесине залакасы тийип калышы мүмкүн. Бирок жалпысынан алганда каршылаштарга караганда жактоочуларыбыз аябай эле көп. Муну Би-Би-Сиде болгон фильмдин премьерасынан кийин көрдүк. Бул биз үчүн далил.

07

Кубат Касымбеков: Тасманы көрүп отурсам, Кыргызстанда чаар жылкыларды табуу, башкача айтканда аппалуза аттарынын түпкү тегин аныктоо иши көп кыйынчылыктар менен коштолуптур. Мартин аттуу чаар ат бир колдон экинчи колго өтүп кетип, табылбай калган экен. Акыры Кыргызстандын Кытай менен чек арасына жакын жайлоосунан андай жылкыларды таптыңыздар. Сиз чаар аттар табыларына, коюлган максат ишке ашаарына алгач ишендиңиз беле?

Мунарбек Кулданбаев: Мен алгач ишенген эмесмин. Бирок Конор экөөбүз изилдеп баштаганда, эл менен сүйлөшө баштаганда ишеним пайда болду. Анын үстүнө менин ишим туризмге байланыштуу болгондуктан, ары-бери көп каттап, мындай жылкыларды көрө баштадым. Айта кетиш керек, Кыргызстанда чаар жылкыларды атайын баккан жер жок экен. Ар кайсы үйүрдө бирден-экиден болуп, аралашып багылып келатыптыр.

Кубат Касымбеков: Тасмада сиз бул жылкыларды багып өстүрүүгө бел байлаганыңыз айтылат?

Мунарбек Кулданбаев: Мен аракет кылып жатам. Бирок жалгыз дарак токой болбойт дегендей, бул ишке жапа тырмак киришсек, “кыргыздын чаар жылкысы” деп туу көтөрүп жүрсөк, жакшы болоор эле.

Кубат Касымбеков: Скотт айым дал ушул чаар жылкыларды алып келип, аппалуза аттары менен аргындаштырам деген ниетин билдирди эле. Ал ниети ишке аштыбы?

Мунарбек Кулданбаев: Скотт аябай эле аракет кылып жатат. Бирок биздин алдыбызда чоң маселе турат. Себеби биздин мамлекеттин ветеринардык сертификаттары чет өлкөдө жарабайт экен. Башкача айтканда, чет өлкөлүк ветеринардык кызматтар биздин сертификаттарды тааныбайт экен. Ошол себептен бул долбоор азыр токтоп турат.

Фото: Макалада колдонулган сүрөттөр Мунарбек Кулданбаевдин жеке архивинен алынды. Алардын арасында “Сырдуу тулпар: Аппалузанын тек-жайын териштирүү” тасмасынан да сүрөттөр бар.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru