Айбат » Зияш Бектенов котормочу, белгилүү тилчи, окумуштуу – Кыйын мезгилдин кайран окумуштуусу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Зияш Бектенов котормочу, белгилүү тилчи, окумуштуу – Кыйын мезгилдин кайран окумуштуусу

Зияш БектеновМен жашымдан досу болдум эмгектин,
Эмгек,  менен дайым чеке тердеттим.
Эмгек, кайрат байлабаса белимди,
Эбак тоңуп, мен ачкадан өлмөкмүн.
Кайрат жокто сездим иштин оңбосун,

Кайда жүрсөм-кайрат болду жолдошум- деген ыр  саптарды кимдер гана билбейт.  Тил илими, кыргыз адабиятынын өнүгүшү үчүн өзүнүн кырчындай өмүрүн арнап, келечек ээлери үчүн кыргыз маданиятын, үрп-адат, каада-салтын, тил көрөңгөсүн толуктап, сактап калууга күчүн аябай, ак кызматын кылган окумуштуу Зияш Бектенов. Бүгүн силердин назарыңыздаргы Зияш Бектенов агайыбыздын басып өткөн өмүрү жөнүндө баяндамакчыбыз.

1933-жылы Т.Байжиев менен тең авторлукта биринчи жолу 3-4-класстар үчүн кыргыз тили окуу китебин чыгарышкан, 1949-ж. кыргыз адабияты боюча биринчи окуулуктун автору болгон (Т. Байжиев авторлош). “Кыргыз адабияты. Орто мектептин 8-классы үчүн хрестоматия  –  окуу китеби” деп аталган бул саамалык кыргыз педагогика, методикасы багытындагы гана эмес, адабияты менен маданиятындагы зор жаңылык болгон. Кыргыз окуулуктарына эң алгачкы жолу Енисей-Орхон жазуулары кыргыздыкы экендиги туурасында кабарланып, анын тили, стили, тарыхы туурасында кеп салынган. Октябрь рев-на чейинки фольклор терең талдоого алынган. Окуулукка камтылган  үлгүлүү  тексттер  көркөм чыгарманын ордуна сүйө окулуп, көптөгөн жаш-карыга рухий кубат берип, зор тарбиялык мааниге ээ болгон. “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” (1992) китебинде өз замандаштары кыргыз адабияты, маданияты илиминдеги И. Арабаев, К. Тыныстанов, С. Карачев, К. К. Юдахин,  Б. Данияров, М. Элебаев, У. Абдукаимов, Т. Жолдошев, С. Каралаев, М. Ауэзов, В. М. Жирмунский ж. б. залкарлардын кийинкилер жакшы биле бербеген адамдык сапаттарын, ил. көркөм багыттагы эмгектерин жеткире жазган.

З.Бектенов А.Н.Островскийдин, Н.В.Гогольдун, К.Гольдонинин, Д.Фонвизиндин, А.М.Горькийдин, А.А.Фадеевдин, Н.Хикметтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. З.Бектенов көп жылдар бою “Манас” эпосун изилдеген. Анын эмгектери «Маданий майдан», «Ала-Тоо» журналдарында жарык көргөн. 1986-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1949-жылы З.Бектенов негизсиз репрессияга туш болуп 10 жылга соттолуп, эркинен ажыратылган. 1955-жылы толугу менен акталып бошо-тулган жана бардык граждандык укуктары калыбына келтирилген.

 

Сыйлык

З.Бектеновдун кыргыз элине кылган эмгеги эгемендик алганга чейин такыр бааланбай келген. Бааланмак турсун, азыр биз мактап, даңктап жаткан И.Раззаков такыр ишке алдырбай койгон. «Ачуу-таттуу» китебиндеги ырларында автор бул жөнүндө кеңири кеп кылат. Зияш агайдын өмүрүнүн акырында эки көзү таптакыр көрбөй калган. Айласы жок, эс алууга чыгууга туура келген. Ал жөнүндө өзү мындай эскерген: «1991-жылы жашым эчак өтүп кетсе дагы пенсияга чыгайын деп (сексенге чыкканда-А.К.) КМУнун ректору Үсөн Асановго барсам: «Эмне сыйлыктарыңыз, наамдарыңыз бар?» дейт. Бир барак мактоо баракчасы да жок, ал тургай оозеки алкыш дагы ала албадым десем, таң калды. Сиздей эмгеги сиңген баштоочу окумуштууларга чын эле сыртыбызды салган экенбиз. Мен жогорку бийликтеги жетекчилерге бир наам берүү жөнүндө сунуш менен чыгам деди. Эгерде куру доомат менен камалбаганыбызда, илимий китеп жазып жүргөн окумуштуулар Академия ачылганда эле академик болуп өтмөкпүз». «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей аз да болсо эмгеги бааланып, сексен жаш курагында КМУнун Окумуштуулар кеңешинин атайын чечими менен «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылып, № 1 диплому тапшырылган, мындан сырткары, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам ыйгарылган. Андан башка «Кыргыз тили» коомунун академик Б.М.Юнусалиев атындагы сыйлыгы 1993-1994-жылдарда кыргыз тилин илимий жактан өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, эл арасында кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик тил мыйзамын жүзөгө ашырууда зор уюштуруучулук иштерди жүргүзгөндүгү үчүн ыйгарылган.

«1941-1945-жж. Германия менен болгон согуштагы жеңиши үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги.

 

Акыркы дем

Зияш агай өмүрүнүн акырында өзүнүн жеке тагдыры боюнча каңырыгы түтөп, төмөнкүдөй сөздөрдү айткан экен: «Мен жараткандан эмнеден жаздым?! Өмүр бою куугунтукта болдум. Сибирдеги жабык лагердин тозогу, кыйноо- кыстоосун да көрдүм. Узак жылдары кызматсыз «үй түрмөсүнүн» зарыктырган ачуу тузун да таттым. Адилеттик болуп, эми көрүп билгенимди жаңыдан кызуу жаза баштаганымда минтип эки көзүмдөн айрылып карайлап калдым. Өмүрлүк жарым Ракышымдан да айрылдым. Же көзүм соо, же балдарымдын энеси аман болсочу! Жараткандын мага карата кылган кандай таш боордугу!» Тагдыры ушундай аянычтуу жана татаал болгон тилчи-окумуштуу Зияш Бектенов 1994- жылы дүйнөдөн кайткан.

 

Зияш Бектеновдун негизги эмгектери:

• Эне тили: 3-класс үчүн (Т.Байжиев менен) – Ф.: Кырмамбас, 1933.

• Кыргыз тили: 4-класс үчүн (Т.Байжиев менен) – Ф.: Кырмамбас, 1933.

• Кыргыз орфографиялык сөздүгү (Т.Байжиев, К.Карасаев менен) – Ф.: Кырмамбас, 1938.

• Биздин адабият: Хрестоматия (Т.Байжиев менен) – Ф.: Кырмамбас, 1946.

• Кыргыз адабияты: Фольклор (Т.Байжиев менен) – Ф.: Кырмамбас, 1949.

• Киргизский язык: Учебник для 3 класса русской школы (М.Жаңыбаев менен) – Ф.: Кырмамбас, 1959.

• Киргизский язык: Учебник дня 4 класса русской школы – Ф.: Кырмамбас, 1959.

• Биздин адабият: 5-класс үчүн (авторлор менен) – Ф.: Мектеп, 1963.

• Биздин адабият: 4-класс үчүн (авторлор менен) – Ф.: Мектеп, 1969.

• Эне тил: 3-класс үчүн (авторлор менен) – Ф.: Мектеп, 1970.

 

Манастаануу

• «Манас» эпосунун прозалык сюжети – Ф.: Кьфмамбас, 1940.

• Жакыптын түшү, Манастын төрөлүшү // Маданий майдан.-1940.-№12.

• Манастын балалык чаты // Маданий майдан -1941.-№1.

• Саякбай «Калевала» жеринде // Ала-Тоо. – 1979. -№8.

 

Котормолор

• Гольдони К. Эки мырзанын малайы. – Ф.: Кырмамбас, 1940.

• Фадеев А. Талкалоо. – Ф.: Кырмамбас, 1957.

• Соболев Л. Жашыл нур. – Ф.: Кыргызокуу-педмамбас, 1958.

• Островский H. Добул. – Ф.: Кыргызокуупед-мамбас, 1959.

• Макаренко А. Педагогикалык поэма. – Ф.: Кыргыз-окуупедмамбас, 1959.

• Гоголь Н. Тандалмалар. I том. – Ф.: Кырмамбас, 1960.

• Ибрагимов Г. Терең тамырлар. – Ф.: Кырмамбас, 1963.

• Хикмет Н. Унутулгандар. – Ф.: Кырмамбас, 1970.

• Фонвизин И. Кемпай. – Ф.: Кырмамбас, 1977.

• Штейн А. Нөшөрлөр ортосунда. – Ф.: Мектеп, 1979.

• Украин эл жомоктору. – Ф.: Мектеп, 1986.

• Шоу Б. Пигмалион. – Ф.: Мектеп, 1993.

Эскерүүлөр, башка басылмалар

• Эне тилден гүлдесте: Ырлар, макалдар, табышмактар. – Б.: Адабият, 1990.

• Замандаштарым жөнүндө эскерүү. 1-бөл. – Б., 1992; 2-бөл.-1996.

• Ачуу-таттуу аралаш: Ырлар жана жолдоштук азилдер. -Б.: 1993.

 

Кыскача өмүр жолу

Зияш Бектенов 1911-жылы 29-октябрда Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

1925-жылы өз айылындагы башталгыч мектепти, 1930-жылы Фрунзедеги педтехникумду, 1940-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1930-жылы Сүлүктү шаарында райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган.

1931-1932-жж. Борбордук басма комитетинин Президиумуна караштуу СССР элдеринин борбордук басмасынын Кыргыз секциясынын жооптуу катчысынын орунбасары, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окутуучу,

1932-1934-жж. Кыргызмамбаста окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы,

1940-1942-жж. Пржевальскидеги мугалимдер институтунда директордун орунбасары болуп иштеген.

1942-1946-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1946-жылдан СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын тил адабият институтунда фольклор жана «Манас» эпосу секторунун башчысы жана кенже илимий кызматкер,

1956-1961-жж. «Мектеп», «Кыргызстан» басмаларында жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында иштейт.

Ал эми 1961-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун ыкмалары кафедрасында ага окутуучу жана доцент болгон.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №113




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru